Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:21
Борбор Азия
Желтоксон окуясы: жаштар үнү, төгүлгөн кан
18-Декабрь, 2024
1
1986-жылдын 17-декабрында таң эрте Алматыдагы Брежнев аянтына (азыркы Республика аянты) шаардагы жогорку окуу жайларда окуган жана ишканаларда иштеген казак жаштар, студенттер, жумушчулар чогулушту.
2
Андан бир күн мурун, 1986-жылдын 16-декабрында Казак ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин чукул пленуму өтүп, биринчи катчы болуп узак мөөнөт иштеген Динмухаммед Кунаев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Орусиянын Ульяновск обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген Геннадий Колбин дайындалган.
3
Борбордук аянтка тынч жөө жүрүшкө чыккан жаштар Москванын Казакстанга чоочун адамды жетекчи кылып дайындаганына нааразылыгын билдирип, талаптарын бийликке жеткирүүгө аракет кылышты.
4
Жүрүшкө чыккандардын колунда Владимир Лениндин улут саясаты боюнча сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндүлөр, элдин пикирин эске алууга чакырган, мисалы, "Ар бир улутка өзүнүн лидери!" деген жана башка жазуулары бар плакаттар бар эле.
5
Алматынын борбордук аянтына чогулган эл.
6
Аянтка чогулгандардын арасында студенттер жана жумушчу жаштар, ошондой эле Алматыдагы ар турдуу мекеме-уюмдардын кызматкерлери болду.
7
Декабрь айында Алматы аянтына чыккандар республика калкы үчүн маанилүү маселелер боюнча чечимдерди коомчулукка ачык жарыялоону талап кылышкан. Башкы катчы Михаил Горбачев 1986-жылдын 25-февралында Москвада Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын 27-съездиндеги баяндамасында биринчи жолу өлкөдөгү өзгөрүүлөр ачык болушу керек деп билдирген болчу.
8
Алматынын борбордук аянтына чогулган жаштар.
9
Аянтка чогулгандар акын Жумекен Нажимеденовдун ырына жазылган, композитор Шамшы Калдаяковдун "Менин Казакстаным" деген ырын ырдап турушту.
10
Аянтта турган жаштардын бири.
11
Окуянын күбөлөрү аянтка жаштар жык толуп, ыр ырдап, тынч жүрүшкө чыкканын айтышат.
12
13
Митингге катышкандардын айтымында, аянтка чогулган эл бийлик аларды түйшөлткөн суроолорго толук жооп берет же Динмухаммед Кунаев коомчулукка чыгып, кырдаалды түшүндүрүп берет деп күткөн. Бирок трибунага чыккан бийлик өкүлдөрү "Бул туура эмес, артка кайткыла, болбосо жаман болот" дегенден башка эч нерсе айтышкан эмес.
14
15
16
17
18
19
20
17-декабрда күүгүм кирери менен бийлик атайын күчтөрдү колдонуп, таңдан бери аянтта турган миңдеген улан-кыздарды тарата баштады.
Дагы жүктөңүз
Желтоксон окуясы: жаштар үнү, төгүлгөн кан
Пикирлерди көрүңүз
Шерине
Please enable JavaScript to view the
comments powered by Disqus.
Сунуш кылынган арга.
18-декабрь: Сирияда адам сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар табылды, Абактагы ишкер Ташов ачкачылыгын токтотту
XS
SM
MD
LG
Шерине