Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Запорожьеге урулган соккудан кеминде 13 киши каза болду, 60тай киши жараат алды


Запорожье шаары соккудан кийин. Украина, 8-январь 2025-жыл
Запорожье шаары соккудан кийин. Украина, 8-январь 2025-жыл

Украинанын Запорожье шаарындагы өнөр жай ишканасына урулган соккудан кеминде 13 киши каза болду, ондогон адам жабыркады. Бул тууралуу облус администрациясынын башчысы Иван Фёдоров билдирди.

Соңку маалыматтарда 30 киши ооруканаларга жеткирилгени айтылды.

Фёдоров чабуулдун кесепеттери, набыт болгон, жараат алган адамдар тартылган видео менен сүрөттөрдү жарыялады.

Бир нече автоунаа өрттөнүп, трамвай жана трамвайдын жолдору зыян тартты.

Украин президенти Владимир Зеленский: «Карапайым адамдар жабыкарын билип туруп шаарды бомбалоодон өтөөр ырайымсыздык жок», - деп жазды.

Мунун алдында Запорожьенин бийлиги авиабомбалар же баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалышы ыктымал экенин эскерткен. Сокку урууда кандай курал колдонулганы азырынча айтыла элек.

Орусиянын армиясы аны азырынча комментарийлеген жок. Орусиялык бийликчил блогерлер башкарылган авиабомба ташталган деп болжолдошот. Бутага Запорожьедеги ири «Мотор-Сич» заводу алынган болушу мүмкүн экени айтылууда.

Майдандан бир нече чакырым турган Запорожьеге орус аскерлери утур-утур сокку уруп келет. Жаңы жылдын түнүндө да калаа аткыланган.

Далилдерге карабай, Орусия кошуна өлкөсүнүн карапайым адамдары, оорукана, бала бакча, энергетика объектилери өңдүү жарандык жайлары бутага алынганын танат.

Шерине

XS
SM
MD
LG