Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:17

"Жунданын" жумушчулары нааразы


Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү завод.
Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү завод.

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводдун кесиптик кошуундар уюму жетекчилик жумушчулардын эмгек укугун бузуп, шартын камсыз кылбай, зыяндуулук үчүн кошумча акы төлөбөй келатканын билдирди.

Кытай инвестору негиздеген заводдун жетекчилиги тиешелүү эмгек шарттарын талап кылган айрым жумушчуларды жана алардын укугун коргогон профкомдун өзүн кошо куугунтуктап, жумуштан айдап салганы белгилүү болду.

Мунай заводун иштеткен “Чайна Петроль Жунда” компаниясынын жетекчилиги жумушчулардын эмгек укугу бузулуп, мыйзам сакталбай жатканы тууралуу дооматтарды четке какты. Экономика министрлиги жагдайды териштирүүгө убада берди.

Өзү коргоого муктаж профсоюз

Кара-Балта шаарында жайгашкан мунай иштетүүчү заводдун кесиптик кошуун уюмунун төрагасы Нурбек Сулайманов жумушчулардын эмгек укуктары бузулуп, алар басмырлоого кабылган терс көрүнүштөр боюнча компаниянын жетекчилиги чара көрбөгөнүнө даттанды.

Анын айтымында, жумушчулардын тиешелүү шарт түзүү, маянаны теңдештирүү жана зыяндуулук үчүн төлөм киргизүү сыяктуу талаптарын заводдун жетекчилиги укпай келген.

Профсоюз уюмунун төрагасы Нурбек Сулаймановдун сөзүнө караганда, анын жетекчилик менен мамилесинин биротоло бузулушуна акыркы жолу куугунтукка кабылган жумушчуну коргоп чыкканы себеп болду:

Нурбек Сулайманов.
Нурбек Сулайманов.

- Эки-үч жылдан бери эле жумушчуларды зыяндуу шартта иштеткени үчүн кошумча акча төлөп берүүнү талап кылып келатабыз. Мындан сырткары маянаны теңдештирүү жана жумуш кийимдери менен убагында камсыз кылуу сыяктуу маселелерди көтөрүп келгенбиз. Ошол коюлган талаптардын бирөө да аткарылган жок. Анан жакында Искендер Мамыркулов деген жумушчу, биздин профсоюз уюмунун мүчөсү видео кайрылуу жасаганда ага каршы куугунтук күчөдү. Анан биз аны коргоп чыктык. Анан жетекчилик бизге да кысым көрсөтө баштады. Кадрлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары келип, менден иш бөлмөмдү бошотууну талап кылды. Мен болсо эмненин негизинде бошотушум керек экенин түшүндүрүп берүүнү сурандым. Бирок жооп болгон жок. Эртеси коопсуздук кызматынын өкүлдөрү келип, мени күч менен иш бөлмөмдөн чыгарып салышты. Иш бөлмөмдө профсоюз уюмуна байланыштуу документтер кала берди. Булар мага чейинки профсоюз уюмунун төрагаларын да ушундай жол менен кетиришкен.

Кытайдагы атайын адистештирилген окууга жөнөтүлүп, аны бүтүрүп келген Искендер Мамыркулов мунай заводунда үч жылдан ашуун слесарь-механик болуп иштеп жүргөн. Ал мамлекеттик органдардын чыгарган тыянактарындагы талаптарды кытайлык инвестор аткарбай жатканы жөнүндө президентке жана парламентке жиберген видео кайрылуусунун айынан жумуштан айдалганын айтты.

Искендер Мамыркулов инвестор жумушчуларды зыяндуу шартта иштеткени үчүн аларга акча төлөөдөн баш тартып келгенин билдирди:

Искендер Мамыркулов.
Искендер Мамыркулов.

- Биздин цехте иштеген 13 киши башында жамааттык түрдө арыз жазып, Экотехинспекцияга, Санэпидемстанцияга кайрылганбыз. Ал жактан келип, текшерип, изилдеп чыгып, чын эле биздин зыяндуу шартта иштеп жатканыбызды аныкташкан. Бирок ал аныктаманы заводдун жетекчилиги аткарбай келди. Кийин ошол мамлекеттик органдардан дагы бир сыйра эскертүү келгенде гана тиешелүү буйрук чыгарып, жумушчуларга зыяндуу шартта иштегени үчүн кошумча төлөм бериле турганы айтылган. Бирок андан кийин деле өздөрүнүн ошол буйругун аткарышкан жок. Ага ылайык, 1-сентябрдан баштап сөз болуп жаткан төлөм бериле баштамак. Бирок андай болгон жок. Кайра тескерисинче, мени жумуштан айдап салышты. Ага компаниянын жетекчилиги мамлекеттик органдардын тыянагын аткарбай жатканы тууралуу социалдык тармактардагы менин президентке жана парламентке жекече видео кайрылуум негиз болгон имиш.

Ошол эле кезде "Жунда" мунай иштетүүчү заводунун профсоюз уюмунун төрагасы болгон Нурбек Сулайманов ишканада жумушчуларды иш убактысынан ашыкча иштетүү, каршы чыккандарды жазалоо сыяктуу катаал ыкмалар колдонуларын айтты.

Нурбек Сулайманов жетекчилик өзүнө жакпаган айрым жумушчуларды басынтып, кордоп жиберген учурлар да бар экенин белгиледи:

- Бул жерде бизге айрым жумушчулар заводдогу кээ бир башчылар аларды кордоп, мажбурлап, убактысынан ашыкча иштетип, пол жуудуруп, даараткана тазалатканы тууралуу көрсөтмөлөр бар. Алардын айтканын аткаруудан баш тарткандарды жумуштан айдап, же эч болбоду дегенде маянага кошулчу сый акысын кесип салган учурлар болгон. Ар кандай айыптарды салып эле биздин жумушчуларды ушунчалык кордогонго чейин барышат.

Инвестор дооматтарды тааныбайт

Анткен менен мунай заводун иштеткен “Чайна Петроль Жунда” компаниясынын жетекчилиги жумушчулардын эмгек укуктары бузулуп, Кыргызстандын мыйзамдары сакталбай жатканы боюнча коюлган дооматтарды четке какты. Жетекчиликтин айтымында, мунай иштетүүчү завод тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө иштейт.

Компаниянын жетекчилигинин өкүлү Алмаз Чокморов кытай инвесторуна карата айтылган дооматтар негизсиз деп эсептейт.

- Мунун баары жалган. Бизде жумушчуларды мыйзамсыз түрдө жумуштан айдоо фактылары жок. Сулайманов менен Мамыркулов эмгек мыйзамдарынын негизинде жумуштан кетишкен. Бизде бүт баары тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө. Алар келип дайыма текшерип турушат. Эгерде кандайдыр бир кемчиликтер болсо, аларды биз өз учурунда оңдойбуз. Мыйзам боюнча жумушчулар иштеп жаткан жердеги зыяндуулукту алгач комиссия аныктап, анын негизинде кошумча төлөм киргизүү жагы чечилет. Бизде азыр заводдун бардык жеринде эмес, бирок "зыяндуулугу бар" деп белгиленген жерлерде иштеген жумушчуларга акча төлөнөт. Заводдо Кыргызстандын мыйзамдары менен иш жүргүзүлөт, алар толук сакталат.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров "Жунда" заводундагы азыркы абал менен тааныш эмес экенин билдирди. Ал эмгек укуктары бузулган фактылары боюнча даттанган жумушчулардын арызын териштирүүгө убада берди:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

- Аталган заводго бир жыл мурун барып, көрүп келгенбиз. Бирок биз ал кезде заводго барганда ошондой маселе бар экендиги айтылган эмес. Эгерде азыр андай маселе чыгып жаткан болсо, анда айтылган жумушчулардын арыздарын текшерип, териштирип чыгабыз. Инвестор менен бул маселе боюнча жолугуп, сүйлөшөбүз.

Кара-Балтадагы "Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү, кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG