Жергиликтүү бийликтер имарат коопсуздук жана техникалык эрежелерин эске албай, эч кандай документсиз башталганын айтышат. Турак жайдын ээси болсо уруксат кагаздары так экендигин, бийликтер андан акча өндүрүү үчүн тыюу салып жатканын айтууда.
Ээлери “Ош таажысы” деп атаган көп кабаттуу үйдүн курулушу 2013-жылы башталган.
Курулуш башталгандан көп өтпөй эле шаардык архитектура менен экотехинспекция имаратты куруу уруксатсыз башталганын айтып, ишти токтотуу талабын койгон. Ага да болбой жумушту уланта берген үй ээлерин алар сотко беришкен.
Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык инспекциянын Ош аймактык өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Осмон Курманбеков мындай дейт:
- Бул үйдү куруп жаткандар курулушка эч кандай уруксат албастан жумушту баштап жиберген. Документтери толук болбогондуктан биз эскертүү бергенбиз. Ага да болбой курулушту уланта бергендиктен акыры сотко бердик. Сот иши эки жылдан бери созулуп келатат. Азыр Жогорку Соттон чечим чыкса, ошого жараша чара көрүлөт.
Калаанын Навои жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишине түшүп жаткан көп кабаттуу турак жайда унаа токтотуучу жайлар жана башка курулуш нормаларына керектүү нерселери да эске алынбаганы белгилүү болду.
Ош шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси Ажимурат Жолдошев кепке кошулду:
- Биздин ишкананын мурдагы жетекчилери бул турак жайдын жерине байланыштуу алгачкы документтерин беришкен. Бирок анда курулуштун жер төлөсүн гана курууга уруксат алынган. Бул эже жер төлөнү эле эмес, башка жагын деле куруп бүтүрүп коюп атпайбы. Турак жайды курууга уруксат кагазы бериле электе, анын долбооруна экспертиза жүргүзүлө электе алар курулушту баштап жиберген. Уруксат албастан үйдү куруп жиберишкени үчүн биз аларга курулушка уруксат берүү кагазын бербей жатабыз. Учурда талаш боюнча эки сот иши жүрүп атат. Биринчиси - ишкерлер бизди сотко берген, экинчиси - экотехинспекция ишкерлерди сотко берген. Ал эми курулуш болсо ушу күндө токтотулушу керек.
Ушуга байланыштуу курулуп жаткан үйдүн ээси, жеке ишкер Шарапат Мажитовага “өзүмбилемдик” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Өз кезегинде Мажитова имаратты курууда толук документтери бар экендигин айтууда. Ал көрсөткөн кагаздардын арасында 2013-жылдын 12-мартындагы шаар куруу кеңешинин 12 өкүлү макул болгон чечими, атайын адистер бекиткен инженердик-техникалык жана архитектуралык планы, мурдагы шаардын башкы архитектору Нурбек Баетовдун колу коюлган жана мөөрү басылган уруксат баракчалары турат.
Ошондой эле мамлекеттик экспертиза департаментинин экспертизалык бүтүмү жана архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин курулушка уруксат берген документтери ишкердин колунда бар экенине күбө болдук:
- Бул турак жай өзүмдүн 13 сотыхтан турган жеке менчик участкама курулуп жатат. Ош шаарынын башкы планы боюнча да бул жерге 12 кабаттуу үй тургузулушу керек экен. Ал жагы да туура келген жана мен куруп жаткан үй кызыл линиядан да чыккан жок. Курулушту баштоого бардык уруксат кагаздарым бар. Кийин керек болгон кагаздарын үй түшүп атканда параллель даярдаса болот. Бишкек шаарында курулуп жаткан үйлөр деле ушундай тартипте жүрөт. Булар болсо ошол паралелдүү түрдө долбоорлоо тартибин эч моюнга албай атышат. Мен курулушту жеке кирешем жана кытайлык инвесторлордун жардамы менен куруп жаткам. Булар ушинтип ар кандай оюндарды көрсөтүп жаткандыктан ал өнөктөштөрүм “тынч эле жашайлы” деп кетип калышты. Бир жылда бүтө турган үй эки-үч жылга созулуп кетти.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шарапат Мажитова курулушту өзү башкарган “Модерн Стиль” аттуу ишкананын аты менен салып жаткан. Долбоордо 16 кабаттуу боло турган үй эми каражат жетишсиздигинен 12 эле кабат болуп калышы мүмкүн. Андай болсо батирлердин саны 63 болот.
Элиталык деп саналган бул батирлердин чарчы метрин 600 доллардан сатууну ишкер пландап жаткан. Бирок соңку чырдан улам ал болгону 10 чакты гана батирин араң сатканын айтат. Шарапат Мажитова:
- Мунун баары прокуратуранын пара алууга болгон аракетинен болууда. Булар шаарда курулуш башталса эле пара алып көнүшкөн экен. Мен архитектура кызматкерлери менен прокурорлор келгенде эле “мен силерге бир сом акча бере албайм” деп айттым. Алар ошол күндөн баштап мага өчөшүп калышкан. Ош шаардык прокуратурасынын башчысы Атай Шакир уулу “Ош таажысы” курулушун текшергиле” деп, архитекторлорго тапшырма берип коёт, алар ар шылтоону айтып, мага уруксат бербей атышат. Түздөн-түз ошол Атай Шакир уулу менден акча өндүргүсү келип атат. Архитекторлор андан корккону үчүн мага уруксат кагазын бербей келүүдө. Прокуратура, ички иштер бөлүмү, архитектура жана Ош шаардык мэриясы бул аракеттери менен ишкерликти колдобой эле, бут тосуп атканын ушул аракети менен далилдеп атышат.
Мажитова айыптап жаткан Ош шаарынын прокуратурасынын башчысы Атай Шакир уулу аталган жагдай боюнча “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты. Жок дегенде жардамчыларынан комментарий алуу аракетибизден майнап чыкпай, прокуратуранын эшигинен сыртка сүрүлүп чыгып калдык.
Ош шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси Ажимурат Жолдошев болсо алар пара талап кылып атышканын четке какты.
Ош шаарынын чарба жана курулуш иштер боюнча вице-мэри Жапар Ормонов буларды айтты:
- Негизи Экотехинспекциядан эскертүү алгандан кийин эле ал ишкер курулушту токтотуш керек болчу. Атайын кызматтар ал курулушту мыйзамсыз деп атап аткандан кийин биз да ошол ойдо турабыз. Эгер мыйзам талаасына түшсө биз сөзсүз түрдө көп кабаттуу үйдүн курулушун колдоп беребиз. Анан биздин мэрияны, же башка күч органдарын пара талап кылып атат дегендик бул акылга сыйбайт. Биз болгону курулуш мыйзамдуу түрдө курулушун каалайбыз жана Ош шаарынын мэриясынын башкы принциби ачык-айкындуулук. Ошол себептүү бизди акча талап кылып атат дегендик бул курулай доомат, жалган сөз.
Кантсе да бул иш боюнча тараптар соттун чечимин күтүүдө. Шаардык жана облустук сотто буга чейин ишкер Мажитова уткан болсо, экотехинспекция Жогорку Сотко апелляция берген. Адистер эгер Жогорку Сот ишкердин документтерин туура эмес деп тапса, жарым-жартылай курулуп калган үй бузуларын айтышат.