Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Өкмөттү ойлондурган азык-түлүк коопсуздугу


Бишкектеги базардан тартылган сүрөт. 15-март, 2020-жыл.
Бишкектеги базардан тартылган сүрөт. 15-март, 2020-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн өкмөт зарыл чараларды көрүп жатканын билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-мартта уюштурган брифингде өлкөдөгү азык-түлүк рыногундагы кызыл кулактыктын алдын алуу жана коомчулуктагы дүбөлөңгө жол бербөө үчүн өкмөт көрүп жаткан соңку чаралар тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчысы ун, нан, кумшекер, өсүмдүк майы баш болгон 11 түрдүү өнүмдүн баасын тескөө боюнча буйрук чыгарып, азык-түлүк баасын мамлекет тарабынан көзөмөлдөө чечими кабыл алынганын жарыялады.

Мухаммедкалый Абылгазиев буга өткөн аптанын соңунда соода жайларындагы дүрбөлөң себеп болгонун белгиледи:

«Кызыл кулактыкка жол бербешибиз керек. Ошондуктан коюлган чектен ашырып саттырбоо боюнча чаралар көрүлөт. Бүгүнкү күндөн баштап Монополияны жөнгө салуу боюнча агенттик ун менен нандын баасын аныктоо боюнча ишти бүтүрөт, чектөө киргизебиз. Ал кызмат ун жана нандын баасы аймактарда канча, Бишкекте канча болуш керек экенин аныктап чыгат. Элди дүрбөлөңгө салган аракеттерди токтотушубуз абзел. Ар бир жаран ун, нан, өсүмдүк майын өз баасы менен сатып алып, жашоосун улантууга шарт түзүп беребиз».

Базардагы дүрбөлөң ундун баасын көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00


Мурдагы финансы министри жана парламенттин экс-төрагасы Марат Султанов коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу улуттук экономикага сокку урушу мүмкүн экенин белгилейт.

«Рынокту кылдат кароо керек. Өкмөт бааларды көзөмөлдөө боюнча кандайдыр бир натыйжалуу чараларды алдын ала көрүшү абзел. Азыр көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз болушу мүмкүн. Экономикалык жактан азыр аракеттер жок. Себеби чек араларды ачып койсок, коронавирус кирип кетиши мүмкүн. Жаап койсок, товарлардын агымы токтоп, соода үзгүлтүккө учурап, экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бизде Кытай, Орусия, Казакстан сыяктуу үч негизги жана кошумча Өзбекстан менен Тажикстандан башка альтернативалуу рыноктор жок. Эми Казакстан чек арасын толук жапса, анда ал биздин экономикага чоң сокку урушу мүмкүн».

Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус илдетине байланыштуу өткөн аптанын соңунда Кыргызстандын базарларында ашыкча азык-түлүк сатып алып, камдангандар көбөйгөн. Буга байланыштуу ун, кумшекер, өсүмдүк майы сыяктуу азык-түлүк түрлөрү кымбаттаганы байкалган.

Кошумча азык-түлүккө 800 миллион бөлүндү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында азык-түлүктүн жетиштүү запасы бар экенин, буга кошумча Орусия менен Казакстандан дан жана дан азыктарын сатып алууга каражат бөлүнгөнүн белгиледи:

«Мен Казакстандын премьер-министри менен буга чейин эки жолу телефон аркылуу байланышканда жарандардын кыймыл-аракетине чектөө кирип, чек аралардагы текшерүү иштери күчөтүлө турганын сүйлөштүк. Бирок бизнеске, соода жүгүртүүгө эч кандай тоскоолдук болбошу керек деген пикирге келдик. Биз азыр ун, буудай жана башка азык-түлүк менен кошумча камсыздоого мамлекеттик казынадан 400 млн. сом бөлүп жатабыз. Ошондой эле эки мамлекеттик коммерциялык банк - РСК банк менен «Айыл банк» ар бири 200 миллион сомдон чыгарышат. Ошентип 800 миллион сом азыр кошумча ун жана буудай сатып алып келүүгө жумшалат. Мындан сырткары мамлекеттик материалдык резервдер боюнча фондубуздун кампаларында 60 миң тоннадан ашуун ун менен буудай сакталган».

Жалал-Абадда ун мурдагы баа менен сатыла баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:18 0:00


Талдоочу Мирсулжан Намазалиевдин айтымында, кызыл кулактык менен дүбөлөңдүн себептерин соодагерлерден эле издеп, буга чейин жетиштүү алдын алуу чараларын көрбөгөн өкмөттүн жоопкерчиликтен сырткары калганы туура эмес:

«Дүкөндөрдө, базарларда азык-түлүк сатып алууга адамдар узун кезекке туруп жатса, соодагерлерде азык-түлүктүн жетиштүү запасы болбосо эмне кылышсын? Албетте бул жагдайда баалар көтөрүлүп кетет да. Бул маселеде өкмөт ишкерлер менен соодагерлерди эле «бааны көтөрүп, кызыл кулактык кылды» деп айыптап жатышканы туура эмес. Себеби баалардын туруктуу болушу азык-түлүк запасынан көз каранды. Жетиштүү запас бар болсо, анда баалар жөндөн-жөн эле асмандап көтөрүлүп, эл арасында дүрбөлөң болушу кыйын. Бул жерде азык-түлүктүн чынында эле канчалык запасы бар экени маанилүү».

Ошол эле кезде өлкөнүн азык-түлүк запасынын анык көлөмү тууралуу маалыматтар мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналат. Бирок анын болжолдуу кору тууралуу маалыматтар буга чейин жарыяланып келген.

2008-жылы Кыргызстанда күндөлүк зарыл деп талап кылынган өнүмдөрдү кайсы бир мөөнөткө чейин жана белгилүү бир көлөмдө сактоону камсыздоо үчүн «Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган болчу. Ага ылайык, өлкөдө же анын кайсы бир аймагында өзгөчө абал түзүлсө, 90 күнгө чейин жете турган азык-түлүктүн 11 түрүн мамлекеттик материалдык резервдердин кампаларында сактоо тартиби бекитилген.

Өкмөт башчы коронавирус боюнча маалымат берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:13 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG