Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Баткенде такоолдогу аскерлерди сынашты


Аскердик машыгуудан. Баткен, 20-январь, 2014.
Аскердик машыгуудан. Баткен, 20-январь, 2014.

Коргоо министрлиги Баткенде резервдеги аскер бөлүктөрүн чакырып, курал-жарак жана оор техникалар менен коштолгон машыгуу өткөрдү.

Баткен жана Лейлек райондорундагы резервдеги аскерлерди чакырып окутуп, машыгуудан өткөрүү эки күнгө созулду. Аны жыйынтыктоо Коргоо министрлигинин куралдарды атып-сыноочу талаасында өткөрүлдү.

Машыгуу учурунда чек араны мыйзамсыз бастырып кирген куралчан топторду калктуу конуштарга жеткирбей жок кылуу, аймактын бүтүндүгүн сактоо үчүн тоолуу шартта оор техникаларды жана артиллерияны колдонуу менен жоокерлердин бул багыттагы даярдыгы көрсөтүлдү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу коштогон жаңжалдан кийин уюштурулуп жаткан мындай иш-чара жергиликтүү тургундарды ар кандай ойго салбай койгон жок.

Коргоо министрлигинин Түштүк-батыш аймактык башкармалыгынын башчысы Мелис Сатыбалдиев такоолдогу* аскерлерди окутуп-машыктыруу кезектеги эле иш-чара экенин, чек арадагы окуяга эч кандай тиешеси жоктугун айтат:

- Бул машыгуунун чек арадагы окуяларга байланышы жок. Баткен облусундагы мындай иш планыбыз ушул учурга туш келди. Азыр Баткен жана Лейлек райондорунда өтүп жатат. Эми Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарында да өтөт. Андан ары дагы башка аймактарда өткөрүлөт.

Канткен менен Баткен шаарынан анча алыс эмес тоодо сооттолгон оор техникалардан жана артиллериядан ок атылып өткөрүлгөн бул машыгуу калк арасында түрдүүчө бааланууда. Аймактагы чек ара чатактарын, ар кандай келишпестиктердин чыгышын иликтеп жүргөн адис Назгүл Алдашова бул машыгуу бир жагынан, жай тургундардын аскердик даярдыктары анча эмес дегендерге жооп болсо, экинчи жагынан - кооптонуп тургандарга да өзгөчө таасири болду деп эсептейт:

- Бул нерсеге эки тараптуу караш керек. Анткени чек арадагы окуялар учурунда биздин күч кызматтарына карата натыйжалуу аракеттенбеди деп сын айткандар көп болбодубу. Азыркы машыгуу кыргыз армиясындагы курал-жарактардын, техниканын абалын, аскерлердин жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Экинчи жагынан, бул машыгуу эле эмес, чек арадагы окуядан кийин айыл жерлеринде куралчан аскерлердин саны көбөйүшү да эл арасында чыңалган маанай сакталып турушуна таасирин берип жатат десек болот.

Ал эми машыгууну уюштургандар анын максаты аскер бөлүктөрүндөгү өздүк курамдын күжүрмөн аракетин эле сыноо эмес, резервдеги роталардын абалын да карап чыгуу болгонун баса белгилешүүдө.

"Азаттыктан": Жогоруда белгиленген такоол деген сөз тилчи-окумуштуу Константин Юдахин түзгөн "Кыргызча-орусча сөздүктөн" алынды. Ал резервдеги, запастагы деген маанини туюндурат. Бул сөз элдик эпостордо, тарыхый чыгармаларда кеңири колдонулуп жүрөт.

Машыгуудан сүрөт баян

XS
SM
MD
LG