Соңку аптада орус паспортунан ажыраган борбор азиялык мигранттар тууралуу бир нече видео, кабарлар жарыяланды. Октябрдын соңунда жана ноябрдын биринчи аптасында Санкт-Петербургда иштеген теги борбор азиялык 11 жаран, Хабаровск, Челябинск жана Москва шаарларында жашаган дагы 12 адам, Томск шаарында үч адам орус атуулдугунан ажыратылганы кабарланды. Орусиянын Ички иштер министрлиги алардын баары мурда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары болгонун маалымдады.
"Орус паспортунан баш тартканга даярбыз"
Бир кезде орус жарандыгын алган Тамара азыр жолдошу, балдары менен Кыргызстанда. 19 жыл Москвада жашаган аял Орусия менен Украина согушу анын үй-бүлөсүнүн жашоосун түп- тамырынан өзгөрткөнүн айтты. Ал уулу менен күйөөсүн согушка алып кетет деп чочулап, туулган жерине баса берген.
"Согушка чакырган кат күйөөмдүн телефонуна келгенден кийин эки күн ичинде Кыргызстанга чыгып кеттик. Ал орус паспортун алып, аскердик каттоого турган. Уулум да паспорт алып, бирок аны аскердик каттоого тургузбай жүргөм. Согушка алып кетип калабы деп коркуп жүргөн чакта күйөөмө чакыруу келди. Уулум ошол убакта эки күндөн кийин 18ге чыкмак. Дароо Беларус аркылуу Казакстанга чыгып, ал жактан Кыргызстанга кайтып келдик. Анткени жолдошумду чек арадан чыгармак эмес. Уулум 18ге чыкса эле аны да согушка алып кетет деп чырылдап туруп алдым. Ал жактагы жашообуз баары калды. Сатып алган үйүбүздү, ишибизди баарын таштадык. Эки күн ичинде ушундай чечимге келдик".
Тамара ага чейин кырсыктан улам тун уулунан ажыраган. Эми кичүүсүн да согушка алып кетет деген кооптонуудан улам Орусиядан чыгып кеткен. Азыр эми бул үй-бүлө соңку мыйзамды угуп, орус жарандыгын тапшырганы жатат.
"Тун уулум каза болгондон кийин коркуп калдык. Дагы бир баламды жоготкум келген жок. Негизи биз деле энелик капитал жана башка жеңилдетүүлөр үчүн жарандык алган элек. Азыр эми күйөөм менен уулум орус жарандыгын тапшырып, кыргыз паспортун алганы жатышат. Кыргызстанда деле жашообуз азыр жакшы. Москвага барып, үйүбүздү деле саткан жокпуз. Башкысы аман болсок болду деп отуруп калдык".
Орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоодо турбаган адамдарды орус паспортунан ажыратуу боюнча мыйзам кыргызстандык мигранттар жана алардын жакындары арасында кызуу талкуланып жатат. Атын атагысы келбеген ага-ини Орусиянын Новосибирск шаарында курулуш тармагында иштейт.
"Жашыбыз 20-22де. Азыр бизде баары тынч эле. Согушка алып кетет деп каттоого турган эмеспиз. Эгер орус паспортун алам десе тапшырып кеткенге даярбыз. Согуштан көрө Кыргызстанга кеткенибиз жакшы".
Айзирек үч баласы менен бир жыл мурда Кыргызстанга Орусиядан көчүп келген. Анын күйөөсү, өзү, балдары да орус жарандыгын он жыл мурда алышкан. Балдары менен мекенге кайтып, күйөөсү Москвада иштеп калган. Азыр жаңы ишке кирген мыйзам күйөөсүнө таасирин тийгизеби деп кооптонууда.
"Жолдошум 2010-жылы эле жарандык алып, анын артынан баарыбыз алганбыз. Орус паспортун башкалардай эле балдарга жеңилдик түзүү, жумушка орношуу үчүн алган элек. Бирок акыркы жылдары күйөөм "болду, ыраазыбыз" деп, орус паспортунан баш тартчудай абалда болуп калды. Анткени ал паспорт алган убакта жашаган жерине каттоого туруп, аскердик каттоодон өткөн. Бирок азыр башка жакта жашап, кайрадан каттоодон өтүшү керек болуп калды. Мыйзам чыкканын уккандан кийин кыргыздар отурган чаттарда талкуулап баштадык. Анын достору аскердик каттоодон өткөнүн айтышты. Менин күйөөм жашым 40тан өттү деп каттоого турбай койду. Ал орус паспортун өзүм тапшырып, келем дейт ".
Москвада кыргызстандык мигранттар менен иштеген юрист жарандыктан ажыратуу одоно укук бузуулар менен коштолуп жатканын айтты:
"Азыр бизге аскердик каттоого туура элек кыргызстандыктар көп чалып жатат. Алар интернеттеги видеолорду көрүп, кооптонушат. Орус бийлиги мунун баары жарандыктан ажыратуу мыйзамынын алкагында жүрүп жатат дегени менен, укук бузуулар болууда. Анткени алар каттоого тургандан баш тарткан жок, каттоого турбайбыз деп айткан да жок. Алардын кооптонуусу аскердик каттоого турган жарандардын согушка жиберилип жатканында болуп жатат. Демек, полициянын мигранттарды кармап эле чекесинен паспортторун тартып алып, жарандыгынан ажыратууга укугу жок болчу".
"Паспортуңуз жок кылынат". Жарандыктан ажыраткан мыйзам
3-ноябрда Москва облусунун полициясы аскердик каттоого турбаган теги борбор азиялык үч жаранды орус атуулдугунан ажыратты. Орусиянын Ички иштер министрлиги тараткан тасмада мигранттардын орус паспорту жок кылынары айтылат.
"Орусиянын жарандыгы тууралуу мыйзамдын 22-беренесине ылайык, аскердик каттоого убагында турбаганыңызга байланыштуу сиздин жарандыгыңыз жокко чыгарылганын кабарлайбыз. Сиздин паспорт жок кылынат", - деген тасмадагы полиция кызматкери.
Полиция тараткан маалыматта орус жарандыгынан ажыратылгандар эми өлкөдон чыгып кетиши керектиги да айтылат.
Буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлиги орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоодо турбаган адамдарды орус паспортунан ажыратуу боюнча мыйзамды ишке ашыра баштаганын кабарлаган.
Мекеменин расмий өкүлү Ирина Волк Ички иштер министрлиги аскер комиссариаттарынан маалыматтарды алып жатканын айтты:
"2024-жылдын сегиз айында 1117 жаран "мыйзамсыз аракеттеринен улам" орус жарандыгынан ажыраган. Ички иштер министрлиги аскердик каттоого турбагандарды жарандыгынан ажыратуу мыйзамынын жоболорун ишке ашыра баштады. Аскер комиссариаттарынан бул милдетти аткарбаган адамдар тууралуу кошумча маалымат суралды".
Президент Владимир Путин чет элдиктерди орус жарандыгынан ажыраткан мыйзамга 8-августта кол койгон. Аны Мамлекеттик Дума 31-июлда үч окууда кабыл алган.
"Жарандык жөнүндө" Федералдык мыйзамдын 22-беренесине ылайык, эми аскердик каттоого турбаган адам орус паспортунан ажыратылат.
Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө Орусиянын жарандыгын алган аскерге чакыруу курагындагы эркектер каттоого турууга милдеттүү экени, бирок иш жүзүндө каттоодон качкан фактылар катталганы белгиленген.
Мыйзамга ылайык, орус жарандыгын алган чет элдик жаран паспорт алган күндөн тарта эки жума ичинде аскердик каттоого турушу керек. Аскердик билети жок жарандар Орусияда мыйзамдуу иштей албайт.
Мыйзамдын демилгечилеринин бири - Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин. Ал орус жарандыгын алган чет өлкөлүктөр орус атуулдугу берген укук менен милдеттерди бирдей аткарууга тийиш деп эсептейт:
"Социалдык жактан коргоо, пенсия, медициналык тейлөө, акысыз мектептер, университеттер. Биздин өлкөнүн жарандыгын алган адамдар жогоруда санап өткөн мүмкүнчүлүктөр менен кошо алардын милдети болгон аскердик каттоодон өтүшү керек. Ушундай шартта гана алар паспорт алышат".
Буга чейин Орусиянын жарандык тууралуу мыйзамдарына ылайык, оор кылмыш жасаган чет өлкөлүктөрдү жарандыктан ажыратуу учурлары катталган. Аскердик каттоого турбаган теги чет өлкөлүк орус жарандарын атуулдуктан ажыратуу демилгеси Орусия Украинга согуш ачкан учурдан бери көтөрүлө баштады.
Орус жарандарын кандуу согуштан баш тартууга чакырган "Идите лесом" кыймылы жогорудагы мыйзам боюнча да маалымат бере баштады.
Кыймылдын активисти Иван Чувиляев аскердик каттоого турбаган жарандарды атуулдуктан ажыратууну аларды согушка айдоо механизми деп эсептейт:
"Бул мыйзам орус паспортун алган борбор азиялыктарга түздөн түз тиешелүү болуп калды. Алар ондогон жылдар бою Орусияда иштеп, бардык документтерин тактап, орус паспортун алышты. Эми азыркы мыйзамга ылайык, ошол орус паспортун алган жаран согушка катышкысы келбесе, жарандыктан ажыратылат. Бирок алар паспорт алып жатканда, тескерисинче, өзүн коопсуз сезип, бул өлкөдө мыйзамдуу жашагысы келген. Эч бири кийин чоң согушка катышуу үчүн орус жарандыгын албаса керек. Аларды экономикалык фактор менен манипуляция кылып, чоң акча убадалап, жарандыктан ажыратабыз деп коркутуп, фронтко айдап жатышат."
Ал тапта Орусияда президент Владимир Путиндин Украинадагы согушка катышкандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө паспорт берүүгө жол ачуучу жарлыгына ылайык, быйыл жыл башынан бери 3344 чет өлкөлүккө орус жарандыгы берилди. Путин орус армиясы же орусиячыл аскердик түзүмдөр менен бир жылдык келишим түзгөн аскер кызматкерлерине жарандык ыйгаруу мыйзамына 2022-жылы кол койгон.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин буга чейин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.
Борбор Азия чөлкөмүндө Орусиянын паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат. Алты ай ичинде 74 160 тажикстандык, 21 647 казакстандык, 13 099 өзбекстандык, 1 549 түркмөнстандык Орусиянын жарандыгын алган.