Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Зеленский: Орусия Украинага каршы бир аптада 800 бомба колдонду


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский өз өлкөсү Орусиянын тынымсыз аба соккуларынан, дрон чабуулдарынан жана ракеталарынан коргонуу үчүн "көбүрөөк абадан коргонуу системаларына муктаж" экенин айтты.

Ал соңку бир аптада Орусия Украина аймагына 800дөн ашуун башкарылуучу авиациялык бомба таштаганын, 460 дрон жана 20дан ашык ракета менен сокку урганын 24-ноябрда Фейсбукка жазды.

"Биздин асманыбызды бекем коргоо абдан маанилүү", - деди Зеленский.

Ошондой эле ал Киев өз өнөктөштөрү менен Украинанын абадан коргонуусун жакшыртуу үчүн "жигердүү иштешип" жатканын кошумчалады.

24-ноябрга караган түнү орус армиясы Украинага дрондор менен сокку урууну улантты. Баш калаа Киевде үч саат бою сиренанын добушу угулуп турду.

Киевдеги аскердик администрация абадан коргонуу системалары ондон ашык дрондорду атып түшүргөнүн, кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин билдирди.

Армиянын маалыматына ылайык, жекшембиге караган түнү Орусия Украинаны көздөй жалпы 73 дрон учурса, алардын 50дөйү атып түшүрүлдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги да украин армиясы учурду деген 30дан ашуун дронду атып түшүргөнүн маалымдады. Алардын 27си Курск облусунда жок кылынган.

Курскинин губернатору Алексей Смирнов алыстан башкарылуучу учуучу аппараттардан тышкары облус аймагында Украинанын эки ракетасы атып түшүрүлгөнүн айтты. Ал кандай ракета экени тактаган жок. Бирок Орусиянын согуштук аракеттерин пропаганда кылган Телеграм-каналдар Курск облусун бештей ATACMS жана Storm Shadow ракеталары бутага алганын жазышты. Бул маалыматты украин тарап ырастаган жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG