Жергиликтүү бийлик абалдын мындай болушуна эки тараптуу кызматташуу жакшырганы себеп болгонун белгилешүүдө. Бирок аймак тургундары болсо чек арадагы абал дале мактанаарлык эмес дешет.
Чыр-чатактар азайды
Быйыл августта Баткен району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен аймакта автоунаалар таш бутага алынышын кошпогондо кыргыз-тажик чеги быйыл кыйла тынчыраак болду десек болот. Жылдагыдай быйыл бир жолу да жайыт, же суу талаштан аймакта чыр катталбады дешет расмийлер.
Өткөн жылдары жер-суу, жайыт, жол талаштан тез-тез эле чыр чыгып, жол торомой, кошуналардын бирин-бири таяктаганга чейин барышы сыяктуу окуялар катталып турган.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Саитжан Эратов чек арадагы абалдын кыйла жөндөлүп, чыр-чатактар кыскарышына чектеш аймактагы жергиликтүү бийликтердин кызматташуусу жанданып, көпчүлүк маселелер чечилгенинен улам жетиштик деп эсептейт:
- Чек арадагы тирешүүлөр былтыркыга салыштырмалуу кыйла азайды. Жергиликтүү бийлик колдон келгенин жасап, тынымсыз аракет болгонунан ушундайга жетиштик.
Канткен менен бул көрүнүш түбөлүккө орноду же ушуну менен эле маселе чечилди дешке болбойт дегендер да бар. Анткени чек арада дале чыңалуулар жок эмес. Чек аралар алиге тактала элек, чектеш айылдарда болсо турмуштук маселелер чечилбеген бойдон кала берүүдө.
Жергиликтүү серепчи, көп жылдардан бери чек арадагы маселелер боюнча алектенип келген Хаитали Айкыновдун пикиринде, маселени чечүү үчүн дагы кыйла аракеттерди көрүш керек.
- Аймактагы чек арадагы чыңалуу жөндөлүп калды дегенге негиз жок. Себеби жыл сайын жаз айларында суу, жайыт, жол маселелеринде тирешүүлөр болуп турат. Ал эми чек арачылардын аракетин бир жактуу жакшы, же жаман деп айтуу кыйын. Кээ бир жерлерде Кыргызстандын чек ара бекеттеринин чек ара сызыгынан ичкериде жайгашкандары да бар.
Ал эми чек ара кызматынын акыркы убакта жандуу аракети кандайдыр бир деңгээлде басаңдагандай болуп, чек аралаш аймактагы маселелерде унчукпоо абалын кармап жатат дегендер да бар.
Облустук бийликтин өкүлү Саитжан Эратов чек ара кызматы көпчүлүк учурда Бишкектен буйрук күтүп, өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат дейт. Анын айтымында, эгер чек ара кызматынын жетекчилиги Бишкекке которулуп, аймактык башкармалыктарга көбүрөөк укук берилсе, маселе алдыга жылмакчы.
- Мен өзүм деле чек арачы катары чек ара кызматына ичим чыкпай келет. Чек арачылардын саны, техникалары жетишсиз болгон жактары бар. Көп учурда чек арачыларыбыз Бишкекти карап туруп калганда маселе терс чечилип калып, жергиликтүү тургундардын нааразылыгы жаралып калууда. Менимче, чек ара кызматынын жетекчилиги Оштон Бишкекке которулганда аймактык башкармалыктарга көбүрөөк укук берилип, маселени жеринде чеччү болсо иш алдыга жылат.
Өзбекстан сөзгө келбей турат
Баткен облусу бир тарабынан Тажикстан менен чектешсе, бир тарабынан Өзбекстан менен да чектешип турат. Бирок Өзбекстандын кошуна аймактарындагы бийлик өкүлдөрү менен Тажикстан тараптагыдай кызматташуу, мамиле түзүү азырынча байкалбайт.
Баткен облустук бийлигинде мурда укук коргоо жана коргонуу бөлүмүн жетектеген Таштемир Эшалиев Өзбекстан менен макулдашуулар бир тараптуу аткарылып жатканын айтат. Анын айтымында, кошуналар менен мамилени калыбына келтирүү үчүн бирдей эреже болуусу зарыл:
- Мурдараак Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш аймактарында кызматташуу бир аз жакшы болчу. Тез-тез жолугушуулар өтүп, макулдашуулар болуп турчу. Азыр болсо Өзбекстан таптакыр сүйлөшүүлөргө келбей турат. Өзбекстан өз аймагын бир тараптуу жаап алган. Биз менен чектешкен беш району болсо биздин бир да жаран ал тарапка кире албайт. Ал эми алардын жарандары кенен-кесири биздин аймака келип, кала берсе оор жүк ташуучу автоунаалары да кирип-чыгууда. Биздин унаабызды эмес, бир да жараныбызды өткөрбөйт. Эмнеге андай болушу керек?
Баткен облусунун аймагындагы чек арачылардын материалдык жана техникалык абалы оор болуп жатат деген маселе да көптөн бери айтылып келген. Ушу тапта Орусиядан келген жардам катары бир топ техника жана башка шаймандар берилип жатканы да айтылууда. Мындан бир ай мурдараак аймакта шарт жоктугунан жана маяна аздыгынан чек арачылар кызматын таштап кетип жатканы тууралуу да сөз болгон.