Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Пакистанда шийилер менен суннилердин кагылышуусу 80ден ашуун адамдын өмүрүн алды


Куррамдагы кагылышуулардын биринде каза болгондорго аза күткөндөр, 22-ноябрь 2024-жылю
Куррамдагы кагылышуулардын биринде каза болгондорго аза күткөндөр, 22-ноябрь 2024-жылю

Пакистандын түндүк-батышында шийи жана сунни мусулмандарынын соңку үч күн ичиндеги кагылышуусунан 80ден ашуун адам өлдү. Дагы 150дөй киши жаракат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 24-ноябрда билдиришти.

Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Куррам районундагы кагылышуулар 21-ноябрда башталган. Ага шийилер бараткан автоунаага белгисиз куралчан адамдар ок атып, андан кеминде 38 кишинин каза тапканы себеп болгон. Бул чабуул жана райондогу удаалаш кандуу кагылышуулар үчүн эч бир топ жоопкерчиликти ала элек.

Полициянын маалыматына ылайык, үч күн ичинде куралчан адамдар үйлөрдү, дүкөндөрдү жана өкмөттүк имараттары өрттөгөн учурлар болду. Кризисти жөнгө салуу үчүн өкмөттүк делегация аймакка барды.

Reuters жаңылыктар агенттиги жазгандай, Пакистандын Ооганстан менен чек арасына жакын жайгашкан Куррам районунда суннилер менен шийилердин ортосунда мындай араздашуулар жер талаш сыяктуу маселелерден улам утур-утур катталып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG