Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

"Аялдар, жашоо, эркиндик": Ирандагы кыймыл каармандыкты, тилектештикти күчөттү


Ирандын Мехабад шаарындагы кыздар, 2020-жыл
Ирандын Мехабад шаарындагы кыздар, 2020-жыл

Иранда "Аялдар, жашоо, эркиндик" деп аталган элдик кыймылдын башталганына эки жыл болду. 2022-жылы полиция бекетинде набыт болгон студент кыз Махса Амининин өлүмүнөн кийин тутанган жапырт нааразылык Ислам жумуриятында өчпөс из калтырып, каармандыкты жана бекем тилектештикти орнотууга дем берген. 

15-сентябрда ирандык теги күрт Махса Амини хижабды эрежеге ылайык салынбаганы үчүн "кылмыш" кылды деп кармалып, жаш өмүрү жайран болгонуна эки жыл толду.

Достору анын күртчө ысымынан Жина деп тааныган 22 жаштагы Амини полиция бекетинде каза тапканы өлкөдө бир нече айга созулган, массалык нааразылыкка түрткү болгон. Бул 1979-жылы Иран Ислам республикасы түзүлгөндөн берки өлкөнүн легитимдүүлүгүнө катуу сыноолордун бири болду.

Аминини Тегерандагы адеп-ахлак полициясы "хижабды туура эмес салынганы" үчүн кармаган. Анын өлүмүнөн кийин “хижаб эрежесин” аткарууну көзөмөлдөгөн каардуу полициянын таанымал машинелери көчөлөрдөн көрүнбөй калган. Өлкө боюнча эл көтөрүлүп, бийликке каршы наарызылык жайылган. Ошентип "Аялдар, жашоо, эркиндик" деген кыймыл жаралган.

Эки жылдан кийин "Фарда" радиосунун журналисттери менен сүйлөшкөн ирандыктар бул кыймыл Ислам жумуриятында өчпөс из калтырып, чыныгы каармандыкты жана бекем тилектештикти орнотууга дем бергенин белгилешти.

"[Протесттерден кийин] эмне өзгөргөн жок деп сураган туура болор", - деди коопсуздугунан улам чыныгы аты-жөнүн жашырган кыймылдын колдоочусу Араш. "Биз эң башкысы өзүбүз үчүн туруп, кайраттуу болууга үйрөндүк", - деди ал.

Махса Амининин өлүмү: Иранды толкуткан окуя
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00

Бири-бирине кам көрүү

Массалык нааразылык кыймылынын дагы бир даана байкалган жагы - элдин тилектештиги. Мурда кайсы бир аялга кимдир бирөө "хижабды туура эмес салыныпсың" деген доомат артып жатса өтүп бараткандар көңүл бурчу да эмес, азыр болсо андай аялды коргогондор четтен чыгат.

"Адамдар сезимтал болуп калды", - деди Атоуса аттуу аял. Ал жакында эле "туура эмес кийинип алдың" деген кишинин кодулоосуна кабылганда бейтааныш адамдар жардамга келген.

"Мага бир нече жолу келип, менин кийим-кечем тууралуу эскерте баштаганда, бейтааныш эле бирөөлөр мени коргоп, колдоосун билдирди", - деди ал.

Атоуса мындай тилектештикке күбө болгон жалгыз эле аял эмес.

Иранда "хижаб эрежесине" баш ийбеген жаштар, 27-апрель, 2023-жыл
Иранда "хижаб эрежесине" баш ийбеген жаштар, 27-апрель, 2023-жыл

"Адамдар коомдук жайларда [хижаб үчүн] өз ара каршылашпай калды, алар бири-бирине кам көрө баштады", - дейт Мариям.

Канча жолу анын алдынан чыккандар көчөнүн аркы башында полиция турганын эскертишкен соң ал коопсуз жолду тандап же чачы-башын жашырып алганга үлгүргөнүн "Фарда" радиосуна айтып берди.

"Мындан ары басым-кысымга чыдабайбыз"

2022-жылы элдик нааразылык күн сайын күчөп, Ирандын айыл кыштактарына жайылып, ар кыл курактагы эркек-аял, айрыкча өспүрүмдөр көчөлөргө чыккан.

Башаламандык болгон жерлерди күч түзүмдөрү ырайымсыздык менен баскан. Ослодогу ирандыктардын укук коргоо тобунун эсебинде коопсуздук күчтөрү 500дөн ашуун митингчилерди өлтүргөн. Кеминде 10 эркек коопсуздук кызматкерлерине кол салган делген жүйө менен дарга асылган.

10-сентябрда Human Rights Watch укук коргоо уюму Иран бийлигин башаламандыкта өлгөндөрдүн же түрмөгө түшкөндөрдүн "үй-бүлөлөрүнүн оозун жабууга мажбурлап, жазалап жатканы" үчүн айыптады.

«Аялдар, жашоо, эркиндик» кыймылы «адамдардын каалоосун так билдирип, мындан ары басым-кысымга чыдабай турганын көрсөттү», - дейт Фариба.

Анын сөзүнө караганда кыймыл "адамдардын жүрөгүн ойготуп", эми "эч бир бийлик мындай өзгөрүүгө тоскоол боло албастыгына" өбөлгө болду.

Ушул эле ойду кайталаган Атоуса эми иран аялдары көпчүлүк жерде кийим-кечени чектөөгө баш ийбей калганын, ошол эле маалда коомчулуктун жектөөсү азайганын сезген. Анткени кийим-кечеге болгон көз караш өзгөрүп баратат.

"[Бийлик] эрежелерди сактоону талап кылган айрым жерлерде, маселен өлкө ичиндеги аропорттордо көзөмөлдү жумшарткандай", - деген байкоосу менен бөлүштү.

Атоуса чоң болобу, чакан болобу, шаарларда кийим-кечени чектөөдөн, чачы-башын жапкандан эле баш тартпастан, "жарашыктуу кийингенди" жактырган аялдар арбын экенин айтат.

Ислам жумуриятынын бийлиги "хижаб эрежелерин" сактоону катаалдаштыруунун аракетинде болду. Алар адеп-ахлак полициясын кайрадан киргизип, "туура эмес кийинген" аялдар иштеген жерлерди жаап, андайларга дары-дармек сатууга тыюу салуу сыяктуу ар кандай ыкмаларды колдонуп көрдү. Алтургай консервативдүү эркектерди "чектен чыккан" кыз-келиндерге эскертүү бергиле дегени зордук-зомбулукка чейин жеткирди.

"Бийлик коомдо тилектештик күчтүү экенин көргөндө аны мокотууга аракеттенет", - дейт Мариям. Нааразылыкты жана ага уланган репрессияны чечмелеген аял "барган сайын каармандык көрсөткөндөрдүн катары калыңдай берерин" айтты.

Көкүрөктү эзген санаа

Анткен менен бийликтин басым-кысымы күчөгөн сайын ирандыктар канчалык курчуса дагы адамдар мурдагыдай эле эртеңинен үмүт үзгөндөй, көкүрөгүн бир коркунуч ээлеп турганын "Фарда" радиосунун журналисттери менен сүйлөшкөндөр айтышты.

"Эртеңки келечекти ойлогондо сары санаага батам, - дейт Атоуса. - Айлана-тегерегимди карасам, социалдык жана экономикалык көйгөйлөргө көмүлгөн кооптуу сезим чулгайт".

Ал соңку эки жылда аракечтикке жана баңгиликке берилгендер көбөйгөнүн байкаган.

Сараны күнүмдүк жашоодо "туруктуулуктун жоктугу", баанын өскөнү түйшөлтөт. Көп үй-бүлөлөр жакындары, достору өз өлкөсүн таштап чыгып кеткенине моюн сунуп отурууга аргасыз. "Акчаны гана эмес, канча жылдар чогуу жүргөн досторду, алар менен мамилени да жоготуп жатпайбызбы, - дейт Сара. - Бул жан-дүйнөнү эзет".

Сара адамдар жолугушканда бири-биринен депрессиядан арылуу үчүн кандай дары-дармек ичип жатканын сураганы көнүмүш адатка айланды деп ачуу чындыкты тамашага салды.

Бирок кандай болгон күндө да бийликке чакырык таштап жатканын айткан Мехран акыры иран коому жеңерине ишенет.

"Жашоодо өсүп-өнүгүүгө каршы тургандар акыры барып жарга такалат", - дейт ал.

Макаланын авторлору: Киян Шарифи, Хана Кавиани
Которгон: Гүлайым Ашакеева
XS
SM
MD
LG