Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

"Мектеп албаган балдарыбызды мекенге жиберүүгө мажбурбуз". Орусиядагы мигранттар бийликке кайрылды


Орусиядагы мигранттар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду
Орусиядагы мигранттар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду

Орус баш калаасындагы жана Москва облусунда жашаган кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай, кезекте туруп, убара тартууда. Алар кыргыз өкмөтүнө кайрылып, балдарын онлайн окутууну суранып жатышат. "Мигрант медиа" балдарын окута албай жаткандар менен маектешти.

Бекжан Акылбек уулу быйыл 1-2-класстагы баласы менен кызын өзүнүн жанына Орусияга алып келип окутууну чечкен. Бирок ал бир нече мектепке каттоого турганына карабастан, “орун жетишсиз” деген жүйө менен эки баласын тең кабыл алышкан эмес. Ата аргасыздан балдарын кайра Кыргызстанга жөнөтүүгө мажбур болгон.

"Биз балабызды мектепке киргизиш үчүн документтердин баары мыйзамдуу болсун деп, өзүбүз чуркадык. Жашаган жерге каттоого турдук. Баары расмий түрдө сайт аркылуу кетти. Мектеп директоруна өзүбүз да кирип көрдүк. Бизди кабыл алган жок. Эки жумадай чуркадык. Азыр мына 2-3 ай өттү. Дагы деле жооп келе элек, илинип турат. Анан эмне кылабыз. Балдар окуудан калып жатат".

Балдарын мектепке киргизе албай жаткан Бекжан Акылбек уулу.
Балдарын мектепке киргизе албай жаткан Бекжан Акылбек уулу.

Бекжан Орусияга жүздөгөн мекендештериндей эле иштөө үчүн барган. Ал бир жагынан ишин таштай албай, бир жагынан мекенге жиберген балдарын сагынып, ара жолдо калганын айтууда:

"Биз иштешибиз керек. Машине алып алганбыз, жарым-жартылай төлөп, кетип калалы десек дагы болбойт. Бала-чакасынан алыс жүргөн адамга түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек. Анткени андай адам да, ой да көп. Үй-бүлөң жаныңда болсо, оюң тынч. Ишке барып келесиң, жакындарың жаныңда. Аларды мектептен тышкары, ийримдерге да берет элек. Бул жакта аларды өнүктүрүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар эле. Бирок бизге ага уруксат бербей коюшту".

Орусияда иштеген дагы бир кыргызстандык Бермет Алимбаева да мектептен “орун жок” деген жооп алган ата-энелердин бири. Ал эки баласын жеке мектепке берип, бирок жол алыстыгынан кайра чыгарып алган. Учурда балдарын мугалим жалдап окутууга аргасыз болууда.

Бермет Алимбаева.
Бермет Алимбаева.

"Алардын мектепте 100 пайыз бала барса, анын 10 пайызы мигрант болуш керек деген өздөрүнүн мыйзамдары бар экен. Ар бир класста үч же төрттөн мигранттын балдары окуса, калганы орус болуш керек экен. Бизге “силерге бөлунгөн орун толуп калган” деген маалыматты берип жатты. Үйдө эле отуруп калган балдар көп да бул жакта. Жада калса жеке сабак өткөн мугалимге да алып бара албай, айласы кетип, үйдө окутайын десе эмнеден баштап, эмнени окутушту билбеген ата-энелер бар. Менин тааныштарымдын ичинде эле бир далай үй-бүлөлөр ушинтип балдарын мектепке бере албай, үйдө кармап отургандар көп".

Бермет Алимбаева ал өңдүү ата-энелер үчүн маселени чечүү жолу онлайн билим берүү деп эсептейт:

"Онлайн мектепти бизге түзүп беришсе жакшы болмок. Анткени биз онлайн окуу менен эле чектелбестен, балдарыбызды жеке окуу борборуна да беребиз. Аларга берген менен документ жактан кыйналып калып атабыз. Баланы окутуп жатсак дагы документте бала окуган эмес болуп калып атат. Ошондуктан башталгыч класстарга онлайн мектепти ачып беришсе жакшы болот эле. Анткени башталгыч класстын балдары мектепке бара албай калган учур өтө эле көп".

"Азаттык" менен сүйлөшкөн дагы бир каарман Арген Орусияга үй-бүлөсү менен бир жыл мурун барган. Ал 3-класста окуган баласын мамлекеттик мектепке киргизе албай, айына 25 миң рубль төлөп, менчик мектепте окутууда. Арген Камалдинов да Кыргызстандын Билим берүү министрлигин башталгыч класстардын окуучулары үчүн да онлайн окутуу системасын киргизүүнү сунуш кылууда.

Арген Камалдинов.
Арген Камалдинов.

"Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүп, онлайн окуу ачып, уруксат берип, бир мугалимди бөлүп берсе, ал мугалимдин айлык акысын четте жүргөн мигранттар өздөрү деле акча чогултуп төлөп бермекпиз. Бир эле Москва эмес, Орусиянын башка шаарларында балдарын мектепте окута албаган үй-бүлөлөр арбын болуш керек. Башка мамлекеттерде да жүргөндөр болуш керек. Кыргызстандын окуу программасы менен окуса бизге жакшы болмок".

Билим берүү министрлиги мигранттардын балдарын онлайн окутуу системасы жаңы жылдан баштап ишке киргизилерин кабарлаган. Бирок онлайн окутуу 5-класстан баштап, 11-класска чейинки мектеп окуучулары үчүн гана түзүлүп жатканы айтылды.

Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев башталгыч класстар үчүн онлайн билим берүү программасын киргизсе боло турганын, бирок окуу программасын түзүү үчүн дагы бир жыл убакыт керектелерин билдирди.

Муратбек Касымалиев.
Муратбек Касымалиев.

"Онлайн мектептин бир өзгөчөлүгү кайсыл убакытта, кайсыл мезгилде болбосун окуй алышат. Ата-энелер кайсыл бир айылдан кетти да. Ошол эле мектептин атынан каттоого турат. Чейрек боюнча окуу материалдар илинет. Бир чейрекке берилген материалдарды кайсыл убакытта болбосун атайын жадыбал жок. Кайсыл убакытта колу бош болсо отуруп алып окушат. Ошол материалдагы тапшырмаларды аткарат. Платформа автоматтык түрдө аткарылган тапшырмаларды текшерип, мугалимдин текшерүүсүз эле электрондук журналга түшүрүп коёт".

Билим берүү тармагындагы серепчилер онлайн окутууну 1-класстан баштап, 11-класска чейин түзсө болорун белгилешет. Ошол эле кезде алар онлайн билим берүү убактылуу гана кырдаалдан чыгуунун иши деген пикирде. Алардын бири Тынчтыкбек Бекташтегин:

Тынчтыкбек Бекташтегин.
Тынчтыкбек Бекташтегин.

"Мигранттардын балдарынын көйгөйүн чечүү үчүн онлайн окутса болот. Анткени онлайн окутууну биз пандемия учурунда баштан кечирдик. Бирок бул жанагыдай болбош керек. 1-класстан 12-класска чейин толук онлайн окуса, баланын билим сапаты жакшы болбой калат. Онлайн окутуу бул чоңураак класстын иши. Ал эми башталгыч класстарга балким бир жыл же жарым жыл ушундай жагдайлар болуп калган учурда онлайн уюштурса болот".

Мигранттардын балдарына онлайн билим берүү боюнча маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Анда депутатттар билим берүү министрлигин онлайн окуу программасын иштеп чыгууга, парламент төрагасы Нурланбек Шакиевди Орусиянын Мамдумасы менен сүйлөшүп, маселени чечүүгө чакырышкан.

Кыргызстандык мигранттар Орусиядагы мектептер балдарын кабыл алуудан баш тартып жатканы жөнүндө окуу жылын утурлай коңгуроо кага башташкан. Ата-энелери Орусияда расмий иштеп жүргөнүнө карабастан, балдары үйдө отурууга аргасыз болуп жатканын айтышкан.

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги бул боюнча комментарий берип, Москвадагы мектептерде “бош орун жок болуп жатканын” билдирген. Мекеме орус жергесинде кыргызстандык 224 бала мектепке бара албай калганын кабарлаган.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик думасындагы ЛДПР фракциясы мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөгө алып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштаган. Ал эми Орусиянын Агартуу министрлиги мектептер менен бала бакчаларга «орус тилин жакшы билбеген» мигранттардын үчтөн ашык баласын кабыл албоого сунуш берген.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын биринчи жарымында 100 миңге жакын мигрант Орусиядан чыгарылган, бул былтыркы жылдын биринчи жарымындагы көрсөткүчтөн 50% көп.

2025-жылдан тартып Москва облусунун бийлиги облус аймагында мигранттарга ишмердиктин бир катар түрлөрү менен алектенүүгө тыюу салынары айтылып жатат. Андай болсо алдыда мигранттар үчүн дагы бир катар оорчулуктар жаралат.

XS
SM
MD
LG