Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Жаштар партияларга куралбы?


Азаттыктын" студиясындагы "Арай көз чарай" талкуусу (Бурулкан Турдубек кызы - алып баруучу, Чынара Эсенгул - саясат таануучу, Жеңиш Молдокматов - саясатчы), 14.07.2017.
Азаттыктын" студиясындагы "Арай көз чарай" талкуусу (Бурулкан Турдубек кызы - алып баруучу, Чынара Эсенгул - саясат таануучу, Жеңиш Молдокматов - саясатчы), 14.07.2017.

Башкаруучу Социал-демократтар партиясындагы “жаштар канатынын” лидери деп саналып келген Ренат Самудиновго байланыштуу партиянын билдирүүсү жаштардын саясаттагы салмагы дегеле кандай деген суроону жаратты.

Акыркы жылдары активдүү саясий партиялардын далайынын “жаш канаттары” пайда болгону коомчулукка белгилүү. Андай болгондо саясатчы болом деген жаштардын саясий партиялардан күткөнү акталдыбы? Партиялар үчүн жаштар максатка жетүүнүн куралы бойдон калып жатабы? Эмне үчүн өңчөй жаштардан куралган саясий партиялардын катары өсүүдө? Жаштардын саясатта өнүгүүсүнө, жетилүүсүнө эмне тоскоол болуп жатат?

“Азаттык” ушул жана башка суроолорго “Арай көз чарай” талкуусу аркылуу жооп издеди. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев, “Замандаш” саясий партиясынын тең төрагасы Жеңиш Молдокматов, саясат таануучу Чынара Эсенгул катышты.

Искак Масалиев: “Жаштар канаты” деп саясий партиялар ички көз караштан айтып жатышат. Негизи саясий партия жаш курак эмес, идея, максаттар аркылуу биригет. Бизде “жаштар канаты” эмес,“Комсомол” деген жаштар уюму бар.

Жеңиш Молдокматов: КСДП кандай чечет, албетте, өзүнүн ички иши. Ага баа бере албайм. Бирок кайсы бир деңгээлде саясий партияларда жаштар канаты бар. “Замандаштан” болсо биз “жаш канат” дегенди алып салганбыз. Анткени эки жетекчи тең жаш, саясий кеңештеги 19 мүчөнүн он бири жаштар. Саясий айдыңда саясий жаштык билимине, топтогон саясий тажрыйбасына жараша аныкталат.

Чынара Эсенгул: Саясий процесстердеги жаштардын мүмкүнчүлүктөрү анча жакшы эмес. Жаштарды көбүнчө партиялар объект катары колдонушат. Бирок Улуттук cтратегия институтунда иштеп жүргөндөгү иликтөөлөргө караганда саясий маданиятка, саясий чечимдерди кабыл алууга үйрөткөн тренингдер бир дагы партияда жок экен. Ошондуктан бул жерде маселе терең. Жаштар эч качан биринчи орунда турбайт. Системага киргизилбейт.

Талкууну толугу менен бул жерден уксаныз болот.

Cаясий партиялардагы жаштардын ролу кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:21 0:00
Түз линк

Жаштар ызасын партия түзүүдөн чыгарып жатабы?

Жеңиш Молдокматов: Парламентаризмди сындыра турган, партиялык түзүмдөрдү буза турган бир коркунуч келатат. Бул регионалдык партиялардын пайда болушу. Регионалдык партияларды жаштар түзүп атат. Жаштар чоң саясий партиялардын ичинен өзүн таппай, же ал партияларга ишенбегендиктен, өзүбүздүн аймакта өзүбүз башкарабыз дегенге токтолууда. Жергиликтүү кеңештерде ошол аймактык жаштар партиялары мандат алып жатат. Мисалы, Таш-Көмүрдө, Нарында, Ысык-Көлдө “Табылга”, “Мекеним Кыргызстан” сыяктуу партиялар чоң шаарларда үчүнчү, төртүнчү орундарды башкага берген жок.

Демек, бара-бара жалаң жаштардан түзүлгөн партиялар да кооптуулукту жаратат. Багыттай турган тажрыйбалуу адамдар да керек. Жаштыкка алдырып коюшу мүмкүн. Саясий партиялардын идеологиясы керек. Ошондо жашы да, карысы да биригет.

Искак Масалиев: Ар бир жаштар партиясынын артында аксакалдар эле турат. Өңчөй жаштар партия түзө алышпайт, анткени, тажрыйба топтогуча эле жаш өтүп кетет. Албетте, жаштар саясатка аралашуусу керек, бирок агалары кетирген каталарды кетирбесе, бир партиядан экинчи партияга секирбесе деген каалоом бар. Түшүнбөй туруп чечим кабыл алуу жаштыкка таандык сапат. Бирок жаштардыкы деп аталган партиялардын артында улгайган эле адамдар турат.

Чынар Эсенгул: Биз өзүбүзгө өзүбүз каршы чыкпашыбыз керек. Жаштардын акча каражаты жок, тажрыйба топтой элек деп атабыз. Андай болсо аймактарда жаштар кантип шайлоодо жеңип келип калышы мүмкүн? Чынында аты жаштар деген менен аркасында улуу муундун кызыкчылыгын коргогон башка күчтөр турат дегенге кошулам.

Ошол эле Грузиянын мисалын алып карасак, жаш саясатчылар улуу муунга жашсыңар, реформа жасагыла деп мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык билдирип келатышат. Бизде реформа керек экенин түшүнүп турсак да, ошону жасагысы келген жаштарга мүмкүнчүлүк бербей жатабыз. Улуу муун өздөрү жасаганга каалоосу да, мүмкүнчүлүгү да болбой жатат.

Кимиси болсо да түпкү максат мамлекетти өнүктүрүү да. Өнүктүрүү жолдорун билип, көзү жеткен - жаштар. Бирок алар аз, топтоло албай жатышат.

"Азаттык+": Саясаттагы жаштардын орду жана салмагы (7-апрель, 2017-жыл)

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG