Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Блогердин өлүмү. Гүзал зомбулуктан тажаганбы?


Гүзал Махматкулова.
Гүзал Махматкулова.

Өзбекстандык белгилүү бьюти-блогер жана косметолог Гүзал Махматкулова 12-декабрда 8-кабаттан кулап каза тапкан.

Бийликтер бул суицид экенин айтса, жакындары ага ишене албай турат. Таанымал инфлюенсер үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болду деген да версиялар дагы айтылууда.

Гүзал Махматкулова 23 жашта болчу. Ал Инстаграмда бьюти-блог жүргүзүп, катталуучуларын териге туура кам көрүүгө үйрөтүп келген. 150 миңдей фолловери бар Гүзалдын ишмердиги жаштардын эле эмес, сулуулук индустриясындагы профессионалдардын да көзүнө илинген. Анын аккаунту - кызыктуу роликтерге жана сулуу жүздөргө жык толгон.

Анткен менен "НеМолчи.уз" долбоорунун активисттери бакубат жашоо артында татаал жана чыңалган үй-бүлөлүк жашоо турганын айтышууда. Алардын маалыматында Гүзал жакындарынын жашоодон эрте кетишине түрткү болгон кол көтөрүүсүнө жана психологиялык зомбулугуна бир канча жолу кабылган.

Келиндин өлүмү видеого түшүп калган. 12-декабрда Самаркандда Гүзалдын 8-кабаттагы батиринин балконунан кулап түшкөнүн бирөө тартып алган. Андан балконго асылып турган кызды жаш жигит кармап турганын көрүүгө болот. Ал үчкө чейин санап, кызга "секир" деп кыйкырган. Кыз 7-кабаттын балконуна секиргенге аракет кылганына карабай төмөн карай кулап, токтоп турган машиненин үстүнө түшкөн.

Окуяга күбө болгондор жергиликтүү телеканалдардын бирине кызды куткарууга аракет кылган жигит анын агасы экенин айтышкан.

Гүзал 2024-жылы жазында турмушка чыккан. Келин күйөөсүнүн ата-энеси менен чогуу жашап, бир канча айдан кийин төркүнүн карай баса берген. Ал каза болгонго чейин агасы менен ижарага алынган батирде жашап жаткан.

Окуя социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты.

"НеМолчи.уз" долбоорунун авторлору кыздын жашоодон өз эрки менен кеткенине ишенбей турушат.

"Каза болгон кыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган, ошол себептүү ушул кадамга барды көрүнөт. Аны жанынан аша кечүүгө жеткиришти", - деп айтылат Өзбекстандагы гендердик зомбулукка каршы долбоордун билдирүүсүндө.

"Анын өзүнө кандай мамиле кылышарын айткан ондогон скриншоттор бар. Күйөөсүнүн мазактоосун, психологиялык басымын, көзүнө чөп салганын далай жолу айткан. Адамга кантип ушундай мамиле кылышат? Чындык акыры бир күн сыртка калкып чыгат", - деп белгиленген анда.

Гүзал бир жолу үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу "Өлүп тынсам, тынчыйт баары" деп жазган, башкасында "нерв болгондун" айынан боюнан түшкөнүн айтып, көгала болгон сүрөттөрү менен кошо бөлүшкөн. Гүзал кайненесинин моралдык басымына, колу тийгенине да даттанган.

Гүзал курбуларына бир тууган агасы менен гана сыр чечише аларын айткан.

"Байкеме айтам, апама айта албайм. Жаңы келин болгондо, курсташтарым ага менин дайыма көгала менен жүргөнүмдү айтышчу экен", - деген ал көзү тирүүсүндө.

Социалдык медиада бул ишти иликтөө канчалык объективдүү болору тууралуу талаш-талкуу кызыды. Анткени, Гүзалдын күйөөсү Өзбекстанда мартабалуу аткаминердин уулу. Келинди жакындан билгендер күйөөнүн туугандары тергөөгө басым кылышы мүмкүн деп чочулашат. Бул кооптонуу окуяны башында кызуу талкуулап жаткан белгилүүлөр тергөө жүрүп жатканы үчүн комментарий берүүдөн баш тарткандан кийин ого бетер күчөдү.

13-декабрда Башкы прокуратуранын пресс-катчысы Хаёт Шамсутдинов Гүзал Махматкулованын өлүмүнө байланыштуу соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, иликтөө комплекстүү жана бейтарап жүрүшү керектигин, коомчулуктун соцтүйүндөргө жазган билдирүүлөрү тыкыр изилденерин билдирген.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнөн кийин Самарканд облусунун ички иштер бөлүмүнүн арызынын скриншоттору тарай баштады. Ага шаардын №9 ички иштер бөлүмүнүн профилактика инспекторунун колу коюлган. Документте "алдын ала жүргүзүлгөн иликтөөдө Гүзал Махматкулова өзүнө бир канча жолу кол салууга аракет кылганы белгилүү болгону" жазылган.

Мындай арызды Гүзалдын жакындары ишти "жаап" коюу аракети катары баалашууда. Көпчүлүк эгер өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирген факт орундуу болсо башка эле бирөөнү аралаштырып, аны жоопко тартып коюшу мүмкүн дешет.

Көпчүлүк активисттер жана белгилүү адамдар социалдык түйүндөгү баракчаларында ачык иликтөө жүргүзүүгө чакырууда. Алардын арасында Муниса Ризаева, "НеМолчи.уз" долбоорунун негиздөөчүсү жана активист Ирина Матвиенко да бар.

Ошол эле маалда социалдык тармакта бул окуяны кызуу талкуулап жаткан Гүзалдын жакындары бул тууралуу журналисттерге айтып берүүдөн баш тартышты. Мындай мамиле зомбулукка каршы чара көрүүгө чакырган блогерлер арасында да байкалды. Окуяга комментарий берүү суранычына алар "тергөө жыйынтыгын күтөлү" деген жооп узатышты.

Узнетте Гүзалдын өлүмүн мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин колунан ажал тапкан казакстандык Салтанат Нукенованын окуясына салыштырышууда. Салтанаттын ишиндей кылып соттук отурумду ачык өткөрүүнү талап кылгандар да бар.

Казакстандагы зомбулукка кабылган аялдарды коргогон "НеМолчиKZ" фондунун башчысы Дина Смаилова (Тансари) Бишимбаевдин ишиндеги коомдук резонанс "активисттердин ишинин эле көрүнүктүү жыйынтыгы эмес", "президенттин жана башка кызматтардын саясий эрки" болгонун да белгиледи. Ал коомчулук кызуу талкуулап, көпчүлүк жарандар колдоо билдиргени бийликти зомбулукка көңүл бурууга аргасыз кылды деп эсептейт.

Дина Смаилова
Дина Смаилова

Самилова иштин айланасындагы активдүүлүк туугандар жана укук коргоочулар менен гана чектелбегенине токтолду.

"Бишимбаевдин ишинде туугандар жана укук коргоочулар гана активдүү болсо, коомчулук колдоо көргөзөрү күмөн эле", - дейт ал.

Коомчулуктун чочулоосуна үй-бүлө маселесине адистешкен, атын атагысы келбеген ташкенттик психолог дагы кошулат. Ал "мындай окуяларды жаап-жашыруу кырдаалды курчутат" деген пикирде.

"Үй-бүлө зомбулугу - бул жеке көйгөй эмес, социалдык эпидемия. Эгер биз бул тууралуу ачык айтпасак, мындай кырдаалда калгандарга жардам бере албайбыз", - дейт психолог.

Учурда расмий маалыматта бьюти-блогердин өлүмүнүн себеби "суицид" экени айтылууда. Бирок психолог трагедиянын бир канча версиясын алга жылдырды, анын арасында үй-бүлө зомбулугуна көңүл бурдуруу үчүн өзүнө кол салганда болгон кокустук да кошулган.

"Кырдаалдын татаалдыгын эске алганда, мындай трагедиялар келечекте кайталанбашын алдын алуу үчүн бардык версиялар терең анализдөөнү талап кылат", - дейт психолог.

Булак: "Озодлик"

Шерине

XS
SM
MD
LG