Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун акушер-гинекологу Жылдыз Абдырахманова Түркиянын Кастамону шаарына дарыгерлер тобу менен келди. Ал Кастамону университетинин медицина факультетинен теориялык сабак алып, жеке менчик ооруканада түрк кесиптештери менен тажрыйба алмашып жатат. Жылдыз Абдырахманова иштеп жаткан ооруканасындагы шарттар тууралуу айтып берди:
«Түркиянын ооруканалары биздикинен албетте, алдыга озуп кетиптир. Дарыгерлердин колдонгон аспаптары, шаймандары заманбап, бардык талаптарга жооп берет экен. Эң маанилүүсү - бейтаптар бир ооруканадан экинчисине чуркашпайт экен. Бейтаптар үчүн баары ыңгайлаштырылып, бир эле жерде лабораториясы, эмканасы, УЗИси бар экенин көрүп таң калдык».
Нарын медициналык клиникасынын жетекчиси Анара Бердикожоева да кыргызстандык дарыгерлердин катарында. Анын кардиолог катары 20 жылдык тажрыйбасы бар. Түркиянын ооруканаларына биринчи жолу келген Анара Бердикожоева бул жерден үйрөнүп, Кыргызстанда ишке ашыра турган бир канча жагдайды атап өттү:
«Мен Түркиядагы ооруканалардан көргөн нерселеримди Кыргызстанда да колдонсомбу деп ойлоп калдым. Мисалы, эң жөнөкөй, бирок маанилүү жагдай - бир да антибиотик аптекада рецепти жок сатылбайт экен. Дарыгерлердин көзөмөлүндө гана бейтаптар жол-жобосун билип алып колдонушат экен. Муну менен бейтаптардын да өзүм билемдик менен дары-дармек колдонушун токтотмокпуз деп ойлоп калдым. Түркияда дарыгерлердин да кадыр-баркы жогору экенин байкадым».
Түркияга тажрыйба алмашууга келген кыргызстандыктардын арасында Кыргыз улуттук медициналык академиясынын жоон тобу бар. Жээнбек Жакупбеков академиянын педиатрия бөлүмүнүн 6-курсунда окуйт. Жээнбек түрк хирургдары менен бирге оор операцияларга кирип, муну менен өзүнө чоң тажрыйба топтоп жатканын баса белгиледи:
«Учурда мен операциялык бөлүмдө иштеп жатам. Бир оорукананын ичинде үч операциялык блок бар экен. Алардын ар биринен локороцептикалык жабдуу жана микроскоп көрдүм. Кыскасы жабдуулары заман талабына ылайык экен. Мен түрк дарыгерлердин деңгээлине баа бердим. Алар бизди чет өлкөлүк деп бөлбөй, тескерисинче жардам берүүгө умтулушат экен. Ар бир сурообузга тажабай жооп берип, бизге сылык мамиле кылып жатышат».
Кыргызстандык дарыгерлердин учак билетинен башка Түркиядагы бардык чыгымдарын «Кыргыз экономикалык жана социалдык өнүгүү фонду» каржылайт. Учурда экинчи топтогу дарыгерлер келишкен. Фонддун жетекчиси Кудрет Артыкбаев да Кастамону университетинин улук окутуучусу. Ал эки өлкө ортосунда дарыгерлердин тажрыйба алмашуу долбооруна кененирээк токтолду:
«Биздин долбоорго медицина жаатында иштеп жаткан ар бир дарыгер катыша алат. Азырынча жаңыдан баштагандыктан көп кайрылгандар деле болгон жок. Учурда бизге кайрылган бардык дарыгерлерди алып келдик. Алар түрк тилин билиши зарыл эмес. Анткени алардын жанында котормочулук кылып жаткан биздин кыргызстандык студенттер бар. Ар бир келген топ 15 күндүк медициналык практика алып кетет. Бул долбоор бир жылга созулгандыктан кыргызстандык ар бир дарыгерди күтөбүз».
Түркиянын саламаттык сактоо министринин 2017-жылды жыйынтыктоочу жыйынында берген маалыматына ылайык, 2012-жылдан бери 456 чет өлкөлүк дарыгер иштөөгө уруксат алган. Алардын 70и Азербайжандан, 50сү Ирандан, 49у Сириядан, 39у Палестинадан жана 26 адис Кыргызстандан келип иштеп жатышат. Министрликтин маалыматына ылайык, Түркияга өз кесиби боюнча иш издеп келген медиктердин саны жыл сайын көбөйүүдө.