Бирок Ислам Республикасында кырдаал алда канча курч экени айтылууда. Кризис башталгандан бери парламент мүчөлөрү жана жергиликтүү аткаминерлер оорудан каза тапкандардын жана жугузуп алгандардын реалдуу сандарын айтса, режим тарабынан ал көрсөткүчтөр кыйла азайтылып айтылып келет.
Ошондой эле ооруканалардын кызматкерлерине маалымат каражаттарына коронавируска чалдыккандардын саны тууралуу айтууга тыюу салынганы тууралуу да кептер бар.
Бийлик күн сайын COVID-19 вирусу менен ооругандардын саны боюнча кабар берип, кризиске ыкчам реакция кылып жатканына калкты ишендиргенге аракет кылууда. Анткен менен ирандыктардын көпчүлүгү бийлик оору өлкөдө жайыла баштагандан бери чечкиндүү чара көрбөй койгонуна нааразы болуп турат.
Коронавирус миңдеген ирандыктардын катарында жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеинин кеңешчисинин да өмүрүн алды. Илдетти жугузуп алгандардын арасында 20дан ашуун парламент депутаты, мурдагы тышкы иштер министри, учурда Хаменеинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти да бар. Велаяти кесиби боюнча педиатр жана ал Тегерандагы Масиха Данешвари атындагы оорукананы жетектейт. Дал ошол жерде коронавируска чалдыккандар дарыланат.
Ооругандардын санынын азайтылып айтылышы
Иран алгач ирет СOVID-19 вирусунан каза болгон эки адам тууралуу 19-февралда билдирген. Маалыматтарга караганда коронавирус андан бир нече күн мурда жайыла баштаса да бийлик 21-февралда өтө турган парламенттик шайлоого эл келбей койбосун деген ой менен калкка илдет тууралуу эч нерсе айткан эмес.
Коомдук саламаттык боюнча белгилүү ирандык эксперт, Нью-Йорктогу Эл аралык саламаттык жана билим институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Камиар Алаинин айтымында, Ирандагы коронавирус жугузуп алгандардын саны расмий маалыматтардан беш эсе көп болушу мүмкүн.
Бир кезде Ирандагы ВИЧтин алдын алуу боюнча программаны ишке киргизүүгө көмөктөшкөн Алаи тыңчылык боюнча айыпталып, бир тууганы менен бирге түрмөгө камалып чыккан. Ал коронавируска чалдыккандардын азайтылып көрсөтүлүшүнүн себебин эки нерседен көрөт - Иран бийлигинин «мамлекеттик сыр» деген жүйө менен маалыматты ачыкка чыгарбай жатканы жана жугузуп алгандардын санын начар тактоо.
«Эгер силер сандарды карасаңар катталгандардын көбү ооруканага түшкөн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары да айтты. Ал эми коронавируска кабылгандардын 80% оорунун белгилери анча билинбейт, 15% гана ооруканага кайрылышат», - деди Алаи «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна берген комментарийинде.
Демек Иранда коронавирусту жугузуп алгандардын саны бийлик тараткан расмий маалыматта айтылгандай 14 миңге жакын адам эмес, 56 миңдей адам болушу мүмкүн. Бул учурда ал Кытайдан кийинки эле экинчи орунга чыкмак. Ал жакта өпкөнү сезгенткен илдетке кабылгандардын саны 80 минден ашты.
Сандардагы айырмачылыктар
8-мартта Иран мамлекеттик телеканалына байланышы бар сайттардын бириндеги маегинде коронавирустан күч алган Гилан провинциясынын Саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкери Мохаммад Хоссейн Горбани аймакта 200 киши илдеттен көз жумганын билдирген. Ошол эле күнү Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бүтүндөй өлкө боюнча өлгөндөрдүн саны 194 киши экенин гана айткан. Бул эки аткаминердин сөздөрү катуу талкууга алынган соң сайттын редакторлору Горбанинин айткандарында ката кеткенин билдирип, маалымат «Гиланда болгону 21 адам өлгөн» деп оңдолгон.
9-мартта Исфахан провинциясындагы Кашан шаарынын башчысы Алиреза Мортезай анын шаарында жана коңшу Аран Бигдол калаасында коронавирустан 88 адам каза таап, миңдей киши ооруну жугузуп алганын билдирген.
Ошол эле күнү Саламаттык сактоо министрлиги Исфахан провинциясында COVID-19 вирусуна 601 киши эле кабылганын, ал эми жалпы өлкө боюнча өлгөндөрдүн саны 237 экенин кабарлаган.
Мурдараак, 24-февралда депутат Кума Ахмад Амирабади-Фарахани шииттердин ыйык деп эсептелген шаарында бул оорудан 50 киши мерт болгонун, бул өлкө боюнча айтылып аткан расмий маалыматтардан төрт эсе көп экенин айткан.
Бирок саламаттык сактоо министринин орун басары Ирай Харирчинин айтымында, Иранда бул оорудан 12 эле киши каза тапкан. Эл аралык кризис тобундагы Иран боюнча долбоордун директору Али Ваез Ислам Республикасындагы «жалган айтуу маданияты жалпы коомдогу цинизмдин күчөшүнө алып келди» деген пикирде.
Иран жардамга муктаж
Нью-Йорктогу Эл аралык саламаттык жана билим институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Камиар Алаинин айтымында, Ирандагы коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн Тегеран маалыматтарды топтоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатыш керек жана ооругандардын саны боюнча маалыматтарды так жана ачык жарыялашы зарыл.
«Адамдардын көбү тест тапшырышы зарыл. Чыныгы маалыматтардын бештен бири гана айтылып атса, жугузуп алгандардын өзүлөрү бул тууралуу билбесе кырдаалды кантип көзөмөлгө алса болот?» - деп суроо салат ал.
«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Иранга коронавирусту аныктоочу 100 миң тест-система жибергенин билдирген. Орусия да Иранга 50 000 тест-система жөнөтөрүн жарыялады», - деген Алаи Батыш мамлекеттери да АКШнын экономикалык санкцияларынан катуу жабыркап жаткан Тегеранга көбүрөөк тест-система жөнөтүшү керек деген ойдо.
1979-жылы АКШ элчилигине чабуул койгон студенттердин бири, учурда таанымал талдоочу Аббас Абди «Etemad Daily» басылмасында өткөн жумада жарыяланган макаласында Саламаттык сактоо министрлиги тесттердин жетиштүү эмес экенин мойнуна алгысы келбегендиктен ушундай кырдаал түзүлгөнүн жазды.
«Жыйынтыгында үн катпай, чындыкка дал келбеген расмий сандарды жарыялап коюп отурушат. Бул тууралуу алар өзүлөрү деле билишет», - дейт ал.
Коронавирус ансыз да санкциялардан улам кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан мамлекеттин түйшүгүн ого бетер күчөттү. Ушундан улам расмий Тегеран Эл аралык Валюта Фондуна (ЭВФ) жаңы илдетке каршы күрөштү күчөтүү максатында беш миллиард АКШ долларын бөлүп берүү тууралуу өтүнүч менен кайрылды.
«Азаттык» радиосунун Иран кызматынын маалыматына караганда 9-мартка чейин эле өлкөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны 900дөн ашкан.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киануш Жаханпур Тегеран чыныгы сандарды жашырып жатат деген маалыматтарды четке кагып келет. Анын айтымында, министрликтин реалдуу сандарды жашырууга эч кандай себеби жок. Жаханпур сандардагы айырмачылыктар тууралуу суроо жооп берип жатып, айрым учурларда түшүнбөстүк болгонун кошумчалады.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Гөлназ Эсфандиаринин макаласын Элиза Кененбаева кыргызчалады.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.