Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:41

Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкан студент соттолду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстанда Куштепе районунун 22 жаштагы тургуну жалданмачылыкка айыпталып беш жылга шарттуу кесилди. Ал Украинадагы согушка Орусиянын армиясынын катарында катышканы белгилүү болду. Бул тууралуу соттун материалдарына таянып Kun.uz агенттиги жазды.

Өкүмгө ылайык, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Маал-маалы менен тиешелүү органдарга барып текшерүүдөн өтүп турушу керек.

Маалыматка караганда, ал 2021-жылы Москвадагы менчик жогорку окуу жайлардын бирине тапшырган. 2023-жылы аны "жанында документтери жок" деген шылтоо менен полиция кармап кеткен.

"Полиция кылмыш ишин козгоп, Орусиядан депортациялайбыз деп коркутушту. Же болбосо армияга кошулууну сунушташты. Бул үчүн алар Орусиянын жарандыгын берүүнү убада кылышты. Мен өз ыктыярым менен макул болдум", - деген ал сотто.

Андан ары Өзбекстандын жараны Тольятти шаарындагы аскердик бөлүккө жөнөтүлүп, ал жактан бир жарым ай аскердик даярдыктан өткөн. 2023-жылдын 10-октябрында фронтко жөнөтүлгөн.

"Луганск шаарына жиберишти. Ал жакта төрт ай согушкандан кийин Донецк облусуна которушту. Кармаш маалында алган жарааттарымдан улам 2024-жылдын февралына чейин Донецкидеги ооруканада жаттым",-деп кошумчалаган ал.

Кийин ал кайтып келип, Тольяттиде батир жана автоунаа алган. Ага медаль менен кошо Орусиянын жарандыгын беришкен.

Кийинчерээк ал аскердик бөлүктүн аймагынан уруксатсыз чыгып кеткени үчүн командирден тил уккан. Мындан соң ал аскердик келишимди үзүп, Өзбекстанга чыгып кеткенин айтып берген.

Бул Өзбекстанда Украинадагы согушка аралашканы үчүн абакка кесилген биринчи учур эмес. Буга чейин "Вагнер" менчик аскердик компаниясында кызмат өтөгөн өзбекстандык төрт жылга соттолгон. Кийин дагы бир жаран Орусия тарапта согушканы үчүн үч жылга эркинен ажыратылган.

Украинадагы согушка аралашканы үчүн Кыргызстанда да түрмөгө кесилген жарандар бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG