Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

Германиядагы исламофобия: Талаштуу видеодон чыккан ызы-чуу


Бавариянын ички иштер министрлиги исламчыл экстремизм менен күрөшүү максатында тартылып, бирок мусулмандар жөнүндө одоно расисттик стереотиптерди жайылтууга жана исламофобдук маанай жаратууга айыпталган видеону өчүрдү.

Исламчыл экстремизм коркунучун эскерткен видео “расисттик таштанды” деп сыпатталып, нацизм доорундагы пропагандага салыштырылган соң Германиянын түштүгүндөгү Бавария федеративдик аймагынын бийлиги аны өчүрдү.

Чуулгандуу анимациялык видеону 2-сентябрда Бавариянын ички иштер министрлиги Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө жүктөгөн. Видеодо мусулман диниятчынын шакаба сүрөтү көрсөтүлөт. Коркунучтуу музыканын коштоосунда ырсайып күлгөн эркек хижаб кийген келинди жутуп алат да, өзү хижабчан аялга айланат. Ошол эле маалда ал аял ыйлап, ашкананы тазалап жүрөт. Бул көп аялдуу үй-бүлө экени таасын көрсөтүлгөн.

Талаштуу видео тасмадан алынган скриншот
Талаштуу видео тасмадан алынган скриншот

Салафизм (суниттик исламдагы ашынган консервативдик кыймыл) коркунучунан сактанууга үндөгөн видео дароо эле айрым немис мыйзам чыгаруучуларынын нааразылыгын пайда кылды. Алар министрликти одоно пропаганданы колдонгону жана мусулмандарга каршы маанайды жаратканы үчүн айыпташты.

“Бавариянын ички иштер министрлигинен расисттик видеоклип! Айрыкча биздин заманда - өкүндүрүүчү жагдай! Бөлүп-жарып, шыкактагандын ордуна биз мусулмандарга каршы расизмге такаат бергидей позицияны ээлешибиз керек”, - деп жазды немис парламентиндеги Солчул партиянын депутаты Николь Гольке Х баракчасына.

Изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, видео немис коомчулугунда исламофобия кулачын жайып, өлкөдө мусулмандарга каршы окуялар болгон учурда жарыяланган. Ошондой эле чуулгандуу видео 1-сентябрда иммиграцияга каршы чыккан “Германия үчүн альтернатива” (AfD) партиясы шайлоодо эки аймакта жеңип алган маалда жайылды.

"AfD партиясынын мыкты жыйынтыгына таң калып бүтө электе, күн өтпөй түз эле министрлик жек көрүүнү жана шыкактоону көрсөттү!" - деп жазды Берлиндеги парламент мүчөсү, Солчул партиянын депутаты Ферат Кочак Х баракчасына.

Кочак Бавариянын Ички иштер министрлигинин “мусулмандарга жек көрүүнү жараткан шакабасы нацисттердин еврейлерге каршы пропагандасына окшоп кеткен жокпу?” деген суроону ортого салды.

Солчул партиядагы үчүнчү саясатчы жана мурдагы депутат, адвокат Нима Мовассат видеону “акылга сыйбаган расисттик таштанды” деп атап, Бавариянын ички иштер министри Йоахим Херрманды жоопкерчиликке тартуу жолдорун карап көрөрүн айтты.

Кийинчерээк министрлик Х түйүнүндөгү постун алып, “бул видео жек көрүүнү жана түшүнбөстүктү жаратканы үчүн өтө өкүнүп жатканын” 3-сентябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдирди.

“Биз айтылган сын-пикирлерди олуттуу кабыл алдык жана учурда кампанияны токтоттук”, - деп айтылат министрликтин өкүлү электрондук дарек менен жиберген катта.

Анын айтымында, бул видео “салафиттерден жана башка исламчылдардан, алардын ыкмаларынан жарандарды коруп, маалымат берүүгө багытталган” соцтармактардагы атайын өнөктүктүн бир бөлүгү болгон.

“Кеп салафизм менен күрөшүү, алдын алуу жана дерадикализация тууралуу болуп жаткан соң, бул биз үчүн маанилүү жана видеону кайра карап чыгабыз. Ошол эле маалда салафизм коркунучуна маани бербей коюуга болбойт”, - деп кошумчалады министрликтин өкүлү.

Талаштуу видеодон алынган скриншот
Талаштуу видеодон алынган скриншот

Анимациялык видеодо мусулман кыздар боёнсо болобу деген суроодон кийин соцтармак аркылуу азгырууга кабылган кыз да көрсөтүлөт.

Еврокомиссия бул талаштуу видео боюнча "так комментарийи жок” экенин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтты.

“Мусулман аялдар Евробиримдикте маанилүү ролду ойнойт - бул жакшы көрүнүш”, - деди комиссиянын өкүлү.

2006-жылы Германиянын башпаанек берүү, миграция жана өлкөгө интеграциялоо иштери менен алектенген Федералдык ички иштер министрлигинин демилгеси менен түзүлгөн Немис ислам конференциясынын маалыматына караганда, өлкөдө ислам динин туткан беш жарым миллион киши бар. Анын үч миллионго чукулу - Германиянын жарандары.

Бавариядагы социал-демократиялык партиянын (СДПГ) ички саясат боюнча маалымат катчысы Кристиане Фейхтмайер DPA агенттигине “видеого таң калганын” айтты.

Ал салафизм менен күрөш маанилүү экенин, бирок “салык төлөөчүлөрдүн акчасы майнапсыз, алтургай зыянын тийгизе турган нерселерге коротулушуна жол бербөө керектигин, видео дал ошондой таасир калтырганын ” кошумчалаган.

Материалды даярдоого Рикард Йозвяк катышты.

Кыргызча которгон Нурболот Азамат

XS
SM
MD
LG