Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Украина Орусиянын Саратов облусундагы мунай базасына сокку урганын билдирди


Cаратовдун губернатору өнөр жай ишканасында өрт өчүүрүчүлөр менен. Орусия, 8-январь 2025-жыл (губернатордун телеграм-каналына жарыяланган сүрөт).
Cаратовдун губернатору өнөр жай ишканасында өрт өчүүрүчүлөр менен. Орусия, 8-январь 2025-жыл (губернатордун телеграм-каналына жарыяланган сүрөт).

Украина Орусиянын туштүгүндөгү Саратов облусундагы мунай базасына сокку урганын билдирди. Ал жай стратегиялык аэродромду кара май менен камсыздайт. Чабуул болжол менен украиналык курал менен коюлган.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы социалдык тармактарга чыгарган билдирүүсүндө белгилегендей, 8-январдагы сокку “орусиялык оккупанттардын стратегиялык авиациясына логистикалык маселе жаратып, украиналык тынч шаарларды, жарандык жайларды бутага алуу мүмкүнчүлүгүн чектейт”.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Александр Камышин сөз болгон кампа Орусиянын стратегиялык Энгельс-2 аэродромун күйүүчү май менен камсыздап турганын белгиледи.

Шаршембиде эртең менен украиналык дрондор Орусиянын Саратов облусуна чабуул койгону кабарланган. Губернатор Роман Бусаргин Энгельс шаарындагы өнөр жай объектисине атып түшүрүлгөн пилотсуз учактын сыныктары кулаганын маалымдап, кийинчерээк эч ким жабыркабаганын, «өрттү өчүрүүгө каражат жана адамдар жетиштүү» экенин кошумчалаган.

«Свобода» радиосу жана бир нече телеграм-каналдар өрт болгон жерди «Кристалл» мунай базасы деп аныктаган.

Авиабазада жайгашкан учактар Украинага сокку уруп келет. 2023-жылкы маалыматтарга ылайык, ал аскердик аэродромдо ядролук дүрмөт ташууга кудуреттүү стратегиялык Ту-160 бомба таштоочу учактар жайгашчу.

Энгельстин тургундары түн ичинде мунай базасы жакта жарылуу добушу угулганын жазып, өрттүн сүрөттөрүн социалдык тармактарга чыгарып жатышты.

Орусиянын Коргоо министрлиги шаршембиге караган түнү Саратов облусунда украиналык 11 дрон жок кылынганын билдирди.

БиБиСи радиосунун орус кызматы былтыр украиналык пилотсуз учактар Орусиянын аймагында жана убактылуу оккупацияланган райондордо 81 жолу мунай ишканаларына жана күйүүчүү май сакталган кампаларга сокку урганын эсептеп чыкты. Натыйжада орусиялык компаниялар жабыркаган инфраструктураны калыбына келтириши керек, бирок санкциялардан улам ал иш татаал болууда. БиБиСи ачык булактарга таянып, Орусияда өткөн жылы бензин жана дизель азырак өндүрүлгөнүн, күйүүчүү майдын баасы өскөнүн жазды.

Ал арада 8-январда Украина орусиялык дрондордун чабуулуна туш болгону кабарланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG