Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Саясатка талпынган жаштардын кыялы


7-апрель, 2017-жыл (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
7-апрель, 2017-жыл (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Кыргыз эли баштан кечирген эки ыңкылап жаштардын саясатка аралашуусун күчөтүп, саясат айдыңына талпынган жаңы толкунду алып келди. Аянтка өзгөрүүлөрдү, өнүгүүнү эңсеп чыккан муундун максаты ишке аштыбы? Алар өнүккөн Кыргызстанды кандай элестетет?

Каргашалуу күнү борбордук аянтта калың журттун алдыңкы катарында жүргөн, кийин 7-апрелде жабыр тарткандар түзгөн “Айкөл-Алатоо” коомдук кыймылынын мүчөсү Жоомарт Дүйшөмбиев апаатта бутуна ок тийип, жараат алган. Ал апрель окуясындагы жаштардын ролуна токтолуп өттү:

- Элдик революцияда аянтка чыккандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөн. Алар үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Электр энергиясынын кымбатташы, жарыктын түнкү 12ден кийин өчүрүлүшү, мамлекеттик мүлктөрдүн сатылышы жаштардын кыжырын келтирген. Ушул өңдүү себептер кайдыгер эмес муунду борбордук аянтка жетелеп чыккан.

“Жаштар жана мамлекеттик саясат” долбоорунун алкагында өлкөдөгү жаштар саясаты жөнүндө изилдөө жүргүзүлгөн. Долбоордун өкүлү Бермет Алишер кызы изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, көпчүлүк саясий партиялардын жаштар канаты болгону менен партиялар келечектин кадрларын өстүрүүгө, жаш лидерлердин дараметин жогорулатууга кызыкдар деле эмес:

- Жогорку кызматтарга эски кадрлар эле келип жатат деп сындап келебиз. Мунун да жөнү бар. Анткени саясий партиялардын ичинде партиялык мектеп, жаштарды өстүрүү деген идеология жок. Алар жаштардын күчүн пайдаланганы менен башка убактарда иштебейт деле. Таарынып кетип калган, бир партиядан экинчисине өтө качкан жаштар ушундан улам пайда болуп жатат. Биз азыр жаңы муунду күтүп жатпайбызбы. 10-20 жылдан кийин мамлекеттик кызматтарга тааныш-билиш аркылуу же болбосо ичте таарынычы бар, ызалуу муун келиши мүмкүн. Бул кооптонууну жаратчу маселе.

“Демократ” партиясынын төрагасы Сейтек Качкынбаев саясатка аралашып жаткан жаштар "чү" дегенде эле жогорку кызматтарга ашыгарын белгилейт. Алгач жетишерлик тажрыйба топтоп, бир чөйрөнүн майын чыгарган адис болсо партия өзү эле издеп келет деген пикирде.

Саясаттагы жаштардын орду жана салмагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:58 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG