Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус Йемендин борбору Сана шаарындагы аэропортто болгон кезде калаа аткылоого кабылган.
“Биз аэропортко абадан сокку урулган маалда Санадан уча турган учакка отуралы деп жатканбыз. Биздин учактын экипажынын бир мүчөсү жараат алды. Аэропортто эки киши каза болгону кабарланууда. Диспетчердик мунара, күтүү залы жана бизден бир нече метр арыда турган учуу тилкеси жабыркады”, - деп Гебрейесус Х социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаганын Би-Би-Си жазды.
Хусилик телеканал билдиргендей, окуядан үч киши каза болгон. Би-Би-Си жазгандай, Израил соккулар Санадагы аэропортко эки электр станциясына жана үч портко багытталганын тактаган. Израилдик командачылык билдирүүсүндө алар бул жайларды “аскердик инфраструктура” катары санай турганы белгиленген.
Гебрейесус өзү билдиргендей, ал жабыркаган эмес жана аны менен кошо жүргөн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү коопсуз жайга жайгашкан. Бирок аба майданы калыбына келтирилмейин, алар Йеменден чыга алышпайт.
Израил буга чейин Йемендин хусилер көзөмөлдөгөн бөлүгүнө сокку урарын, бул алардын Израилдин шаарларына чабуулуна жооп болорун билдирген.
“Израилдик кыргын салуучу учактар Йемендин батыш жээктеги жана ички аймактагы хусилердин террордук режимине таандык аскердик объектилерге сокку урду”, - деп айтылат Израилдин армиясы ЦАХАЛдын билдирүүсүндө.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху журналисттер менен жолугушууда Йемендеги хусилерге каршы өнөктүк “эми гана башталып жатканын” билдирген.
Шерине