Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:40

Чүйдүн тизгини чуулуу кадрга тийди


Алтынбек Намазалиев.
Алтынбек Намазалиев.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Намазалиевдин буга чейин чуулуу окуяларга аты аралашканы социалдык тармактарда талкууланып жатат.

Буга чейин прокуратура тармагында иштеп келген Намазалиев убагында ага каршы негизсиз иш козголгонун, кийин сот аркылуу акталганын айтып жатат.

38 жаштагы Алтынбек Намазалиев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 11-июнда дайындалды. Ал журналист кыздын турпатын келеке кылып, коомчулуктун катуу сынынан кийин кызматтан кеткен Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна келди.

Намазалиев 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «юриспруденция» адистигин аяктап, ушул эле окуу жайда эки жыл мугалим болуп иштеген. 2000 - 2005 - жылдары Бишкек шаардык Биринчи май райондук прокуратурасында стажер, прокурордун жардамчысы болгон. 2006-жылдан тарта Бишкек шаардык прокуратурасында эмгектенген.

2010-жылы апрель окуяларынан кийин Бакиевдерге тиешеси бар делген банктар текшерүүгө алынып, банк уячалары ачылган. Анда банктардан алынган чоң суммадагы каражат боюнча Намазалиевдин аты аталган. Башкы прокуратуранын ошол кездеги маалыматына ылайык, «АзияУниверсалБанк», «Манас» жана «Бакай» банктарынын атайын уячаларынан 21,5 миллион доллардай акча чыккан.

Ошол кездеги башкы прокурор Кубатбек Байболовдун тапшырмасы менен шаардык прокуратуранын жооптуу кызматкерлери Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиевге «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп иш козголгон. Сот кийин айып коюлган прокурорлордун баарын актаган. Алтынбек Намазалиев анын аты аралашкан иш боюнча «Азаттыкка» комментарий берди.

«Туура, бул боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлеринин иши сотко жөнөтүлгөн. Кийин соттун үч инстанциясы прокурорлорду толугу менен актаган. Бул ошол иштин мыйзамсыз козголгонун далилдейт. Жалпыга маалымдоо каражаттарына башында туура эмес маалымат чыгып кетип, ошондон бери элге туура эмес маалымат берилип келет. Мен 2010-жылдан кийин да прокуратура тармагында жооптуу кызматтарда иштедим. Бир топ резонанстуу, коррупциялык иштерди тергедим. Мыйзамда «эгер адамга кылмыш козголуп, жоопко тартылган болсо ал күч тармагына кызматка алынбайт» деп жазылган. Мен мурда соттолсом же кайсы бир иште күнөөлүү деп табылсам, прокурор болуп иштей алмак эмесмин».

Банктардан алынган каражатка байланыштуу ошол учурдагы шаардык прокурор Кубанычбек Абылов менен анын орун басары Манас Нишанов да кызматтарынан алынган.

Кубатбек Байболов 2010-жылы банк уячаларынан акчаны алып, Улуттук банкка өткөрүп берүү менен алектенген прокурорлордон түзүлгөн атайын тергөө тобун айыптаган. Ал «банк уячаларынан 21,5 миллион доллар эмес андан да көп каражат алынган» деп шек санаган.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев банктардан чыгарылган каражат боюнча иликтенген чуулуу иш боюнча мындай деди.

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

«Бул иш боюнча ызы-чуу чыккандан кийин текшерилип жыйынтыгы жарыяланган. Башкы прокуратурада ыкчам топ түзүлүп, тергөөнү алар жүргүзгөн. Ал топту вице-премьер-министр Азимбек Анаркулович жана башкы прокурор Байтемир Ибраев жетектеген. Аларга ишенсе болот го. Биз болсо тергөөгө аралашкан эмеспиз».

Банктагы каражаттын дайын-дареги жана алынган акчанын суммасын иликтеген мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев сөз болуп жаткан окуя саясатташып кеткен деп эсептейт. Бирок прокурорлордон түзүлгөн атайын топ банктардан акчаны алып жатканы тартылган видеотасмалар жоголуп кеткени шек жараткан.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Шаардын прокурору кызматтан кетип, ишти жаңы прокурорго өткөрүп берип атканда камерадагы катуу дисктер (жесткий диск) чын эле жоголуп кеткен. Бул боюнча кийин кылмыш ишин козгошкон. Бирок банктагы ячейкалар кишилердики да. Ар бир жаран банк менен келишим түзүп өзүнүн атынан ячейка ачканга укугу бар. Алардын ячейкаларындагы акчаны бирөө ачып, каражатын кымырып алса ээси арызданыш керек да. Бул иште бир да киши «менин акчамды уурдап кетти» деп арыз жазган эмес. Жабырлануучу жок».

Алтынбек Намазалиевдин ысымы 2016-жылы Кара-Балта шаарында өткөн жергиликтүү шайлоого байланыштуу чырда да аталган. Шайлоодо «Жаңы шаар» партиясынын айланасында чыр чыгып, шайлоо мыйзамынын аткарылышына көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн Жайыл районунун прокурору болуп турган Алтынбек Намазалиев башкы прокурордун буйругу менен жумуштан алынган.

Бул окуядан кийин ал прокуратура тармагынан толугу менен кеткен. Намазалиев буш иште ал саясий оюндардын курмандыгы болуп калганын айтып жатат.

Алтынбек Намазалиев.
Алтынбек Намазалиев.

«Түшүнбөстүктөн жана кандайдыр бир саясий оюндардан улам жалгыз мен эле эмес, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси да кызматтан алынган. Бул жерде эки ишкердин урушун саясатка аралаштырып жиберишкен. Анткени «Жаңы шаар» деген партияны шайлоодон чыгарыш үчүн баарыбызды жумуштан алган. Мен бул жакта саясий оюндардын курмандыгы болуп калгам деп эсептейм».

Намазалиев прокурорлук карьерасын жыйынтыктагандан кийин, 2018-жылы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Чүйдүн Аламүдүн районунун акими болуп дайындалган. Ал 2018-жылдын жыйынтыгы менен Чүйдөгү эң мыкты район деп табылганын, былтыр райондон 1 миллиард 191 миллион сом салык чогултулганын билдирди.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нарынбек Молдобаев Намазалиевдин аким болуп тургандагы ишин баалап, бирок өлкөдөгү жалпы кадр саясатын сынга алды.

«Мен билгенден Аламүдүн районунун акими болуп турганда жаман иштеген жок. Ал эми жалпы эле кадр саясатына келгенде кызматка коёрдон мурун жакшы караш керек. Азыр жаманатты болгондор, өзү бараткан кызмат боюнча адис эместер, билими жоктор министр болуп атат. Кадр тандоодо эмнеге көңүл буруп жатышканын такыр түшүнбөй койдум. Адискөй адамдар келсе жакшы болот эле. Анан ошолордон бир нерсе үмүт этмекпиз».

Алтынбек Намазалиев эми Чүй облусунун башчысы катары таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу маселесин чечерин айтып жатат.

Облустун буга чейин чейинки жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов журналистти келекелеп, маалымат берүүдөн баш тарткандан көп өтпөй кызматтан алынды. Анын ордуна дайындалган Намазалиев болсо жалпыга маалымдоо каражаттары менен жакшы кызматташарын убада кылууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG