Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:34

Украина Орусиянын "рекорддук сандагы" дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Украина. Архив сүрөт.
Украина. Архив сүрөт.

Орусия 26-ноябрга караган түнү Украинанын аймагын дрон жана "Искандер-М" баллистикалык ракеталары менен аткылады. Украинанын Куралдуу күчтөрү "рекорддук сандагы" Shahed учкучсуз учактары колдонулганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Украинага каршы "Искандер-М" ракеталарынан төртөө, согуштук дрондордон 188и колдонулду. Дрондордун 76сы 16 облус аймагында, анын ичинде Киев облусунда атып түшүрүлдү.

Адамдар арасында жабыркагандар барбы же жокпу, азырынча маалымдала элек.

Тернополь облусунун 70% электр жарыгысыз калды.

Ал тапта Украина Советтер Союзу маалындагы миналарды жок кылуу иши Орусиянын кол салуусунан кийин дээрлик үзгүлтүккө учураганын 26-ноябрда Камбоджада өтүп жаткан эл аралык конференцияда өлкөнүн Коргоо министрлигинин өкүлү Евгений Кившик билдирди:

"Мина сакталган кампалар жайгашкан жерлер Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылууда. Мындай кампалардын көбү Орусиянын аскерлери ээлеп алган аймактарда да жайгашкан. Миналар боюнча аудит жана текшерүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү азыр бизде жок болууда".

1997-жылы Ослодо "Жөө аскерлерге каршы миналарды пайдаланууга, кампага коюуга, өндүрүүгө жана өткөрүп берүүгө тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенция" кабыл алынган. Ага ылайык, советтик кезден бери калган 6 миллионго жакын минаны жок кылуу тууралуу эл аралык план иштелип чыккан.

Украина 2022-жылдын февралынан бери Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүүдө. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG