Буга улай эле Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ержан Ашикбаев Казакстан Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн Минскиде өткөрүлүшүнө көлөкө түшүргүсү келбейт жана Минск келишимдерин урматтайт деп билдирди.
- Биз Минск тынчтык жүрүмүнө кийлигишпейбиз. Бирок Казакстан жаңжалды жөнгө салуу жолдорун табууга ар дайым көмөктөшүүгө даяр, - деген Ашикбаев, урушка кириптер тараптар Казакстанга кайрыла турган болсо, Астана аны «тиешелүү түрдө» карап көрөрүн белгиледи.
19-январда Беларус тышкы иштер министри Владимир Макей Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү Минскиден Астанага которуу эч нерсени чечпесин айтып, «эгер майнап чыгат деген кепилдик болсо, мага демектен Антарктидага көчүргүлө», - деп кескин айткан.
Министр расмий Минск башкалардан айырмаланып, «бейпилдик орнотуучу деген атак-даңктын артынан чуркабайт», - деп какшыктаган.
Расмий Кремлдин билдирүүсүндө болсо 2015-жылы жетишилген "Минск келишимдерин аткаруу - жолугушуу өткөрүлгөн жерге караганда алда канча маанилүү", - деп айтылат.
Өткөн жумада президент Нурсултан Назарбаев Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү туңгуюкка такалганын айтып, өз өлкөсү бул багытта жолугушууларды өткөрүүгө даяр деп сунуш кылган.
Назарбаев Вашингтонго расмий визит менен барганда АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинадагы кырдаалды сөз кылганын, Трамп сүйлөшүүлөрдү башка жерге которууну сунуштаганын билдирген.
Казастандык мурдагы дипломат Казбек Бейсебаев Минскинин бекер жерден тандалбаганын, ал географиялык жактан ыңгайлуу жайгашканын айтууда. Тынчтык жүрүмүнө арачылык кылуу менен сүйлөшүүлөргө аянтча болууну айырмалоо керектигин ал баса белгиледи.
- Трамп "сүйлөшүүлөрдү башка жерге которсо болобу" дегендей айткан турбайбы. Менимче, кеп Минск форматын жабуу, башкасына өтүү тууралуу жүрүүдө. Украин маселеси азыр башка деңгээлге көтөрүлдү. Анда АКШ менен Орусия көбүрөөк роль ойной баштады. Германия жана Франция иш жүзүндө анча катышпай калбадыбы.
2014-2015-жылдары Беларустун баш калаасында өткөн кездешүүлөрдө Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалды токтотуу тууралуу келишимдерге жетишилген.
Германия, Франция, Украина жана Орусиянын жетекчилери макулдашылган документке Киев, Москва, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик жумурияттары" деп атаган жикчил аймактардын өкүлдөрү кол коюшкан.
Мындан дээрлик төрт жыл мурда орусиячыл жикчилер менен украин армиясынын ортосунда башталган уруш Донбасста 10 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кетти.
Казакстан эл аралык дагы бир кризисти жөнгө салуу иштеринде аянтча болуп келет. Атап айтканда, мындан туура бир жыл мурда Астанада Орусия, Түркия жана Ирандын демилгеси менен Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы уюштурулган.
Жарандык согушту токтотууну максат кылган жолугушууларга сөз болгон үч өлкөдөн тышкары АКШ, Бириккен Улуттар уюму жана Башар Асад өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Сирия оппозициясынын тобу катышууда.
Казбек Бейсебаев ал сүйлөшүүлөр кайсы бир деңгээлде жемиштүү болду деген пикирде:
- Мына, азыр Сирияда бейпилдештирүү ("деэскалация") тилкелери түзүлүп жатпайбы. Астана өз ролун ойногонун көрүүдөбүз. Канчалык ийгиликтүү болгонун ар бир тарап өзү чечет деңизчи. Бирок жалпысынан алганда, андай сүйлөшүүлөрдүн өтүшү эле чоң жетишкендик.
Кошумчалай кетсек, Астанадагы жолугушуулар боюнча жыйынтыктоочу коммюникеге кол коюлган жок.
Ал эми БУУнун Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнун кезектеги айлампасы быйыл февралда Женева шаарында башталмакчы.