Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Иран: Махса Амининин үй-бүлөсү “курчоодо” экени кабарланды


Махса Амининин тажиясы Иранда массалык нааразылыктын тутанышына түрткү болгон. 17-сентябрь, 2022-жыл
Махса Амининин тажиясы Иранда массалык нааразылыктын тутанышына түрткү болгон. 17-сентябрь, 2022-жыл

Эки жыл мурун Тегеранда полиция кармагандан кийин көз жумган, ирандык теги күрд студент Махса Амининин Сагездеги үй-бүлөсү турган үйдү коопсуздук күчтөрү “курчоого алып”, аларды эшикке чыкпоого милдеттендиргенин бул үй-бүлөгө жакын булактар "Фарда" радиосуна айтты. 2022-жылы 22 жаштагы Махса Амини адеп-ахлак полициясы кармаган соң каза болгон. Анын өлүмүнөн кийин өлкөдө жапырт нааразылык акциялары өткөн.

Ишенимдүү булактар билдиргендей, Амининин атасы Амжад Аминиге бир күн мурун Ирандын чалгын министрлигинен чалышып, үйдөн чыкпагыла деп эскерткен. Алар телефондон эгер Амжад же анын аялы эки жакка чыкса камаларын эскертишкен. Сагез шаарынын үстүнөн тик учактар айланып жүргөнүн "Фарданын" булактары билдирди.

Амжад Амини өткөн аптада "Фарда" радиосуна кызынын эки жылдыгын эскерүүгө үй-бүлөсүнүн укугун бардыгын белгилеп, бийлик буга уруксат берет деп үмүттөнүп турганын айткан.

Соңку эки күндө 2022-жылы массалык нааразылык маалында өлтүрүлгөн бир нече маркумдун жакындары кармалганы кабарланган. Ошондой эле активисттер жана өлгөндөрдүн жакындары сотко чакырылганы маалым болгон.

2022-жылы сентябрда Амини полиция кармагандан кийин бир нече күн эсине келе албай жатып көз жумган соң “хижаб мыйзамын” аткарууну көзөмөлдөгөн полиция кызматкерлери көчөлөрдөн көрүнбөй калган. Өлкө боюнча эл көтөрүлүп, бийликке каршы наарызылык каптаган.

Ирандын бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен баскан. Эл аралык уюмдардын эсебинде, кагылышууларда 500гө жакын адам набыт болгон. Ошондой эле 60тан ашуун коопсуздук кызматкери каза болду. 19 миңдей киши кармалган, алардын арасында балдар, өспүрүмдөр да бар. Укук коргоочулар айрымдар камалгандан бери дайынсыз экенин, дагы бирөөлөрү кыйноого кабылып, адвокаттардын жардамын албай калышканын айтышат.

Норвегияда жайгашкан Ирандагы адам укуктарына көз салган уюм (IHR) май айында Ислам жумуриятында бери дегенде ондогон киши өлүм жазасына тартылганын билдирген.

Махса Амининин өлүмү: Иранды толкуткан окуя
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00

XS
SM
MD
LG