Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:31

Жакупова: Аскаровдун иши кайра караларына көзүм жетпейт


Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча эксперттери өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду тез арада бошотуп, аны күнөөлүү деп тапкан өкүмдү жокко чыгарууга чакырды.

Кыргыз бийлигине БУУнун Адам укуктары комитетинин эксперттеринин билдирүүсү таасир бере алабы, Жогорку Соттун чечими менен өмүр бою абакка кесилген Аскаровдун ишин кайра караса болобу ушул жана башка суроолорду Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин мүчөсү, “Бир Бол” фракциясынан депутат Чолпон Жакуповага узаттык.

“Азаттык”: БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Кыргызстанды Азимжан Аскаровду бошотуп, аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгарууга чакырууда. Кыргыз бийлигине БУУнун эксперттеринин сунушу таасир бере алабы?

Чолпон Жакупова: Бул БУУнун комитети чыгарган биринчи чечим эмес. Буга чейин ушул өңдүү мазмунду камтыган төрт чечим болгон. Анын бири Анжиян козголоңунан Кыргызстанга качып кирген качкындарды кайра өзбек тарапка бербегиле деген чечимге карабай, Кыргызстан качкындарды өткөрүп салган жана эч кандай айып төлөгөн эмес. Андыктан БУУнун бул өңдүү чечимдери Кыргызстанга эч кандай таасир бере алган жок.

Бул саясий чечим болгондуктан, сөзсүз саясий акыбети болот. Бирок экономикалык жактан эч кандай таасир бере албайт.

Азыр соттор толугу менен көз каранды. Ошондуктан Жогорку Сот Аскаровдун ишине кайра кайрыларына көзүм жеткен жок. Соттордун бардыгы 7-кабатты карап калган.

“Азаттык”: Комитеттин эксперттеринин сунушунда “зарыл болсо, «калыстык жана көз карандысыздык принциптерин, күнөөсүздүк презумпциясын жана башка процессуалдык кепилдиктерди сактоо менен жаңы соттук процесс өткөрүлүшү керек” деп жатат. Бирок Аскаровду өмүр бою абакка кесүү чечими Кыргызстандагы акыркы инстанция деп саналган Жогорку Соттун да чечими бар. Эми кандай жол менен сот өкүмүн өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар?

Чолпон Жакупова: Бизде мыйзамда “жаңы жагдайлар” деген түшүнүк бар. Бул беренеге такап биздин мыйзамдар ишти кайра кароого мүмкүнчүлүк берет. Анын үстүнө БУУ комитетинин чечими ишти кайра кароого жакшы түрткү берип жатат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Комитет өзүнүн корутундусунда Аскаровду бир гана бошотпостон, Кыргызстан Аскаровго келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтуруп бериши керек деп жатат, бул жагын да азыркы бийлик көңүлгө алабы?

Чолпон Жакупова: Менин ага көзүм жетпей жатат. Себеби бизде акыркы убакта соттор юридикалык чечим эмес, саясий чечимдерди аткарып жатпайбы. Азыр соттор толугу менен көз каранды. Ошондуктан Жогорку Сот Аскаровдун ишине кайра кайрыларына көзүм жеткен жок. Соттордун бардыгы 7-кабатты карап калган. Атүгүл президент өзү дагы азыр сотторго ишенич жок дегенден кийин иштин бүткөнү да.

XS
SM
MD
LG