Кечээ, 25-декабрда 29 киши ооруканага түшкөн, алардын үчөө кыргыз, тогузу орус, 16сы азери жараны. Ооруканага түшкөндөрдүн 11и жандандыруу, 13 киши травматология бөлүмүнө жаткырылган.
“Азаттык” кырсыкка кабылган учактагы жүргүнчүлөрдүн бири, 26и жаштагы кыргыз жараны Тилек Осмонов менен байланышты.
- Тилек мырза, азыркы тапта абалыңыз кандай? Жакшы болуп калдыңызбы?
- Бүгүн буюрса жакшымын. Бир колум сынган. Мурдум дагы сынды го деп ойлогом, бирок бүгүн дем алып жатам. Калганы мындай эле жарааттар, майда-чүйдө шишиктер. Баары жакшы, башкысы, аман калдык да.
- Учак кырсыктай электе ойгоо белеңиз же уктап бараткансызбы?
- Уктап бараткам. Ойгонгондо катуу үн чыккандай болгон. Ошондон кийин эле ызы-чуу башталды. Чынында эле өтө коркунучтуу болду да. Жашоо ушу менен бүтөт окшойт деген ой келди. Ичер суубуз түгөндү окшойт деп, келме келтирип эле отурдук. Бирок Алла Таалам убакыт калтырыптыр да. Кудай сактады.
- Учак коно албай, асманда айланып жүргөндө жүргүнчүлөрдүн абалы кандай эле?
- Учак (борттогу) кызматкерлери “тынчтангыла” деп жатышты. Дүрбөлөң түшкөндө эмне эми, болору болду деп отурдук. Автоунаа болсо, секирип чыгып кетет элек. Борт кызматкерлери өздөрү деле дүрбөлөңгө түштү.
Биз Бишкектен Грозныйга учмакпыз. Түз рейс жок болуп, Москва аркылуу Бакуга бардык. Грузиядан келаткан автоунааларыбыз Грозныйда болчу, Бишкекке алып келмекпиз. Грозныйга конбой, кайра өйдө көтөрүлгөндө кандайдыр бир добуш чыкты. Учактын ичинен катуу угулду. Анан үч сааттай ызы-чуу болду. Көрсө, Грозныйга коно албай, Махачкалага жибериптир. Махачкаладан дагы коно албай, Казакстандын Актау шаарындагы аэропортко коносуң деп жөнөтүптүр. Анан эмне болгонун билбейм, ошондон баштап эле коопсуздук чаралары көрүлө баштады. Куткаруучу күрмөлөр кийгизилип, кычкылтек беткаптары түшүрүлдү. Суунун үстү менен келип кургак жерге түшкөнү дагы жакшы болду окшойт. Сууга түшкөндө кандай болмок, билбейм.
Мен 36-катарда, иним Ринат (бир тууганым эмес) менен досум 35-катарда отурганбыз. Коопсуздук курун тагынып, беткаптарды кийгенден кийин экипаж биринчи инструктажды өттү. "Азыр кургак жерге чукул конобуз, даяр болгула" дегенди азери, англис анан орус тилинде түшүндүрүштү. Башыңарды карагыла, жумшак нерсе болсо жапкыла деди. Бир эле сокку болду окшойт.
- Учактын ичинде ойгонгондон кийинки абалыңызды сүрөттөп бере аласызбы?
- Эсиме келерим менен Ринатты издедим. "Иним каякта болду экен” деп корктум. Өзүбүзгө келип эле, аны тапканга аракет кылдык.
Алдыңкы катарда эле отуруптур. Коопсуздук куру чечилбей, эптеп чечип алып чыктык. Жанындагы кишилер жардам берди. Биз ичинен жөргөлөп чыккыча учактын оозунда казак туугандардын электриктериби же куткаруучуларбы, иши кылып, киши көп эле топтолуп калыптыр.
Досумдун жанында экен, Ринат көзүн ачып, эсине келди, бирок кыйналып атты. Учактан чогуу чыктык. Биринчи болуп "Тез жардамга" түштүк. Актаунун ооруканасына жеткиришип, тааныш инимди дароо жандандыруу бөлүмүнө, бизди травматологияга бөлүмүнө алып келишти. Жарааттарды таңып, рентгенге, УЗИге тартышты.
- Азыркы тапта палатада Эрлан экөөңүздөр чогуу экенсиздер. Эрландын абалы кандай, жакшы болуп калдыбы?
- Жакшы, басып жүрөт. Бул жерде алты-жети киши бар экенбиз. Эрлан экөөбүздөн башкалар орустар, азерилер.
- Дарыгерлер эмне деп айтып жатышат? Дагы канча күндүк дарылануу керек экен?
- Азырынча эчтеке деп айта элек. Анализдердин жыйынтыгы чыксын деп жатышат. Орусиянын делегациясы "өзүбүз дарылайбыз" деп жарандарын алып кетишти окшойт.
- Жакындарыңыз менен байланыша алдыңызбы?
- Дос балдар бүгүн түнү Бишкектен учат. Алар келип карашпаса... Бул жактан бизди эч жакка чыгарбай жатышат. Өзүбүздүн кишилерден дагы керек болууда. Актауда досторубуз бар болчу. Ошолор тамак, кийим-кече алып келип жатышат.
Шерине