Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Европадагы хижаб талкуусу: Косоволук кыз мектепке кантип барат?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европада аялдардын хижаб кийүү укугуна байланыштуу талкуу уланууда. Бул жолу көңүл борборунда Косоводогу окуя - жогорку класста окуган кызга сабакка катышууга тыюу салынды. Балкандагы 1,5 миллион калкы бар өлкөдө жашагандардын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт.

Косоводо орто мектептин окуучу кызы сабакка хижабчан киргизилбей койгон окуя жакында өлкөнүн батыш аймагындагы Печ шаарында болгон. Жалпы континентте соңку жылдары эң көп талкууланган маселеге айланган хижаб темасы Европада кайрадан көтөрүлгөн бул окуя аталган шаардын Бедри Пежани атындагы академиялык орто мектебинде катталды.

Жергиликтүү бийлик органдары жана мектептин администрациясы мугалимдер эч кандай мыйзам бузууга барбаганын, болгону, өлкөнүн Билим берүү, илим, технологиялар жана маалымат министрлигинин 2014-жылдагы токтомунун талаптарын аткаруу максатында окуучу кыздын мектепте хижабчан жүрүүсүнө тыюу салынганын билдиришти. Алардын айтымында, аталган токтомдо башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринде диний кийим кийүүгө уруксат жок экени жазылган.

Бирок мындай пикирге каршы болгондор, анын арасында өлкөнүн мусулман коомчулугунун өз алдынча бирикмеси катары белгилүү «Косовонун ислам жамааты» (KBI) мектеп да, жергиликтүү бийлик да өкмөттүн ошол токтому туура эмес чечмеленип жатканын айтышты. Алардын пикиринде, бул документте талаптар так жазылган эмес, ошондуктан 18 жаштагы кыздын укуктарынын, билим алуу укугунун бузулушуна жол берилген.

Териштирүү укук тартибин коргоо органдарына чейин жетип, кыздын ата-энеси полицияга арыз жазган. Арыздын негизинде Печ шаарынын прокуратурасы окуучу кыздын укугу бузулганбы же жокпу, териштирүү жүргүзө баштаган.

Печ шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Насер Гега 30-сентябрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргендей, териштирүү уланууда, жыйынтыгы бир нече күндөн кийин жарыяланат. Ал эми окуучу кыз, жетекчинин айтымында, ошол окуядан кийин азырынча мектепке бара элек.

2008-жылы эгемендигин жарыялагандан бир жылдан кийин расмий Приштина башталгыч жана орто мектептерде окуучулардын диний кийимчен жүрүүсүнө тыюу салган. Косово бийлигинин мындай чечими өлкөнүн мусулман коомчулугунун арасында нааразылык жараткан. Өкмөт чектөөнүн себеби бар экенин, анткени Конституциясына ылайык Косово светтик мамлекет деп жарыяланганын билдирген.

Андан бери билим берүү тармагындагы мыйзамдарга бир нече толуктоо жана өзгөртүү киргизили. 2014-жылы министрликтин жаңы токтому чыгып, окуу жайларындагы диний кийимге байланыштуу чектөө бекемделди.

Косовонун Конституциясы өлкөдө дин тутуу эркиндигине кепилдик берет. Дин маселелерин жөнгө салуучу мыйзамда мамлекет динден тышкары экендиги жазылган. Калкынын саны 1,5 миллиондун тегерегиндеги бул мамлекеттин жарандарынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт. Бирок алардын көбү динге анча берилбеген, катуу деле кармана бербеген жарандар.

Анткен менен өлкө эгемендикке ээ болгондон тартып коомдо исламдын консервативдүү агымдарына көбүрөөк ыктагандар барган сайын көбөйүп жатканын байкоого болот. Салыштырып караганда андай жарандар анча көп эмес экенине карабастан, үнү угулбай калып жаткан жок.

Приштина шаарындагы Хасан Бег мечитине келген аялдар, 9-ноябрь, 2018-жыл
Приштина шаарындагы Хасан Бег мечитине келген аялдар, 9-ноябрь, 2018-жыл

Бир жыл мурда өлкөнүн түштүгүндөгү Призрен шаарында мусулман коомчулугунун өкүлдөрү аралашкан дагы бир окуя катталган. Алар шаарга концерт койгону барган канадалык ырчы, белгилүү феминист жана ЛГБТ кумири Пическе каршылыгын билдирип, нааразылык акциясын уюштурушкан. Акцияны чагылдыруу үчүн барган кабарчылар куугунтукка кабылганы кабарланган.

Хижаб маселеси Европада эң талкууланган темалардын бирине айланганына бир топ жыл болуп калды. 2004-жылы Франция мамлекеттик мектептерде жоолук салынууга жана «байкалып туруучу» диний символдор менен жүрүүгө тыюу салганда бул өлкөнүн өкмөтү катуу талкуунун чордонунда калган. Көп өтпөй Европанын башка да бир катар өлкөлөрүндө ушул сыяктуу чектөөлөр киргизилген.

Билим берүү мекемелеринде, жумуш ордунда жана коомдук жайларда хижабчан жүрүүгө толук же жарым-жартылай тыюу салынган чечимдер Европа Биримдигинин бир катар өлкөлөрүндө, мисалы, Австрияда, Бельгияда, Болгарияда, Данияда, Италиянын кээ бир аймактарында, Нидерландда (коомдук жайларда) жана Испаниянын автономдук аймагы Каталониянын райондорунда кабыл алынган.

Адам укуктары жаатында иштеген Open Society Justice Initiative юристтер тобунун 2022-жылдын март айында даярдалган баяндамасында айтылгандай, мындай чектөөлөрдүн көбү 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук актыдан улам АКШда терроризмге каршы глобалдык согуш жарыяланып, диний кийимчендерге карата шектенүү пайда боло баштаган кезде киргизилген.

2021-жылдын июль айында Европа Биримдигинин Жогорку соту чыгарган чечимге ылайык, жумуш берүүчүлөргө кайсы бир учурда, айрыкча эгер кызматкердин иши коомчулук менен, адамдар менен түздөн-түз байланышта болгон шартта жумушчулардын хижаб же башка диний кийим кийүүсүнө чектөө коюуга жол ачылган.

2022-жылдын октябрында ошол эле сот мекемеси эгер жумуш берүүчү кол астында иштеген кишиге кызмат учурунда диний кийим кийип жүрүүсүнө тыюу салгысы келсе андай талабын негиздеп берүүгө милдеттүү болушу ыктымал деген чечим чыгарган. Мындай чечимдин чыгышына Бельгияда мусулман келиндин жумушта хижабчан жүрүүсүнө тыюу салынгандыгына байланыштуу териштирүү негиз болгон.

Косоводо окуучу кыз кабылган окуя эмне менен бүтөрү азырынча белгсиз. Кыздын ата-энеси «Тынчтык борбору» деп аталган жергиликтүү укук коргоо бейөкмөт уюмунан жардам сурап кайрылды.

Уюмдун жетекчиси жана жергиликтүү имам Лабинот Малики мындай кайрылуулардын арасынан териштирүү жүргүзүүнүн натыйжасында соңку жети жылда хижаб үчүн мектепке киргизилбеген 50 чакты окуучу кызга жардам берилгенин, алардын баары окуусун улантып кеткенин билдирди.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып ал окуучу кыз адептүү, жүрүм-туруму жана окуусу жагынан эч көйгөй жок экенине ынангандан кийин жергиликтүү бийлик жана мектеп администрациясы менен байланышып, иштин чоо-жайына кызыкканын айтып берди.

"Мындай адилетсиз чектөө жоолук салынып жүргүсү келген кыздардын билим алуу укугун гана чектебестен, алардын дин тутуу эркиндигине да тоскоол болууда", - деди Малики.

Хижаб маселеси азыркы тапта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө кызуу талкууланып жаткан көйгөй.

Эки жыл мурда, 2022-жылдын 16-сентябрында Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини аттуу ирандык студент кыз полиция бөлүмүндө көз жумган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр кыз катуу сабалганын айтып беришкен.

Жакында Германияда Бавариянын Ички иштер министрлиги исламга жамынган экстремизмге каршы күрөшүү максатында тартылып, бирок мусулмандар жөнүндө одоно расисттик стереотиптерди жайылтууга жана исламофобдук маанай жаратууга айыпталган видеону өчүрдү.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында быйыл жайында никаб кийүүгө убактылуу тыюу салынды. Муфтият мындай чечим фатва бөлүмүнүн корутундусунун негизинде кабыл алынганын кабарлады. Серепчилер муну ксенофобиянын кезектеги толкуну жана "радикалдарга каршы күрөш" өнөктүгүнүн бир бөлүгү катары баалап жатышат.

Ооганстанда бийлик башында турган "Талибан" кыймылы жаңы мыйзамга ылайык, аялдарга коомго жүзү ачык чыгууга тыюу салды. Иш жүзүндө аялдарга жүзүн ачып көчөгө чыгууга тыюу салынганына эки жыл болду.

Казакстандын айрым аймактарында сот мектеп администрациясынын жоолукчан кыздарды сабакка киргизбей коюусун жана окуудан чыгаруусун мыйзамсыз деп тапты. Бирок соттон утуп чыккан ата-энелер менен мектептердин тиреши токтой элек.

Кыргызстанда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Муфтият өз комментарийинде “Мыйзам долбоорунун табиятында хижабга, тагыраагы жоолукка эч кандай тыюу жок” деп билдирген.

Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет. Косовонун калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

Макаланын автору: Bekim Bislimi
Которгон: Рахат Кеңешова
XS
SM
MD
LG