Бирок баштапкы сот жараянында соттолуучулардын жаңы адвокаттарына мамлекеттик сыр катары чектөө коюлган кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга уруксат берүү маселесин чечүүгө байланыштуу сот жараяны кийинкиге калтырылды. Буга чейин саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов жана эксперт Эрнест Карыбеков мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган деген негизде, арты төрт жылдан, алды жыйырма жылга чейин эркинен ажыратылган.
Мамлекеттик сырга уруксат берүү чарасы
Бишкек шаардык соту 14-июнь күнү "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген айыптоо боюнча соттолгон оппозициялык саясатчылардын райондук соттун өкүмүнө даттануу арызын жабык тартипте карай баштады. Анткени тергөө учурунда кылмыш ишинин материалдары мамлекеттик сырды ичине камтыйт деген негизде "жашыруун" жана "өтө жашыруун" деген чектөө белгилери коюлгандыктан буга чейинки соттук териштирүүлөр дагы жабык өткөн эле.
Бул ишти караган шаардык соттун кылмыш иштери боюнча коллегиясы жактоо жана мамлекеттик айыптоо тарабынан өтүнүчтөрдү сурады. Жактоо тарабы соттолуучуларды коргоого кошумча жаңы адвокаттар тартылганын жана аларды иштин материалдары менен тааныштыруу маселесин көтөрдү. Буга байланыштуу соттук коллегия кеңешме бөлмөгө кирип, андан соң жаңы адвокаттардын мамлекеттик сырларга уруксат алуу маселеси каралганга чейин сот жараянын кийинкиге жылдыруу чечимине келди. Эксперт Эрнест Карыбековдун адвокаты Нина Зотова бул тууралуу мына буларга токтолду:
- Бул иште соттолуучуларды коргоо үчүн жаңы эки адвокат ишке киришкен. Бирок алардын жашыруун документтер менен иш алып барууга уруксаты жок экени белгилүү болду. Мына ушуга байланыштуу аталган адвокаттар кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу үчүн тиешелүү мекемеден милдеттенме алып, кол коюп берип, андан соң гана уруксат алганга чейин ишти кароо кийинкиге жылды. Мына ошондуктан бүгүнкү соттук жыйында адвокаттардын арасынан кимдин жашыруун материалдарга уруксаты бар-жогун териштирүү маселеси гана каралды. Анткени мына ошол кылмыш ишинин материалдарынын жашыруундуулугун аныктап берүү боюнча даттануу болгон эмес. Эч ким ага даттануу арызын жазган эмес. Ал эми кылмыш ишинин материалдарына жашыруун сыр катары чектөө белгиси коюлган.
"Санаага салган саясий куугунтук"
Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту бийликти күч менен басып алууга айыптуу деп таап оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, эксперт Эрнест Карыбековду жыйырма жылга эркинен ажыратып, коомдук ишмер Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө кескен.
Сот буга далил катары тергөө материалдарына тиркелген, жаздырып алынган телефондук сүйлөшүүлөрдү жана видео тасманы мисал келтирген. Бирок айыпталуучулар бийликти күч менен басып алууга даярдык катары сыпатталган аудио-видео далилдерди "монтаждалган" деп эсептейт. Кубанычбек Кадыровдун жубайы Жаңыл Кумашева бул кылмыш ишин саясий куугунтук катары мүнөздөдү:
- Себеби деген мына бир жыл эки айдын жүзү болду. Чындыкты издеп эле келе жатабыз. "Далилдерди толугу менен элге көрсөткүлө" деп кайрылып келдик. бирок аны эч ким уккан жок. Буга чейинки сот тиешелүү жагдайларды толук карабай туруп эле акыйкатсыз чечим чыгарып койду. Бул жерде алардын күнөөсүн ырастай турган кандайдыр бир далил жок. Болгону жанагы жаздырып алышкан эки сөзү үчүн эле мына ушунун баарын кылып жатышат. Бул эми бийликке акарат келтирип, баш көтөргөн жигиттердин бардыгын мына ушундай жол менен камай берсе, бул репрессия эмей эмне...?
Чыккынчылыктын чыры ыраспы?
Анткен менен бул кылмыш ишин козгогон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аталган саясатчылар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярданган аракеттер тергөө учурунда далилденген деп эсептейт. Буга аудио-видео далилдерден сырткары мамлекеттик сыр катары ачыкка чыкпай турган кошумча фактылар бар экени айтылган эле. Мамлекетке чыккынчылыкка айыпталган эксперт Эрнест Карыбековду "чет элдик чалгын кызматы менен байланышкан" деген маанидеги оперативдүү тасма улуттук телеканалдан көрсөтүлгөн жайы бар. Атайын кызматтын мурдагы төрага орун басары Токон Мамытов мына ошондой далилдердин негизинде гана бул иш тергелип, сотко өтүп, андан соң өкүм чыкканын төмөндөгүчө белгиледи:
- Ошондуктан мунун бардыгына кайра укук коргоо органдарын жана өкмөттү күнөөлөөгө негиз жок. Бул жерде саясат бар деген сөз жөн эле имиштердин бири. Анан эми мына ошол жагдайларды ачып чыккан мамлекеттин атайын кызматына ишенбөө үчүн себептер жана негиздер болушу керек. Бирок азыркы күндө андай негиздер дагы. себептер дагы жок. Биздин мамлекеттин атайын кызматы болгондон кийин, биз анын иш-аракеттерине туура баа берип, ишеним көргөзүшүбүз керек.
Бишкек шаардык сотуна райондук соттун өкүмүнө даттануу иретинде арызданган тарап бул кылмыш ишинде бийликке каяша айткандардан өч алуу максаты бар экенин белгилеп, буга чейин Евробиримдик жана БУУ сыяктуу эл аралык уюмдарга дагы кайрылган. Саясий туткундарды коргоо комитети Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин астына нааразылык акциясына чыгып, кыргыз бийлиги менен кызматташууну токтотуу талабын койгон.
Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев бул кылмыш ишинде саясий боёк бар экенин айтып, ошол үчүн сот иши жабык өтүп жатканына токтолду:
- Бул кылмыш ишинде үч берене боюнча айып коюп, анан ошонун арасынан бирөөн алып чыгып, анан сотто жасалма жол менен далилдегенге аракеттенип жатышат. Бул иште эч кандай акыйкаттык жок. Мунун бардыгы саясий мүнөздө токулган кылмыш иши. Учуру келет, анын бардыгы ачыкка чыгат.
"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталган саясатчылар Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун соту 27-июнда уланат. Камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнө райондук соттун өкүмү быйыл 17-апрелде чыккан. Соттолуучулардын жаза мөөнөтү алар былтыр кармалып, камакка алынган күндөн, 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелине турганы бүгүнкү сотто белгилүү болду.