Жугуштуу дарттын алдын алуу жана андан сактануу үчүн эмне кылуу керек? Жер-жерлерде сыркоолорду дарылоого кандай шарттар бар? Сасык тумоого берилчү дары-дармектер жетиштүүбү?
“Азаттык” радиосу “Арай көз чарай” талкуусун мына ушул маселеге арнады.
Талкууга Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Саматбек Тойматов жана Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери Нургүл Молдалиева катышты.
“Азаттык”: Саматбек мырза, сасык тумоонун айынан азыр Бишкектеги мектептерде окуу убактылуу токтотулуп, жугуштуу оорулар ооруканасында жатканга жер жок калды. Башка жакта абал кандай? Быйыл эмне үчүн сасык тумоо катуу жайылды? Адегенде жалпы Кыргызстандагы абал боюнча маалымат берсеңиз?
Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасында бир эле нөөмөттө алты врач иштеп жатат. Дарыгерге кайрылгандардын жана ооруканага жаткырылгандардын 98% жашы 14 жашка чейинки балдар түзүүдө.Саматбек Тойматов
Саматбек Тойматов: Чынында октябрь айында сасык тумоо менен ооруп кайрылгандардын саны өтө көп болду. Акыркы 10 айдын ичинде республика боюнча медициналык тез жардам алууга 144 миң киши дарыгерге кайрылса, анын ичинен октябрь айынан бери кайрылгандардын саны 100 миң кишиге жакындады.
Территория боюнча карай турган болсок эң көп кайрылгандардын саны Бишкек, Ош, Токмок шаарларында, облустардан Талас, Чүйдө аябай көп болду. Биз аларга жардамдарды жакшылап уюштуруп, өтүшүп кетпеш үчүн тез чараларды көрүп, ооруканаларда кошумча керебеттерди жайгаштырып жатабыз. Врачтардын да кошумча нөөмөттөрүн уюштуруп жатабыз. Мисалы, Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасында бир эле нөөмөттө алты дарыгер иштеп жатат. Андан тышкары кошумча кабыл алуу бөлмөлөрүн да түзүп, тынымсыз күзөт жүргүзүп жатышат. Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору ишемби күнү да кечки саат сегизге чейин иштеп жатышат. Медициналык тез жардамга бир күндө кайрылгандардын саны 500дөн да ашып жатат. Булардын ичинен 300-350гө чейинки чакырыкка үйлөрүнө барып жардам берип жатышат. Дарыгерге кайрылгандардын жана ооруканага жаткырылгандардын 98% жашы 14 жашка чейинки балдар түзүүдө. Алар сыркоолорго берилчү дары-дармектердин баары менен камсыз кылынган.
“Азаттык”: Нургүл айым, сасык тумоо болгондо эң биринчи кантип дарылануу керек? Кандай дарыларды ичүү керек?
Адамдар сыркоолоп калгандан кийин дароо беткап кийип, үйүнөн эч жакка чыкпай дарыланышы зарыл. Коомдук унаада башкаларга ооруну таратып баратканы үчүн жеке жоопкерчиликтүү экендигин сезишсе жакшы болор эле.Нургүл Молдалиева
Нургүл Молдалиева: Сасык тумоону биз мезгилдик оору деп эсептейбиз жана ал күз, кыш айларында аябай күчөйт. Азыр ушул тапта жугуштуу оорулар ооруканасында 431 оорулуу адам жатат, алардын 366сын кичинекей балдар түзүүдө. Сасык тумоонун эң башкы белгиси - дене табы 38-40 градуска чейин көтөрүлүп, чүчкүрүп, башы ооруп, жөтөлөт. Бул ооруну дарылаганга караганда алдын алуу өтө маанилүү. Ал эң биринчиден өздүк гигиенага жана үй-бүлөлүк шартка көз каранды.
Күз маалы жакындап келе жаткан мезгилде вакцина менен эмдетүү керек. Андан тышкары үй шартында бирөө ооруп калса дароо беткап кийип, үйдү тез-тез желдетип, суюктукту көп ичип, вируска каршы дарыларды гана ичүү керек. Элибиз лимон кошулган чайды ичсе жакшы болорун билишет. Ошондой чайды балдар бир литрге, чоңдор эки-үч литрге чейин ичиши керек. Булардан да башка көңүл бура турган эң башкы жана маанилүү жагдай - элдин өз ден соолуктарына кайдыгер караганы жана ооруну башкаларга жуктурбаш үчүн аракет кылбаганы зор кесепетин тийгизет. Мисалы, эртең менен коомдук унаада бараткандардын жок дегенде беш-алты жүргүнчүсү жөтөлүп, чүчкүрүп бараткан болот. Ошондой адамдар сыркоолоп калгандан кийин дароо беткап кийип, үйүнөн эч жакка чыкпай дарыланышы зарыл. Коомдук унаада башкаларга ооруну таратып баратканы үчүн жеке жоопкерчиликтүү экендигин сезишсе жакшы болор эле. Анан ооруганда дароо эле антибиотик ичпей, вируска каршы дарыларды ичиш керектигин баса белгилейм.