Ал эми “Газпром” болсо, Кыргызстанга убада кылган бардык милдеттемелерин так аткарып жатканын айтууда.
Туура бир жыл мурун Кыргызстанга "Газпромдун" төрагасы Алексей Миллер башында турган делегация келип, тараптар Кыргызстанды газ менен камсыздоонун башкы планын караган. Жаңы долбоорго ылайык, жакынкы жылдарда өлкөнү газ менен камсыздоо үч эсе көбөйөрү айтылып, “Газпром” үч жыл аралыгында 34 млрд. рубль инвестиция жумшай турганын жар салган.
Арадан бир жыл өткөндөй кийин өкмөт коомчулук даяр көгүлтүр отунга өтпөй жатканын айтып, “Газпромдун” газдаштыруу программасы токтоп калышы мүмкүн экенин айта баштады.
22-январда вице-премьер-министр Олег Панкратов журналисттер менен жолугушуусунда Бишкектин айрым жаңы конуштарына газ түтүктөрү тартылганына карабай, тургундар электр энергиясын пайдаланууну артык көрүп жатканын билдирди.
Ушундай өңүттөгү көйгөйдү 18-январда өткөн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев да айтып, жергиликтүү бийликтен эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылган.
- Газдаштырылган жаңы конуштардагы жарандарды биз кантип газга өткөрөбүз? Ушул боюнча жергиликтүү бийлик өз сунуштарын бериши керек. Эгерде биз бул маселени чечпесек, “Газпром” өзүнүн инвестициялык программасын токтотот. Айылдарды, шаарларды, конуштарды газдаштырбайт.
Экономист Жумакадыр Акенеевдин айтуусунда, "Газпром" өз милдеттемелерин так аткарып, өлкөнү үзгүлтүксүз газ менен камсыздоодо. Ал коомчулук да газ түтүгү тартылган жерден үйүн газдаштыруу менен инвестордун ишине салым кошушу керектигин, анткени элден түшкөн каражат кайрадан эле башка аймактарда ишти илгерилетүүгө түрткү болмоктугун айтты:
- "Газпром" бул коммерциялык ишкана болгондуктан анын өзүнүн кызыкчылыгы бар. Ар бир кошулган конуштар газды төлөй баштаса, коомчулук да “Газпромдун” ишине катыша баштамак.
Абалы оорлогон "Газпром"
"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60 пайызын газ менен камсыздарын айткан. Келечекте 411 айыл же 911 миң кожолук газдаштырылышы керек. Бул үчүн “Газпром” 2 750 чакырым газ түтүгүн төшөөрүн билдирген.
Бирок соңку бир жылда “Газпромдун” абалы дүйнө рыногунда начарлап калганына байланыштуу Кыргызстанда да долбоорун өз мөөнөтүндө ашырарынан күмөн санагандар бар. Мурдагы депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков компания абалына жараша келишимди аткарбай коюу ыктымалдыгы жогору экенин айтат.
- Дүйнө өлкөлөрү “Газпромдон” көз каранды болгондон кетүүнүн айласын издеп жатышат. Өзгөчө Европа, Түркия жана Украинадагы абал буга толук күбө. Нефтинин баасы түшкөндөн кийин “Газпромдун” абалы жакшы эмес деп жалпысынан айтсак болот. Ал эми Кыргызстан боюнча программасын аткарар-аткарбасын айтыш кыйын. Бирок азыркы абалын реалдуу карай турган болсок, келишимди создуктуруу алар үчүн ыңгайлуу болуп жатат.
Равшан Жээнбековдун оюнча, орус газы доллар менен эсептелип жатканына байланыштуу баасы ай сайын жогорулап, коомчулукту көгүлтүр отту колдонуудан качырууда. Ошол эле кезде ал “Газпромдун” абалын байкаган кыргыз өкмөтү инвестициялык долбоордун аткарылбай калуу ыктымалдыгында күнөөнү жөнөкөй тургундардан издеп жатканы туура эместигин кошумчалады.
2015-жылдын декабрь айында жаратылыш газынын бир куб метри 16 сом 93 тыйынга жетип, бир ай мурункуга салыштырмалуу 1 сом 31 тыйынга кымбат болгон.
Ал ортодо “Газпром” Кыргызстандагы бардык милдеттемелерин так аткарарын дагы бир жолу эскертти. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын маалымат кызматынын 25-январда тараткан маалыматына караганда, кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишимде көрсөтүлгөн бардык пункттар ирети менен жүзөгө ашууда. Компания Казакстанга болгон 41 миллион доллардан ашык карызды берип кутулганын, ошону менен бирге “Кыргызгаздын” эл аралык уюмдарга жана мамлекетке болгон 900 миллион сом карызы жоюлганын билдирди.
“Газпром” 2014-жылы “Кыргызгазды” карыздары жана милдеттемелери менен бирге шарттуу 1 долларга сатып алган.
“Газпром” инвестициялык программасын аткара албай калышы мүмкүн деген өкмөттүн билдирүүсү өткөн жумадагы Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча келишимди денонсациялаган учурга туш келүүдө. ГЭСтерди куруу боюнча да расмий Москва келишимдеги айрым пункттарды аткаруу мүмкүн эместигин билдирген.