Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:19

Тибеттеги зилзала: 120дан ашуун кишинин өмүрү кыйылды, миңдей турак жай талкаланды


Урандылардын алдынан аман калгандарды издеп жаткан куткаруучулар.
Урандылардын алдынан аман калгандарды издеп жаткан куткаруучулар.

Тибеттин бийик тоолуу райондорунун биринде жер титиреп, 120дан ашуун кишинин өмүрү кыйылды. 150дөн көбү жараат алганын Кытайдын маалымат каражаттары кабарлады. Күчү 6,9 баллга жеткен зилзалада көп имарат урап калган.

Куткаруучулар талкалаган турак жайлардын алдынан аман калгандарды издеп жатат. Зилзала Кытайдын Тибет автоном районунун аймагында, Непал менен чек арага жакын жакта катталды.

“Кытайдын сейсмология борборунун маалыматына ылайык, магнитудасы 6,9 баллга жеткен жер титирөө эртең мененки саат тогуздарда Шигадзе шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Динри уездинин жанында болгон”, - деп жарыялады Кытайдын мамлекеттик CCТV телеканалы.

Кошмо Штаттардын геологиялык кызматы силкинүүнүн магнитудасы 7,1 баллды түзгөнүн маалымдады. "Синьхуа" агенттигинин маалыматына караганда, зилзаланын очогунан 20 чакырымдай жерде отуздай калктуу конуш жайгашкан. Ал жакта 6900дөй киши жашайт. Миңден ашуун турак жай талкаланды.

Жер титирөөнүн кесепети. Шигадзе шаары. 7-январь, 2025-жыл.
Жер титирөөнүн кесепети. Шигадзе шаары. 7-январь, 2025-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табият кырсыгы болгон жерге 1,5 миңдей куткаруучу тартылганын жазды. Силкинүү Индиянын айрым аймактарында, Непалдын көптөгөн райондорунда, анын ичинде баш калаа Катмандуда дагы сезилген.

“Жер титирөө болгондо уктап жаткам. Керебетим титиреп кетти, балам ойноп жатабы деп ойлодум. Анан эле терезелер титиреп баштаганда зилзала экенине көзүм жетти. Анан мен баламды ээрчитип, үйдөн качып чыктык. Дагы эле коркуп, нес болуп турам”, - дейт Катмандунун тургуну Мира Адхикари.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) зилзаладан каза тапкандардын арасында кыргызстандык жарандар жок экенин билдирди.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин уранды алдында калгандарды издөө-куткаруу иштерин тездетип, курмандыктардын санын азайтуу үчүн бардык аракеттерди көрүү буйругун берди.

Тибеттеги жер титирөөдөн талкаланган үй. 7-январь, 2025-жыл.
Тибеттеги жер титирөөдөн талкаланган үй. 7-январь, 2025-жыл.

Үй-жайсыз калгандарга гуманитардык жардам жеткирилүүдө. 62 миңдей киши жашаган Тибет автономдуу району Эверест тоосунун Кытай тарабында орун алган. Ал эми силкинүүнүн очогунан анча алыс эмес жайгашкан Шигадзе шаары Тибеттин ыйык калааларынын бири деп саналат. Ал жакта тибет буддистери даңазалаган Панчен-ламанын резиденциясы жайгашкан.

Синоптиктердин эскертүүсүнө караганда, учурда Тибетте кечинде сууктун күчү -18 градуска жетүүдө.

Индия жана Евразия тектоникалык плиталары кыналышкан бул аймакта жер тез-тез силкинип турат. Расмий маалыматка караганда, бул жолу соңку беш жылдагы эң катуу зилзала болду.

Кытай Эверест аймагын туристтер үчүн убактылуу жапты.

2015-жылы Непалда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, тогуз миңдей киши каза таап, 20 миңден ашууну жабыркаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG