Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Жаштар саясатта куралбы?


Бүгүнкү күндө жаштардын саясаттагы орду кандай? Саясий чечим кабыл алууга канчалык таасир тийгизе алышат?

Жаштар саясий күчтөргө куралы катары колдонулуп жүрөт деген сын пикир канчалык жөндүү? "Азаттык+" бул жолу жаштардын саясаттагы ордун жана келечегин талкууга алды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жаш депутат Жанар Акаев боюнча айтканы социалдык тармактарда кызуу талкууланды. Президенттин сөзүнөн кийин "саясатта жаштардын пикири эске алынбайт экен" дегендер арбын. Айрым активисттер жаштардын саясатты өзгөртүүгө болгон аракеттери улуу муундун бут тосуусуна кабылып жатканын айтышат.

Социал-демократтар партиясынын жаштар канатынын лидери Ренат Самудинов Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөн жыйынды сындап чыккан. Самудинов шаардык кеңешке боло турган шайлоо тизмесинде артка жылып кеткенине байланыштуу андан чыгып кеткен. Ал "партиянын ичиндеги кемчиликтерди ачык сындаганым үчүн тизмеде артка жылып калдым" дейт.

Теле алып баруучу болуп иштеп, таанылып калган Лунара Мамытова былтыркы шайлоо маалында “Бир бол” партиясынын жүзү болуп бергендердин бири. Бирок, ал жарым жылга жетпей мандатынан ажыраган. Депутаттыктан кетип жатканы тууралуу арызды “өз эрким боюнча жаздым” деп айтканы менен, арадан бир нече ай өткөндөн кийин ал депутаттык тагдырын партиянын саясий кеңеши эле чечип койгонун айтып берди.

Айрым серепчилердин пикиринде, бүгүнкү күнү саясий технологиялардын ролу күчөп, жаштарда саясий технологдордун куралы болуп калуу коркунучу бар. Бирок, жаштар менен улуу муундун саясаттагы орун алмашуусунда дайыма талаш-тартыш болуп келет. Партиялык түшүнүк жакшы калыптана элек өлкөлөрдө каражат маселеси көп нерсени чечип коюшу мүмкүн.

Жаштар саясатта куралбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:57 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG