Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

"Качайын десем аябай сабап, иттери менен коркутушту"


Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына караганда, Кыргызстандан жылына беш миңдей адам кулчулукка кабылат.
Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына караганда, Кыргызстандан жылына беш миңдей адам кулчулукка кабылат.

Мыйзамсыз миграциянын айынан кылмыштуу топтордун торуна түшүп, кулчулукка кабылып жаткан жарандарыбыз жүздөп саналат.

Мына ушундай жол менен Түркияга иштейм деп барып, сексуалдык кулчулукка кабылган Роза атуу айым "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүгө макул болду.(Каармандын суранычы боюнча анын аты өзгөртүлдү).


- Өзүм 23төмүн. Шаарга айыл жеринен келген болчумун. Мектепти бүткөндө окууга тапшырып өтпөй калдым. Анан Бишкекте Кызыл-Аскерде батир жалдап, бир тигүү цехинде топчу тигип, кийим үтүктөп иштей баштадым. Биз үч кыз болуп жашачубуз. Өзүбүз көп эле бир тууганбыз, мен үйдө улуусу болгондуктан, анча-мынча акча салып турчумун, миң, эки миң сом...

- Менин угушумча, сизди өзүңүз тааныган эле адам Түркияга алып барып, ушул жолго түрткөн экен. Сиз аны менен кантип таанышып калдыңыз эле?

- Биз жашаган үйдүн маңдайындагы үйдө бизден улуурак, отуз жаштардагы кыз турчу. Атын Назира деп койоюнчу. Биз аны эже дечүбүз. Биз менен жакшы мамиледе болуп, майрамдарда чогуу отуруп калчубуз. Үйгө кирип-чыгып, бирдемке сурап дегендей... Ал бул менин үйүм, сатып алгам дечү. Жакшы машинасы да бар болчу. Өзү бир жактарга барып, келип калчу. Кызыгып деле сурачу эмеспиз, каякка барып, эмне иш кылганын. Бир жолу өзү “Түркияда “Народный” сыяктуу дүкөндө администратор болуп иштейм. Айлыгым 3 миң доллар”, - деп айтып калды. Анан бизди да Түркияга барып, ошол дүкөнгө сатуучу болуп иштөөнү сунуш кылып калды...

- Анан ошол сөзгө ишенип жол тарттыңызбы?

- Үч миң доллар деген ал убакта укмуш көп акча эле да, элестетип көргүлө. Мен алты миң сом айлыкка сүйүнүп жүрчүмүн. Өзүмүн тамак-ашыман ашса үйгө ата-энеме миң, эки миң жөнөтүп койчумун. Мени менен иштеген кыздар ата-энеси жибербей коюп барышкан жок, өздөрү да көңүлдөнгөн жок. Ал эже мага эки айдай айтып жүрдү. Ал мага "айлыгыңар 1,5 миң доллар болот, кээде өз товарыңарды деле кошуп сата коёсуңар, ошентип 3 миңдей болуп калат айына", - деп айтканынан кызыгып калдым. Ошентип акчасына азгырылып, макул болдум. Менин документтерими деле өзү бүтүрөм деди. Виза деген эмне экенин сыртка чыкпагандан кийин билчү деле эмесмин, ишим деле жок болчу. Алардын баарын өзү бүтүрдү.

- Кетип атканда ата-эне, үйдөгүлөргө айтып, кабар берип кеттиңиз беле?

- Ата-энеме Казакстанга жолдош кыздар менен барып иштеп келем, айлыктары да жакшы экен деп айттым. Алар деле бат эле көнүштү. Ошентип азгырылып Түркияга кеттим. Биз караңгыда бардык. Бир кеңсеге алып барып, "сүйлөшүп чыга койоюн", - деди мени алып барган Назира эже. Анда деле эч жаман ойлогон жокмун.

Ал мага келишим түзүп чыгаарын айтып, мени тааныштырды. Камал деген түрк киши экен. Экөө бирдемелерди сүйлөштү. Мага кагаз беришти, кол кой деп. Бул эмне десем “сен сатуучу болуп орношуп атасың, товарлар жоголбойт деп кол коюп беришиң керек”, - дешти. Мен кол коюп бердим.

Анан Назира эже: "паспортуңу бер, мен катоодон өткөрүп келейин, болбосо милициялар көрүп калса депортация кылып жиберет", - деди. Ошентип паспортуму алып коюшту. Анан Назира эже кеткенден кийин эле эки бала кирди, колу-бутуму байлап, көзүмү таңып үнүңү чыгарсаң өтүрөбүз дешти.

Алар бир үйгө алып барышты. Чоң үй экен эки кабат. Ал жакта дагы кыздар бар экен. Үйдө түркчө, кыргызча кошуп сүйлөгөн аял бар экен.

Ал менин эмне иш кыларымды түшүндүрүп берди. “Качам десеңер өлтүрөбүз” деди. Короосунун дубалы үч метр бийик, иттери бар үй экен. Чыкканга мүмкүнчүлүк жок экен да. Кардарлар өздөрү келишет экен. Ал үйдө дагы эки кыргыз кыз бар экен. Алар да ушинтип келишиптир.

- Сизди алып барган Назира эжени ошол бойдон көргөн жоксузбу?

- Жок, ал ошол бойдон кетип калды. Кийин мен Кыргызстанга келгенден кийин издеп, таппай койдум. Көрсө ал жашап жаткан үйү өзүнүкү эмес эле жалдап алган үй экен.

Мени алып кеткенден кийин эле ал дагы жок болуптур да. Мен май айында кеткем, октябрда келдим.

Бир жолу качам десем Түркияда аябай сабашты, иттерин алып келип коркутушту. Башым чайкалып калды окшойт, эсим ооп жыгылыптырмын. Ошондон кийин качканды да токтоттум.

- Анан кайра кантип келип калдыңыз Кыргызстанга?

- Мага келген кардарлардын бирине жардам сурап, кандай жол менен келип калганымы айттым. Түрк менен кыргыздын тили окшош го. Ал кардар менин айткандарымы кожоюнга айтып коюптур. Ошентип дагы бир жолу сабашты. Ошондон кийин бирөөдөн жардам сурагандан да коркуп калдым.

Октябрь айына жакындап калганда дагы бирөө келди. Чет өлкөлүк журналист окшойт. Ушул теманы изилдеп жүргөнбү, же жөн эле мага журналистмин деп койдубу, билбейм...

Менин коркуп атканымы көрүп, сурады. Ал келип эле сүйлөшүп кетип калчу. Анан ошого ишене баштадым. Болгонун айтып бердим.

Анан бир жолу полиция келип, ошол үйдү басып калды. Ал жакта да миграция боюнча уюм бар экен, эл аралык миграция уюму (МОМ). Бизди да кошо колубузду байлап, үйдүн кожоюндарын да алып кетишти. Эмне болгонун деле түшүнбөй калдык.

Бизди, кыздарды эл аралык уюмга алып барып, териштирип өздөрү бул жакка салып жиберишти. Өзбекстандан келген, Түркиянын өзүнөн кыздар болчу.

- Жаныңыздагы кыргыз кыздар менен чогуу келдиңизби?

- Аларды Ошко салып жиберишти. Мен бул жакта атайын программа бар экен, ошонун алкагында дарыландым бир ай.

- Сотко кайрылдыңызбы?

- Жок, сотко кайрылган деле жокмун. Кайрылганда мени суракка алат, туугандарды да чакырат. Эч ким билбей деле койсун деп ойлодум.



"Азаттык": Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, жылына Кыргызстандан беш миңдей адам кулчулукка кабылат.

Былтыр кулчулукка кабылган 143 адам эл аралык уюмдардын жардамы менен кутулуп келди.

Алар Түркиядан, Араб Эмираттарынан, Россиядан, Казакстандан алынып келинген. Бул тууралуу өткөн аптада Ысык-Көлдө ушул маселеге арналган форумда Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Айгүл Рыскулова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирген эле.

XS
SM
MD
LG