18-январда Украинанын парламенти - Жогорку Рада экинчи окууда кабыл алган мыйзам долбоору орусиячыл жикчилдердин колундагы аймактардагы мамлекеттик саясатты аныктайт. Документти парламенттеги 450 депутаттын 280и колдоду. Бирок оппозициялык негизги партия добуш берүүнү бойкоттоду.
Эми Донбасстагы аскерий аракеттер Украинада "өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо жана коргоо чаралары", ал эми Донецк жана Луганск облустарынын жикчилдер ээлеп алган бөлүктөрү “убактылуу оккупацияланган аймактар” деп аталат. Баса, Орусия 2014-жылы басып алган Крым жарым аралы да буга чейин ушундай эле сыпатталган.
Өздөрүн Донецк жана Луганск элдик жумурияттары деп атаган аймактардын жетекчилиги жүргүзгөн ишмердүүлүк жана алар чыгарган токтом, буйруктар мыйзамсыз деп бекитилди.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле Орусия "агрессор" деп аталып, Украинага моралдык жана материалдык чыгым келтиргени үчүн жоопкерчилик кошуна мамлекетке жүктөлөт.
Добуш берүүнүн алдында оппозиция өкүлдөрү жаңы мыйзам Украина Конституциясына каршы келээрин эскертип, президент менен күч органдарына коргонуу тармагында ашыкча ыйгарым укуктар берилээрине камтамасын билдирип келишти. Бирок Петро Порошенконун айланасындагылар документ Донбассты кайтарууга өбөлгө түзөт дешет.
Мыйзам долбоорунда Европа биримдигинин ортомчулугу менен жетишилген Минск келишими тууралуу айтылбайт. Ал жерлер парламенттеги кызуу талкуулардан кийин алып салынган. Байкоочулар бул Украинанын чыгышындагы урушту токтотууну көздөгөн макулдашууну аткаруу аракеттерин татаалдаштырышы мүмкүн дешет.
Орусия украин парламентинин соңку кадамын айыптады. Федерациялар кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко бул – иш жүзүндө согуш жөнүндө мыйзам десе, Орусиянын Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча контакт тобундагы өкүлү Борис Грызлов "Минск келишимдери аткарылса эле өлкөнүн суверенитети калыбына келтирилет эле" деп комментарийлерди.
Былтыр жайында талкууланган долбоордун биринчи вариантында Орусия "агрессор" деп түздөн түз аталган эмес. Мыйзамдын авторлору ошондо муну менен Орусияга согуш жарыялоонун юридикалык кереги жок болот деп түшүндүрүшкөн. Бул ирет андай аныктама камтылганы менен депутаттар Орусия менен дипломатиялык алакаларды үзүүдөн баш тартышты.
Украин депутаттары жактырган документ эми президент Порошенконун кол коюусуна жөнөтүлмөкчү.
Донбасста 2014-жылдан бери жүрүп жаткан куралдуу жаңжал 10 300дөй кишинин өмүрүн алып кетти.