Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

Бишкек мэриясындагы батир чуусу


Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңеши жайгашкан имарат.
Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңеши жайгашкан имарат.

Бишкек шаарынын мэриясына таандык сегиз батирди сатып жиберген деп шек саналган мэриянын мурдагы кызматкери Эрик Ашыралиев изделүүдө. Ал «батирлерди сатуу боюнча аукцион өткөрүлүп жатат» деп жарандардан 305 миң доллар алып качып кеткени кабарланды.

Бишкек мэриясына караштуу Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эрик Ашыралиев алдамчылыкка байланыштуу айыпталууда. Ал «аукцион өтүп жатат» деген негизде жасалма документтер менен Бишкектин Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн мэрияга таандык сегиз батирди сатып, каражаттын бир бөлүгүн алганга жетишкени кабарланды. Анын үстүнөн Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаев арызданып, ишти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат.

«Болжол менен август айынын орто ченинде, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык жолу менен жасалма документтер аркылуу Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди ишке ашыруу шылтоосу менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын кызматкери "аукцион шартында өткөрүлүп жаткан" деген шылтоо менен физикалык тараптан жалпы суммасы 305 миң доллар алып, жакынкы арада документтерди жасап берүүгө убада берип, белгисиз тарапка из жашырып кеткен», - деди шаардык милициянын басма сөз кызматкери Сайкал Садыбакасова.

Андан тышкары 1-сентябрда Бишкек шаарынын төрт тургуну кылмышка шектүүгө карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучулар төрт батир сатып алыш үчүн алдын-ала ар бири 20 миң доллардан, баш-аягы 80 миң доллар беришкенин билдиришкен. Бирок батирлерди кайсы жерден алышары тууралуу маалымат такталган эмес.

Эрик Ашыралиев.
Эрик Ашыралиев.

Бул фактылар шаардык милицияда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин «Алдамчылык» фактысы менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Азыркы учурда шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эң кызыгы - Эрик Ашыралиев Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгында IT адис болуп иштеген. Расмий маалымат боюнча ал бул кызматка июль айынын орто ченинде келип, болгону 1,5 айдай гана эмгектенген. Башкармалыктын жетекчиси Нурдин Тынаев жогорудагы окуядан кийин 2-сентябрда Ашыралиевди жумуштан алганын айтып, сатылып кеткени кеп болгон сегиз батир боюнча комментарий берди:

«Эрик Ашыралиев бизде иштеп турганда каяктагы бир протокол, аукционду өзү ойлоп чыгып, батирлерди сатымыш болуп элди алдап акча алган. Бирок ал батирлер сатылган жок. Алар каттоодон да өткөн эмес. Батирлер мэриянын карамагына өткөн боюнча эле турат».

Москва көчөсү 191 дарегинде жайгашкан батирлер Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге таандык, кийин мамлекетке алынган мүлк болуп чыкты. Алардын баары тең үч бөлмөлүү.

Түлеев «Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген» деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланган.

Түлеев анын мамлекетке өткөн үйлөрүнө байланыштуу «Фейсбуктагы» баракчасына кыскача жазды. Ал «зыянды акча менен төлөсө уурдалып кетет» деп, батирлерин өткөрүп бергенин жана ал бюджеттик кызматкерлерге кызмат кылса деп үмүттөнгөнүн билдирди. Мурдагы мэр бул ишти Ашыралиев жалгыз жасаганынан күмөн санады.

Азырынча шек саналып жаткан Ашыралиев жана анын жакындары коюлуп жаткан айып тууралуу үн ката элек.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Музуралиев да ушундай эле ойдо. Ал сөз болуп жаткан ишке мэриянын жана башка мамлекеттик органдардын да кызматкерлери аралашкан болушу мүмкүн деп боолголоп жатат. Ошондой эле шаардын кымбат деп эсептелген районундагы батирлердин тарыхына токтолду:

Канат Музуралиев.
Канат Музуралиев.

«Менин билишимче мамлекет бул батирлерди мэриянын карамагына өткөрүп берген. Бирок азырынча алардын документтери да бүтө элек. Жада калса үйлөр ремонттолгон эмес. Батирлер мэрияга мурдагы мэр Албек Ибраимовдун тушунда өткөн. Алардын ар бири 100 кв. метрден чоң. Өтө чоң батирлер».

Мыйзам боюнча мэрия муниципалдык батирлерди сатпайт, алар муктаж болгондорго же ижарага берилет. Бирок Бишкек шаардык кеңеши ар бири үч бөлмөдөн турган сегиз батирди аукцион аркылуу сатып, мамлекеттик кызматкерлер үчүн бир-эки бөлмөлүү көбүрөөк батир алуу сунушун киргизүүнү карашкан экен.

Бул чуулу окуянын аркасы менен «Мэриянын карамагында канча мүлк бар жана алар максаттуу пайланылып жатабы?» деген суроолор пайда болду.

Шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докенов мэрияда мүлккө байланыштуу маселелер бар экенин айтып берди:

Эрнис Докенов.
Эрнис Докенов.

«Эки-үч жылдан бери мэриянын карамагында жалпы канча мүлк, канча муниципалдык батир бар экенин сурап атып жооп ала албай койдук. 2015-жылы комиссия түзүп мэрияга караштуу мүлктү текшергенде аларды сактоо, көзөмөлдөө боюнча бир топ мыйзам бузулган учурлар чыккан. Ошол кезде кызматтык машинелер менен батирлер Жогорку сотто, прокуратурада, президенттик аппаратта иштеген адамдарга, спортчуларга берилип кеткен фактылар аныкталган. Мыйзам бузулган учурлар боюнча материалдарды прокуратурага, УКМКга бергенбиз».

Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда башкармалыктын балансында 196 кызматтык турак-жай бар. Анда мэрияда иштеген жана башка мамлекеттик кызматкерлер жашайт.

Андан тышкары тууган-туушканы жок, жалгыз жашап өтүп кеткен адамдардын үйлөрү да соттун чечими менен мэрияга өтөт. Бишкекте андай 17 батир бар. Эки жума мурун балдар үйүндө чоңоюп, 18 жашка чыккан жетим балага ушундай батирлердин бири берилди. Кезекте дагы 36 жетим бала турат.

Ал эми Бишкек боюнча батирге муктаж катары кезектер тургандардын саны 4-5 миң кишиге чамалайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG