Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Мадинаны мал катары көрүшпөгөн...


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абад шаарында атасы базарга унутуп кетип, бир айга чейин эч ким издебеген үч жаштагы кызды мамлекет жакындарына берген жок. Муну Социалдык өнүгүү башкармалыгы кичинекей Мадинага жакындары кам көргөн эмес жана документтери жок деп негиздөөдө.

Аты-жөнүн толук айта албаган үч жаштагы Мадинаны Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда жамгырга калып уктап жаткан жеринен табышкан.

Кыздын ата-энесин издөө ушул жылдын октябрь айынын башында башталган. Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Айдай Адылбекова ошол учурда мындай маалымат берген эле:

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Кыргызстанда таштанды балдарды калтырып кетчү кутуларды же "бэби бокстарды" ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул жаңылыкты коомдун айрым өкүлдөрү төрөлгөндөн көчөгө ташталып, итке таланды болгуча ымыркайларды коргоонун ыктуу жолу деп колдоого алышса, айрымдар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбеген жаштарга шарт түзөт деп кабатыр.

- Кызды базардан таап, алып келишкен. Аты-жөнүн толук айта албагандыктан, ким экенин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ата-энеси табылбады. Алты ай бою жыйынтык чыкпаса, сот аркылуу тек-жайын тактоого мажбур болобуз.

Бирок жергиликтүү телеканалдарга чыккан жарыядан кийин кызды жакындары издеп келген. Мадинанын атасы Алибек Турдубаев Сузак районунун Кара-Март айылынын тургуну. Мал багып, жан сактайт. 3-октябрда мас абалында базарда жүрүп кызын жоготкон:

- Өзгөн районундагы туугандардын үйүнө барып, ал жерде бир аз ичкен элек. Мадинаны алып, Жалал-Абад шаарына келгем. Ал жерден дагы ичип, базарды жакшы билбегендиктен кызымды жоготуп жибердим. Аны издеп, ошол түнү базарда түнөдүм. Сатуучулардан, айдоочулардан сурап чыктым.

Алибек таңга жуук соолукканда кызы жанында жогун билип, кечке издегенин айтууда. Таппай койгондон кийин үйүнө кете берген. Милицияга кайрылбаганын мындайча түшүндүрдү:

- Милицияга кайрылганга менде акча жок эле. Ал жак, бул жакка барганга тыйын керек да. Табылып калар, кимдир бирөөлөр кармап тургандыр деп эле күтүп турдук. Аябай кыйналдым, жүрөгүм ооруду. Балам да.

Бир козу жоголсо издейт го адам. Бул кызды мал катары да көрүшкөн эмес. Наристе түнт, жетеленме болуп калган.
Айдай Адылбекова

Кичинекей Мадинаны өз апасы төрөлгөндө эле таштап кеткен. Андан кийин өгөй эненин колунда чоңойгон.

Адис Айдай Адылбекова атасынын жана жакындарынын кайдыгер мамилеси баланын аң-сезимине залакасын тийгизгенин белгиледи:

- Атасы малдан бошобой калдым деп жатат. Бир козу жоголсо издейт го адам. Бул кызды мал катары да көрүшкөн эмес. Наристе түнт, жетеленме болуп калган. Үч жаштагы бала ата-энесинен ажыраса куса болуп, ооруп да калышы ыктымал. Бирок Мадина ким ээрчитсе кете бере турган абалда экен. Атасын деле кучак жайып тосподу, эркелеген жок. Наристе турмуштун оор сыноосун үч жашка чейин эле көрүп койгон. Балдар үйүнө да бат эле көнүп кетти. Үй-бүлөсү камкордук көрбөгөндөн кийин Мадина балдар үйүндө эле калат.

Алибек Турдубаевдин колунда кыздын атасы экенин күбөлөндүргөн документ жок болуп чыкты. Ошондуктан мамлекет Мадинаны балдар үйүндө калтырмай болду. Бул жагдайды эми укук коргоо органдары териштирет.

Турмушка эрте бышкан балдар

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

Соңку эки жыл ичинде Жалал-Абадда ата-энеси таштап кеткен же жетим калган 117 бала соттун чечими менен багууга берилген. Учурда облустун аймагындагы 470тен ашуун жетим жана кароосуз калган балдар мамлекеттин камкордугуна алынган.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү Гүлназ Эргешова кандай гана шартта болбосун таштанды балдарды ата-энесине кайтарууга аракет көрүлөрүн билдирди:

- Балдар жөнүндө кодекстин негизинде иш алып барабыз. Ата-энесинин көзөмөлүнөн ажыраган балдарды мүмкүн болушунча сүйлөшүү жолу менен жакындарына кайтарганы аракет кылабыз. Анткени баланын жетилүүсүнө үй-бүлө гана жакшы шарт түзүп бере алат.

Жалал-Абад шаарындагы “Ак-Жол” балдардын реабилитациялык борборунда көчөгө ташталган жана кароосуз калган балдар кармалат. Борбордо иштегендердин айтымында, бул жерге жыл сайын оор тагдырга кабылган 70тей бала алынып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG