Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:32

Орус аэропортунда кыргыз жарандарын эмнеге текшеришти?


Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борбор
Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борбор

Өткөн апта соңунда Орусиянын Челябинск аэропортунда Кыргызстандан барган каттамды күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери текшерүүгө алганын орусиялык басылма жазган.

Анда 250 жүргүнчүнүн тек-жайы текшерилип, оруc жарандыгын алгандарга Аскер комиссариатынан баргандар чакыруу таратканы тууралуу айтылат. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, артка кайтарылган жарандар болбогонун билдирди.

Орусиянын “Доступ” интернет басылмасы 7-ноябрда Челябинск облусундагы Игорь Курчатов атындагы аэропорттон Бишкектен учуп келген 250 жаранды күч түзүмдөрү текшерүүгө алганын жазып чыкты.

Анда учуп келгендердин тек-жайын аныктоо, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу тактоо иштери жүргүзүлгөнү айтылат. Мындан сырткары орус жарандагын алгандарга аскердик каттоо жүргүзүп, айрымдарына чакыруу кагаз беришкен.

"Бардык жарандар кылмыш жасоого катыштыгы, издөөдө жүргөнү, анын ичинен мобилдик биометрикалык терминал аркылуу тек жайын тактоо үчүн маалымдамалардын негизинде текшерилди. Аскер комиссариатынын өкүлдөрү Орусиянын жарандыгын алган, аскердик каттоого турууга тийиш болгон адамдарга чакыруу баракчаларын тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылы эле миграция жаатында 12 миң административдик укук бузуу катталып, кылмыш иштери жана соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылгандар үч эсе көбөйгөнү белгиленген.

Бирок мындай текшерүү кайсы рейсте жана качан болгону так жазылган эмес.

"Азаттык" жогоруда аталган мигранттар менен байланышууга аракет кылды, бирок азырынча майнап чыга элек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкек - Челябинск багытында аба каттамдары жүргүзүлбөй турганын билдирип, жогорудагы абалга 7-ноябрда Ош - Челябинск каттамы менен учуп баргандар дуушар болгонун белгиледи:

"Маалыматтык билдирүү жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун Орусия Федерациясынын компетенттүү органдары менен иш алып баруусунун натыйжасында Орусия Федерациясынын аймагына киргизилбей, Челябинск аэропортунун “стерилдүү зонасында” болуп, Кыргызстанга кайтарыла турган Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендиги маалым болду".

Орусиянын аба майдандарындагы мындай текшерүүлөр алгачкы учур эмес. Буга чейин Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган окуялар катталган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги соңку айлардагы мигранттарга байланышкан кырдаалдан улам бир нече жолу билдирүү таратып, Орусияда кошумча текшерүү күчөгөнүн эскертүүдө.

Консулдук департаменттин жалпы консулдук маселелер боюнча бөлүм башчысы Айымкан Кулукеева 2025-жылдын 1-январынан тартып Орусияда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрүшү боюнча жергиликтүү медиага түшүндүрмө берди:

"90 күн гана иштейсиңер, андан кийин Орусиядан чыгып кеткиле деп жаткан жок. Ошол 90 күндүн ичинде мыйзамдаштырып, келишимдик-укуктук негиздерди тариздеп, кандай мыйзам талап кылса, кайсы багытта иштебегин, 90 күндө жетишип калгыла, мурдагыдай кирди-чыкты кыла албайсыңар, миграциялык тарыхыңарды жаңыртып алып кайра 90 күн жүрө албайсыңар деп жатабыз. Муну эске албагандар көзөмөлдөөчү реестрге түшүп, бардык тараптан чектөөгө кабылууда".

Кулукеева айтып жаткан көзөмөлдөөчү реестрге мыйзам сактабаган чет өлкөлүк мигранттар түшөт. Ага кирген мигранттар автоунаа айдоо, банктык кызматтарды колдонуу, менчик мүлк каттоо, никеге туруу жана ажырашуу, балдарын мектепке жана бала бакчага берүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратылат.

Орусияда мигранттарга мамиле "Крокус Сити Холл" соода борборундагы террордук чабуулдан кийин катаалдашкан. Бир катар аймактарда мигранттардын ишмердиги чектелип, сунушталган мыйзамдардын айрымдары күчүнө кирсе, дагы бир нечеси келерки жылдын башында ишке ашканы турат.

Мындан сырткары Орусия мигранттарды согушка тартуу аракетин көрүп, орус жарандагын берүүнү жеңилдетсе, бир четинен аскердик каттоого турбаган адамдарды жарандыктан ажыратууда.

“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 25и Кыргызстандын жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийин кыргыз жарандыгынан баш тарткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, быйыл жарым жылда эле он миңдей кыргыз жараны Орусиянын аймагынан чыгарылып, 174үн өлкөдөн депортациялоо чечими кабыл алынган.

Кыргыз бийлиги да Орусиядагы мигранттарынын маселесин такай көтөрүп келет.

Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG