"Балам эстүү болчу, бирөөгө жамандык каалабайт. Айылда деле, мектепте деле бирөөгө зулумдук көрсөткөн эмес. Жөн жерден кармап кетишкен. Аябай оор сыноо болду", - деген саамайын ак баскан, убайым тарткан Махабат түштүктөгү райондордун биринде тестиер уулу менен жашайт.
Анын улуу баласы Анварды милиция кызматкерлери "жанынан экстремисттик материалдар" табылды деп кармап кеткен күндү Махабат унута албайт. Сот болуп, уулу беш жылга эркинен ажыратылды. Эми үй-бүлөнүн түйшүгү толук Махабаттын мойнуна түшүп, азыр ар кимдин үй-жайын жыйнап берип, акча таап, экинчи баласын багып жатат.
Анын уулу Анвар Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-пункту менен соттолгон жүздөгөн кыргыз жарандарынын бири.
Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун "Биз такай коркунучта жашайбыз. Кыргызстанда “экстремисттик” материалдарды сактоо” деп аталган көлөмдүү баяндамасы 18-сентябрда жарыяланды. Анда соңку жылдары жүздөгөн адам “экстремисттик” маанайдагы материалдарды сактаган деген айып менен үч жылдан 10 жылга чейин соттолгону баса белгиленет.
Уюмдун эсебинде, 2010-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-пункту менен кеминде 258 адам соттолгон. Дагы жүздөгөн жаран сот чечимин күтүп жатат. 2016-жылдын тогуз айында эле 167 адамга кылмыш иши ачылган.
"Биздин изилдөө аныктагандай, көпчүлүк учурда бийлик бул беренени эч кандай зомбулук жасабаган, болгону тыюу салынган адабиятты же видеоматериалдарды жөн гана сактап жүргөн, же болбосо ислам дининин консервативдүү багыттарын карманган адамдарга каршы колдонуп келет" деп айтылат докладда.
Күч органдары шектүүлөрдөн алган материалды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын эксперттери анализдешет. Эл аралык уюмдун баасында "бул эксперттердин компетенттүүлүгү жана калыстыгы укук коргоочулардын арасында бир топ суроолорду жаратууда" деп белгиленет.
Абактарда экстремизмди жайылтпоо аргасы
Өкмөт экстремисттик маанайда деп шектелген материалдарды экспертизадан өткөрүү ишин Мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматка өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алганы менен ал ишке аша элек.
"Хьюман Райтс Уотч" уюму бул баяндаманы даярдоодо 70 адамдан интервью алып, 299-берененин 2-пункту боюнча козголгон 34 ишти изилдеп чыкты. Интервьюлар Кыргызстанда 2017-жылдын июнь-июль айларында жана 2018-жылдын май айында өткөрүлгөн.
Ага катышкандардын арасында жогорудагы берене менен айыпталып жаткан же соттолгон 11 жаран, ушундай иштерге тиешеси бар делген 13 кишинин туугандары, 17 жергиликтүү укук коргоочу жана адвокаттар, коопсуздук маселелери менен алектенген үч аткаминер, Акыйкатчы аппаратынын бир жетектөөчү кызматкери бар.
Андан тышкары уюмдун адистери 299-берененин 2-пунктунун негизинде козголгон 23 кылмыш иши боюнча соттук документтерди, мыйзамдарды жана расмий документтерди, медиа каражаттарына чыккан материалдарды жана социалдык тармактардагы постторду талдап чыгышкан.
ИИМ: "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун маалыматы негизсиз
Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун баяндамасындагы маалыматты "негизсиз" деп баалады.
- Биздин кызматкерлер жөн жерден эле жарандарды кармай бербейт. Жетиштүү фактылар менен колго түшүрүшөт. Кыргызстанда экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандар 400дөн ашат. Алардын баары эле тыюу салынган материалды сактаганы үчүн эмес, согуш тутанган Сирия, Иракка барып келгени үчүн камалышкан.
Бакиев баяндамада айтылгандай, шектүүлөр кармалган учурда "милиция кызматкерлери жасалма фактыларды колдонгон учурлар болот" деген пикирди "туура эмес" деп, четке какты.
- Күч органдарынын кызматкерлери кимдир бирөөлөрдү тинтүү маалында материалдарды "өздөрү таштап коюп жатат" деген кине айтылып жатат. Мындай нерсе жок. Биздин кызматкерлер тинтүүгө барганда атайын топ: эксперттер, тергөөчүлөр барат. Тинтүү видеокамерага тартылат. Ал жерде бир нерсени таштап коюу деги эле мүмкүн эмес.
Бакиев эл аралык уюмдун "экстремизм" деп эмнени түшүнгөн "позициясына каршыбыз" деген пикирин кошумчалады. "Албетте, биз эл аралык келишимдерге кол койгонбуз, ошол эле маалда улуттук мыйзамдарыбыз да бар. Эгер Кыргызстандын мыйзамына ылайык кандайдыр бир аракет кылмыш деп эсептелсе, ал - кылмыш", - деди ИИМдин өкүлү.
2019-жылы күчүнө кире турган мыйзамда "экстремисттик материалдарды сактагандардан" кылмыш жоопкерчилигин алып салышты.
"Азаттыктын" архивинен: Интернет радикал топторго курал болууда
"Хьюман Райтс Уотч": Эркин маалымат алуу укугу чектелбесин
"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Рейчел Денбер "Азаттык" менен болгон маегинде баяндаманын урунттуу жерлерине токтолду.
"Азаттык": Рейчел айым, Кыргызстанда иликтөө жүргүзүп, көлөмдүү баяндаманы жасоого эмне түрткү болду?
Рейчел Денбер: 2017-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда укук коргоо органдары жүздөгөн адамдарды "экстремисттик" маанайда деп тыюу салынган видео, баракча, адабиятты сактаганы үчүн эле кармап, соттоп, абакка айдап жибергени белгилүү. Алар андай материалдарды башкаларды зордук-зомбулук жасоого үндөп же улут аралык жек көрүүнү жаратууга колдонуп, башка кылмышка барбаса да, оор жазага кириптер болушкан.
Анткени кыргыз мыйзамына ылайык, тыюу салынган материалдар да оор кылмыштардын катарына кирет. Биздин бул баяндаманын максаты - жарандын эркин маалымат алуу укугу бузулуп жатканын көрсөтүү. Муну так ажыратуу терроризмге каршы күрөшүп жаткан башка өлкөлөрдөй эле кыргыз өкмөтү үчүн да маанилүү.
2013-жылы кыргыз парламенти кабыл алган жаңы мыйзамда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-пунктундагы тыюу салынган материалдарды “башкаларга таркатуу максатын” көздөсө, анда "эркинен ажыратуу" каралат деген норма жоюлган.
Бул болсо тыюу салынган материалдарды сактагандарды жапырт оор жазага тартып, абакка кесүүгө жол ачкан. 2010-жылы бул берене менен 258 киши түрмөгө түшсө, соңку үч жылда мындай жазага тартылгандардын саны өсүп, тагдыры талкаланганын көрүп турабыз.
2019-жылы күчүнө кирчү жаңы Кылмыш-жаза кодексинде экстремисттик материалдарды “таркатуу максатын көздөсө” гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат деген шарт кайра киргизилди.
Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө
Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө
Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.
"Азаттык": Экстремизм менен терроризмге келгенде Кыргызстан дүйнөдөгү эң аялуу өлкөлөрдүн бири. Кыргыз бийлиги мамлекеттин коопсуздугун сактоонун аракетинде чара көрүп жатабыз десе, сиздин уюм сындап жатат?
Рейчел Денбер: Албетте, мамлекет өз коопсуздугун камсыздоо үчүн чара көрүүсү абзел. Биз буга толук макулбуз. Бирок адамды тыюу салынган материалдарды сактаганы үчүн эркиндигинен ажыраткан чара туура эмес деп эсептейбиз. Мындай аша чапкан чаралар тескери жыйынтык берет.
Биринчиден, мамлекеттик органдар жеңил-желпи иштердин артынан түшүп, өз ресурстарын коротуп жатат. Анын ордуна коопсуздук кызматы адамдарды чындап азгырган же зордук-зомбулукка үндөгөн аракеттерди аныктап, токтотуунун ордуна убактысын, кубатын башкага жумшап жатат.
Экинчиден, кимдир бирөө өзү “окуйм” деп сактап алган материалы үчүн аны укук коргоо органдары кармап, соттосо – алардын үй-бүлө мүчөлөрү, башка жакындары үчүн трагедия. Алар өздөрүн коомдон бөлүнүп калгандай сезип, бийлик органдарына жек көрүүнү жаратат. Коомдо экстремизмге жана башка коркунучтарга каршы күрөшүү мамлекеттик бийлик менен жеке жарандардын ортосундагы ишенимден куралат.
Милиция жана башка күч органдары жамаатка келип, кайсы бир үйгө кирип, бир нерсени күч менен тартып алып, же жалган жалаа жапкан иштерди ачып, адамдарга зормбулук көрсөтсө, бул бийлик органдары менен коомдун ортосунда ажырымды жаратып, өз ара ишенимин алсыратат. Күч органдары мындай иш-чараларды кеңейтсе, кыргыз жарандары өздөрүн кооптуу сезе баштайт.
Биздин бул баяндаманын максаты - жарандын эркин маалымат алуу укугу бузулуп жатканын көрсөтүү.
"Азаттык": Рейчел айым, көлөмдүү иликтөөдө 70тен ашуун адам менен интервью жасалып, 30дан ашуун кылмыш иши иликтенип, дагы бир топ иш жасалыптыр. Иликтөө өлкөнүн кайсы аймактарында жүргүзүлгөн?
Рейчел Денбер: Биз иликтөөнү Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жана Ысык-Көлдө жүргүздүк. Сурамжылоого тартылгандардын улутун билбейм. Укук коргоо органдары бизге берген маалыматка ылайык, 2010-жылдан 2016-жылга чейин “экстремисттик материалдарды сактаган" деген айып менен иштердин жарымы өлкөнүн түштүк тарабында ачылган. 2016-жылдан тарта мындай иштер дагы көбөйгөн, айыпталгандардын басымдуусу түштүк аймагынан.
"Азаттык": Буга чейин жарыяланган башка баяндамаларды жана күндөлүк медиага чыккан маалыматты карасак, 2010-жылдагы жаңжалдан кийин өзбек улутундагылардын жоопко тартылганын көрөбүз.
Рейчел Денбер: Биз иликтөө маалында түштүк аймагында көп убакыт өткөрдүк. Анткени мен айткандай, биз караган иштердин көбү ошол аймакта ачылган экен. Албетте, Кыргызстандын түштүгүндө башка аймактарга караганда консервативдүү көз караштагылар көбүрөөк. Ошондой эле өзбек улутундагылар дагы жыш жашаган жер эмеспи.
Биздин сурамжылоого катышкандардын көбү алар күч органдарынын бутасына улуту үчүн кабылганын айтышты. Биз чындап эле алар өзбек улутунда болгону үчүн, же чындап эле радикалдашып баратканы үчүн күч органдарынын көзүнө чалдыкканын ырастай албайбыз.
Кыргыз өкмөтү терроризм жана экстремизм менен күрөштө мына ушул аялуу жамааттар менен тыгыз иш алып барып, аларга көңүл бурушу керек. Күч органдары өзбектерди бутага алып, аларды куугунтуктап жаткандай сезимди жоготуш керек. Өзбек жамааттары менен өз ара ишенимди бекемдеп, орнотуп, алардын коомдон обочолонуп калуусуна жол бербеш керек.