Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Абактагылар айтканынан кайтпай турган болду


Нааразылык акциясы. 5-февраль, 2018-жыл.
Нааразылык акциясы. 5-февраль, 2018-жыл.

Абакта наар албай отурган саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапкерлери тилектештик акциясын өткөрүштү.

Жети күн мурда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып ачкачылык жарыялаган саясатчы Бектур Асановдун саламаттыгы кескин начарлаганын анын тарапкерлери айтышууда.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы болсо "акцияга катышып жаткандардын саламаттыгына дарыгерлер көз салып жатат" деп билдирди.

Абактын астындагы акция

Колдоруна "Президент Жээнбеков акыйкаттыкты орнотсун!", "Эл уулдары өлүм астында", "Сегизбаев кетсин!" деген сыяктуу ураандарды көтөргөн камактагы саясатчылардын тарапкерлери Бишкектеги №47 абактын астына чогулушту. Анткени ачкачылык кармаган үч саясатчы жакында ушул абакка которулган.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев мыйзамсыздыкка дуушар болгон камактагы саясатчылар ачкачылык кармоо менен актыгын далилдегенге аргасыз болушканын айтты:

- Азыр адвокат кирип чыкты. Өткөн 4-февраль түнү Бектур Асанов эстен танып, анан дарыгерлердин жардамы менен өзүнө келген экен. Адвокат анын абалы азыр деле бир топ начар экенин айтты. Бектур Асановдун ачкачылыкта отурганына жети күн, Эрнест Карыбековго алты күн, Кубанычбек Кадыровго беш күн болуптур. Алар эми акыйкаттан үмүтү үзүлүп, мыйзамсыздык чучугуна тийгенден улам ушуга барып жатышат. Алар ачык эле өлүмгө баш байлап, мыйзамсыздык менен кара өзгөйлүккө коомчулуктун көңүлүн ушундай жол менен бургусу келип жатышат окшойт. Бирок биз аларды бул жолдон кайтууга чакырып жатабыз.

Камактагы саясатчылардын тарапташтарынын талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф наар албай койгон саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүнө алынып, аларга ачкачылыктын кесепеттеринен сактай турган дарылар сайылганын билдирди. Александр Никсдорф ачкачылык кармаган үч саясатчы эртеңки соттук жараянга жеткизилерин белгиледи:

- Үчөөнүн тең саламаттыгы азыр башы айланганы эле болбосо, канааттандырарлык болуп калды. Биздин доктурлар аларга дары берип, карап жатышат. Биздин дарыгерлер ачкачылык кармагандардын оор абалга түшүшүнө жол беришпейт. Азыр алардын абалы бир топ жакшы. Эртең аларды сотко алып барышат.

Онлайн көзөмөл

Анткен менен митингде №47 абакта отурган саясатчылардын укуктары одоно бузулуп, аларга моралдык-психологиялык басым жасалып жатканы айтылды. Анткени буга чейин саясатчы Өмүрбек Текебаев отурган камеранын ичине видеокөзөмөл орнотулганы жарыяланган. Аны менен кездешүүгө барган кызы саясатчы аны эркине каршы коюлган видео байкоону "Дом-2" теледолбоору менен салыштырып, тамашалаганын социалдык түйүндөр аркылуу жарыялады.

Парламенттин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева камактагы саясатчылардын абалын атайын орнотулган видео байкоодон түз көрүп, андан рахат алгандар бар деп эсептейт:

Асия Сасыкбаева. Архивдик сүрөт.
Асия Сасыкбаева. Архивдик сүрөт.

- Бийлик алардын ачкачылыкта отурганына көңүл да буруп койгон жок. Камактагы саясатчыларга глюкоза сайылыптыр. Бирок ал глюкоза "ачкадан өлтүрбөйт" деген менен анда адам өлүү эмес же тирүү эмес абалда кала берет. Булар ошондой абалда кармагысы келип жатат окшойт. Экинчиден, абактагы Текебаев отурган камеранын ичине видео көзөмөл орнотуп алып, анын ар бир кыймыл-аракетин түз эфирде карап отурушат экен. Бул эмне деген мазактоо? Эгерде анын коопсуздугу үчүн коюлган болсо, аны камеранын сыртына деле коюшпайт беле? Бул видеокамера УКМК менен мурдагы президент аны көрүп турушу үчүн коюлганы түшүнүктүү эле болуп жатпайбы. Алар ошону көрүп тургандан ырахат алышат окшойт?

Бул жагдай боюнча УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Өлүмдү тандагысы келген аргасыздык

Абактагы саясатчы Бектур Асановдун өткөн сот жараянында мындан аркы сотко келүүдөн жана өкүмдү угуудан баш тартарын айткан билдирүүсү Интернетке тарады. Анда соттон адилеттикти күтпөй турганын айткан Бектур Асанов мыйзамсыз соттолгондон көрө өлүмдү артык көрүп, оозуна наар албай жатканын билдирген:

Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.
Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.

- Мен сотко экинчи келбейм. Суроолорго дагы жооп бербейм. Акыркы сөздү да сүйлөбөйм, адвокаттар да келишпейт. Соттор менен прокурорлор каалагандай өкүм чыгара беришсин. Биз аягына чейин саясий ачкачылыкты кармайбыз. Сегизбаев кызматынан кетет же биз ачкадан өлөбүз. Ошону мен силерге эскертем. Биз өлгөндөн кийин болсо да эртеби же кечпи, Атамбаев, Сегизбаев баш болуп, мына бул соттор - баарыңар түрмөдө чирийсиңер. Балким биз өлсөк өлкө жакшы жагына бурулат деген негизде биз аягына чейин ачкачылык кармап отурабыз. Бизди күчкө салып сотко алып барсаңар да барбайбыз.

Артыков: догурунуу - сотко жасалган басым

Бектур Асанов сөзүндө келтирип жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча айыпталып, камалган Бектур Асановдун билдирүүсүн өзүн актоо үчүн сотко басым жасап, догурунуу катары кабыл алышты.

Парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков экс-президенттин башкаруусунда саясий куугунтук болбогонун, анын баары кыңыр иштери менен кармалып, соттолуп жаткан саясатчылардын гана ойлоп тапкан шылтоосу экенин мындайча келтирди:

Анвар Артыков. Архивдик сүрөт.
Анвар Артыков. Архивдик сүрөт.

- Ачкачылык деген эми саясий акция. Аны кармоо же кармабоо ар кимдин өз эркинде. Биз соттун чечими туура же туура эмес деп кантип айта алабыз? Ага биз кирише албайбыз. Менимче Атамбаевдин башкаруусунун учурунда ак жеринен камап, саясий куугунтук жүргүзгөн нерселер тескерисинче жоголду. Мурдагыга салыштырып көргүлө. Мурда кандай эле? Мурдагы бийликтин тушунда канча адамды өлтүрүштү? Канчасын соттошту? Азыр андай нерсе жок да.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. УКМК аларды бийликти күч менен басып алууга байланыштуу айыптаган. Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. "Мамлекеттик сыр" деген негизде райондук сот бул ишти жабык карап өкүм чыгарса, шаардык сот да аны азыркы учурда коомчулуктан жашыруун териштирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG