Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушуу учурунда билдирди. Кыргызстандын өкмөтү менен Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Элчинин жаңылыгы, үн катпаган Бишкек
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 9-февраль күнү АКШнын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни айымды кабыл алды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тараткан учкай маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда элчи Шейла Гуолтни Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташтык тууралуу жаңы макулдашууну иштеп чыгуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.
Өкмөт аппаратынан бул маалыматка жооп берүү озуйпасын Тышкы иштер министрлигине жүктөштү. Бирок аталган министрликтин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов башында маалыматты төгүндөгөн да, ырастаган да жок. Ал ошол эле кезде буга байланыштуу жооп жакын арада болорун айтып гана тим болду.
Анткен менен Кыргызстандагы АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Жон Браун кызматташтыкты калыбына келтирүү боюнча расмий Бишкек менен үзгүлтүксүз сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастады:
- Америка Кошмо Штаттары жана Кыргыз Республикасы эки тарапты кызыктырган суроолор боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүүдө. Биз Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өз ара кызматташуубузду бекемдөө максатында биргеликте иштешүүгө даярдыгын жогору баалайбыз. Биз эки элдин кызыкчылыктарына жооп берген ишеничтин, теңдиктин жана өз ара урматтоонун негизинде, бири-бирибиз менен болгон мамилени жакшыртуунун жолдорун табууга умтулабыз.
Былтыр кыргыз өкмөтү 1993-жылы Вашингтондо кол коюлган эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимди бир жактуу жокко чыгарган болчу. Буга Оштогу июнь коогасына айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго АКШ мамдепартаментинин сыйлык ыйгарганы себеп болгон.
Кызматташтыкты калыбына келтирүү зарылдыгы
Буга байланыштуу АКШнын ЮСАИД программасы аркылуу Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана маданий долбоорлорду каржылоо токтоп калган эле.
Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрага орун басары Абдувахап Нурбаев кызматташтыкты кайрадан калыбына келтирүүнү көздөгөн жаңы макулдашууну бекитүүнүн зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:
- Стратегиялык өнөктөшпүз деген өлкөлөрдө кризис болгондугуна байланыштуу биз дагы бир топ артка кетип калдык. Ошон үчүн көп вектордуу саясат жүргүзүп, кайсы жерде Кыргызстандын кызыкчылыгы болсо, биз ошолор менен мамиле кылышыбыз абзел. Мен дагы кечээ ошону окуп алып сүйүндүм. Буюрса, бул демилге ишке ашып калышы ажеп эмес. Азырынча бизге долбоор түшө элек. Ал алгач Тышкы иштер министрлигине келип, өкмөт жактырып, андан кийин парламенттин комитетинен талкуудан өткөн соң пленардык жыйынга коюлат. Өкмөт былтыр ал келишимди жокко чыгарып, бирок өзү мына ошол ишкердикке жана айыл чарбасын колдоого байланышкан долбоорлорду каржылай алган жок. Анан эми ошонун бардыгы токтоп калбадыбы. Эгерде жаңы макулдашуу бекитилсе, кайра мына ошол долбоорлор жандана баштайт эле.
Парламент спикери менен жолугушууда АКШ элчиси Шейла Гуолтни Кыргызстанга эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери жалпы жонунан 2 миллиард доллардан ашуун кайтарымсыз каржылык жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи. Элчи айым АКШнын Кыргызстан менен өз ара ишеним жана сый-урматка негизделген тыгыз мамилесин улантуу ниети бар экенин бышыктады. .
Ири долбоорлорго инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү
Парламенттин “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат, мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий Бишкек жаңы келишимди түзүүдө Вашингтонду ири инвестициялык долбоорлорго көндүрүүгө кызыкдар болууга тийиш экенин айтты:
- Кайсы мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кандай келишим түзбөйлү прагматикалык жол менен карасак жакшы болот эле. АКШ менен жаңы келишимдин долбооруна өзгөчө кылдаттык керек. Биздин дипломаттар долбоор иштелип чыгып жатканда экономикалык колдоо көрсөтүү жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында демилгелерди келишимге киргизип калууга аракет кылууга тийиш. Анан албетте, коопсуздук, демократияны жана башка багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселеси турат.
Буга чейин кыргыз өкмөтү ГЭСтерди куруу боюнча келишимди жокко чыгарган. Ага кризиске байланыштуу Орусиянын “Русгидро” компаниясынын бул долбоорду каржылай албай калганы себеп болгон эле. Ага чейин келишимге ылайык, Орусия Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушу үчүн 2 миллиард АКШ долларын бөлүүнү убада кылган. Бирок эки жылдан бери каржылоо иштери токтоп тургандыктан Кыргызстандын өкмөтү келишимди бир жактуу жокко чыгарып, ГЭСтердин курулушун жандантууга жаңы өнөктөштөрдү издей турганын жарыялаган болчу.