Эки күндүк иш сапар Грузия – Беларустун көз карандысыздык тарыхында жогорку деңгээлдеги биринчи визит жана Александр Лукашенконун бийликте турган акыркы 20 жылдан ашуун убакыт ичинде Грузияга алгачкы ирет барышы болду.
Ал Грузин президенти Георги Маргвелашвили менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Минск “Грузиянын аймактык бүтүндүгүн, эл аралык чек араларын тааныйт”,- деп баса белгиледи.
Муну менен Лукашенко анын өлкөсү Грузия жикчил аймактары катары санаган Абхазия менен Түштүк Осетияны көз карандысыз мамлекет иретинде тааныбай турганын дагы бир жолу ачык айтты.
Беларус президенти ошондой эле анын сапары учурунда жетишилген келишимдердин артында эки тараптуу сооданын көлөмү азыркы 65 миллион доллардан 200 миллион долларга чыгат деп убада кылды.
Лукашенко да, грузин президенти Маргвелашвили да соода күчөшүнө Беларустун Евразия экономикалык союзундагы мүчөлүгү, ал эми Грузиянын Еврошаркет менен ассоциация келишими боюнча алган милдеттенмелери тоскоолдук кылбайт деп ырасташканы менен талдоочулар мындан күмөн санашууда.
Беларус талдоочу Павел Вусов “Азаттык” менен маегинде Лукашенконун Грузияга жыйырма жыл ичиндеги алгачкы сапарынын артында эң башкысы саясий максат жатканын айтты:
- Лукашенконун Грузияга визити биринчи кезекте Беларустун саясий максаттары менен байланышкан. Башкача айтканда, Еврошаркет менен мамиледеги музду мындан ары да эритүү. Минск "Украина менен Беларустун Батыштагы кызыкчылыктарын коргоодо Грузия кошумча рычаг болобу" деп үмүттөнөт. Визит Еврошаркеттин Чыгыш өнөктөштүгү саммити алдына туш келгени да маанилүү. Бирок Минскинин Грузия жана Украина аркылуу Еврошаркет менен алаканы оңдоо аракеттери Беларус үчүн геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү стабилдүү деле шарт жаратпайт. Лукашенко жана Беларус бул визиттен таба турган жалгыз пайда - саясий дивиденддер жана Еврошаркет менен алаканы жакшыртуу мүмкүнчүлүгү.
Талдоочулар Орусиянын жакынкы союздашы болгонуна карабай Лукашенко Крымдын аннексиясынан кийин Москвадан сактанып калганына көңүл бурушууда.
Атүгүл Беларус лидери жакында “Орусияда көп адамдар алиге импералисттерче ойлонот жана Беларусту Орусиянын түштүк-батыш губерниясы катары көрөт, бирок Беларус Орусияга эч качан кошулбайт” деп айтканга чейин барган эле.
Талдоочу Павел Вусов “Азаттык” менен маегинде Минск Тбилисини көз карандысыздыктын алгачкы жылдары жөн эле олуттуу өнөктөш катары карабаса, кийин түстүү ыңкылаптан улам кызматташпай келгенин, бирок ортодогу музду 2008-жылкы грузин-орус согушу эриткенин эске салды.
Ал эми минскилик талдоочу Валерий Карбалаевич Лукашенко Тбилисиге буга чейин эмне үчүн барбай келгенин төмөнкүчө чечмелейт:
- Михаил Саакашвили президент кезинде Лукашенкону чакырган. Бирок бир жыл мурда Лукашенко өзү орусиялык “Дождь” телеканалы менен курган маегинде түшүндүргөндөй, ал буга Москва тараптан абдан тез реакция болорун билгенден улам барган эмес. Анткени Саакашвилинин атын укканда Москва азоо бука кызыл чүпүрөктү көргөндөй эле кыжырланчу да. Азыр Грузияда башка бийлик. Москва баары бир сүйүнбөйт, бирок Саакашвили президенттикте турган кездегидей чуу чыкпайт, терс реакция болбойт.
"Азаттык" маектешкен талдоочу Павел Вусовдун пикиринде, расмий Минскинин орус-грузин чатагында нейтралдуу турумду кармап, Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныбай келгени саясий кызматташтыктын мындан аркы чыңдалышына өбөлгө түзөт.
Грузиянын Минскиде элчилиги бар. Бирок Беларус Тбилисиде дипломатиялык өкүлчүлүгүн ушул кезге чейин ачкан эмес.