Муну “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер кыргыз өкмөтү менен жолуккан кезде айтты. Тараптар Кыргызстанды газ менен камсыздоо боюнча келишимге да кол коюшту. Ага ылайык, “Газпром” Кыргызстанга үч жыл аралыгында 45 миллиард сом инвестиция алып келиши керек. Айрым экономисттер Орусиядагы кризисти эске алып, бул пландардын ишке ашарынан күмөн санашат.
Аталган орусиялык ири ишкананын 2030-жылга чейинки планы боюнча, Кыргызстандын аймагы азыркы 22 пайыздан 60% газ менен камсыздалат. Колдонуу көлөмү болжол менен беш эсе жогорулап, миллиард кубметрге чейин жеткирилет.
Алексей Миллер “Газпром” ишенимдүү өнөктөш, алар сунуштаган программа ишке ашарына ишендирүүдө:
- Кыргызстанды 60 пайыз газ менен камсыздоо керек. Азыр Кыргызстандын аймагынын 22 пайызы гана газ менен камсыз болгон. Ошондо бул санды биз үч эсе жогорулатышыбыз керек. Бул программа эсептелген, бардык жагы эске алынган, реалдуу ишке аша турган долбоор. Газ менен камсыздоо программасы жети облуста тең ишке ашырылмакчы. Биздин ишкана анализ жүргүзүп, алгач турган объекттерди аныктап алдык. Эми пландалгандан да көп каражат керек экенин түшүндүк. "Газпром Кыргызстан" программасына 45,5 миллиард сом каралды. Алып жаткан милдеттерибиздин бардыгы аткарылат.
“Газпром промгаз” ишканасынын башкы жетекчиси Юрий Спектордун билдиргенине таянсак, 15 жыл ичинде өлкөнүн 411 калктуу конушу газ менен камсыз болуп, газ тармактарынын жалпы узундугу 3 миң чакырымга жетет. Ысык-Көл, Нарын сыяктуу тоолуу аймактарга автономдуу түрдө газ менен камсыздоо шарттары да каралып жатат. Балким Токмокто газ базасы ачылып, ошол жактан тоолуу аймактарга суюлтулган газ ташылат.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев программада каралган иштерге жооптуу орган, мекемелер кынтыксыз иштеши керектигин белгиледи:
- Өкмөттүн бардык тиешелүү тармактары бул ишти аткарууга тартылат. Бул стратегиялык өнөктөшүбүздүн максаттарын ишке ашырууга көмөктөшөбүз. Бардык облустарга газ жеткирүү пландалып жаткандыктан облус башчыларына да тапшырма берилет. Тез арада газды жеткирүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө киришүү керек.
Келишимге ылайык, жер тилкелери, уруксат документтери, абоненттердин даярдыгы кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилигинде.
Анткен менен айрым талдоочулар “Газпромдун” Кыргызстанга убада кылгандарынын аткарылышынан күмөн санайт. Алардын бири экономист Эмил Үмөталиевдин пикиринде, Орусиянын азыркы экономикалык абалын эске алганда, аталган ишкананын газ менен камсыздоо программасы анча ишенимдүү эмес.
- Мен көп ишене албай, абдан күмөн санап турам. Орусия экономикасы, аталган компаниянын абалы оор экени эч кимге жашыруун эмес. Орусиялык ишкананын эл аралык соодасы да жакшы эмес. Андыктан кирешелери төмөндөп, мурдагыдан соода аймактары чектелди. Анан ошол компаниядан үмүт кылганды түшүнбөй турам.
Өткөн жылдын 10-апрелинде Бишкекте “Кыргызгазды” Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатуу келишимине кол коюлуп, “Газпром-Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Өлкөдөгү айрым оппозициялык күчтөр “Кыргызгаздын” 1 долларга сатылышын сындап келишет. Алардын жүйөсүндө стратегиялык мааниге ээ ишкананын толугу менен башка өлкөнүн ээлигине берилиши эгемендүүлүккө доо кетирет.