10-сентябрда "Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!" деген акцияда майыптыгы бар адамдардын укуктарын сактоо, коомго аралашуу үчүн жетиштүү шарт түзүү маселеси көтөрүлдү. Бийлик өкүлдөрү буга чейин көйгөйгө көп көңүл бурулбай келгенин моюнга алып, кемчиликтерди оңдоого убада берип жатышат.
"Алар иштей алат"
Курманжан Датканын эстелигинин алдына майыптыгы бар ондогон жарандар чогулду. "Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!" иш-чарасы он жылдан бери уюштурулуп жаткандыктан, быйыл мааракелик акция катары концерт менен коштолду.
"Майыптыгы бар адамдарга бейкалыс мамиле бар. Мисалы, жумушка орношууда кыйынчылыкка кабылат. Иштей албайт деп ойлошот. Бирок ал туура эмес. Алардын иштегиси келет жана иштей алышат. Азыр бизде майыптыгы бар 85 миң иштегенди каалайт", - деди активист Аскат Турдукулов.
Иш-чаранын катышуучуларынын бири Света Эсенгазиева августта кол күрөштөн Молдовада өткөн дүйнөлүк чемпионатта экинчи орунду, Өзбекстандагы Азия чемпионатында биринчи орунду алган. Бирок мамлекет ага көңүл бурбай жатканына кейиди:
"Майыптуулугубуз бар экени көп жерде билинип калат. Мисалы, мен эки чемпионаттан медал алып келдим, бирок бийлик мага көңүл бурган жок. Министрлер кабинетинин алдындагы Майыптыгы барлар кеңешинин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков алып барып келди. Бирок бул жактан эч кандай сыйлоо болгон жок. Эмнеге? Биз деле башка спортчулардай болуп Кыргызстандын атын чыгарып, күрөшүп жатпайбызбы?!"
Жыйында жолдордо, аянттарда жана мекеме-уюмдардын имараттарында майыптыгы бар кишилердин коопсуздугу көңүл сыртында калып жатканы да айтылды.
Оңдолгон аянттагы кемчилик
Акцияга катышкан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңыдан оңдолуп, дээрлик бүтүп калган Ала-Тоо аянтында айрым жагдайлар эске алынбай калганын моюнга алды:
"Аянтты жаңылоодо майыптыгы бар жарандарыбызга ыңгайлуу бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылдык. Арабада отургандар, азиздер кыйналбасын деп тротуар менен жолду теңдегенбиз, жолго желим жаткырганбыз. Борбордук аянттын батыш жана чыгыш тарабында өтө турган жерлер бар экен, бирок аянттын ичине кирип, фонтан жакка же желек тарапка барам десе, алардын мүмкүнчүлүгү чектелип калат экен. Булардын сунушун туура кабыл алдык. Жыйын өткөрүп, подрядчы менен сүйлөштүм, эки-үч жерине ыңгайлуу пандустарды коё турган болдук".
Калаа башчысы жер асты өтмөктөрүнө майыптыгы бар кишилердин арабалары үчүн орнотулган атайын лифттер адистер жоктугунан иштебей турганын кошумчалады.
"Бул маселени чечүү үчүн ал жабдуулар "Бишкеклифттин" балансына өткөрүлүп, адис таап иштетүү тапшырмасы берилди", - деди мэр.
Жыйынга барган башка өкмөт өкүлдөрү да буга чейин көз жаздымда калган көйгөйлөрдү чечүүгө азыркы бийлик көңүл буруп жатканын белгилешти.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын расмий саны 216 миңден ашуун. Алардын ичинде 37 миңдейи 18ге толо элек балдар.
Толук ишке ашпай калган жүрүш
Тең укуктуулукка чакырган "Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!" акциясынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу Бишкектен Токмокко чейин 60 чакырымдык жүрүш пландалган. Бирок ал жол коопсуздугу камсыздалбаганынан улам өтпөй калды. Анын ордуна Ала-Тоо аянтынын тегерегинде кыска жүрүш жасашты.
"Ички иштер министрлиги коопсуздукту камсыздай албайбыз деп билдиргени үчүн жүрүш өтпөй калды. Анын ордуна Бишкекте 200-250 метрдей басып, андан ары автожүрүш менен кетебиз", - "Равенство" уюмунун жетекчиси Гүлмира Казакунова.
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы башкармалыгынын аймактык бөлүмүн жетекчиси Матильда Богнер жыйында пландалган жүрүштүн болбой калганына өкүнүчүн билдирип, акцияда көтөрүлгөн маселелер келечекте чечилерине ишеним артарын белгиледи.
Ал эми жүрүшкө чыкпай калган активисттер автобуста Ысык-Көлгө сапар тартышты. Ал жакта майыптыгы бар жарандардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн талдаган тренинг өтүшөт.
Кыргызстан БУУнун Майыптыгы барлардын укуктары боюнча конвенциясын 2019-жылы ратификациялаган. Аталган уюм бул документти 2006-жылы 13-декабрда кабыл алып, ага дүйнөнүн 150дөн ашуун өлкөсү кошулган. Конвенциянын негизги максаты – майыптыгы бар адамдардын укуктарынын сакталышын камсыздоо жана коргоо.
Кыргызстанда Майыптыгы бар адамдардын укуктары көп бузуларын Акыйкатчы институту, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор бир нече жолу маалымдаган. Аталган борбор майыптыгы бар адамдар багылуучу социалдык-стационардык мекемелерде шарт жоктугун, суук мезгилде жылытылбай турганын, тамак-аш жетишсиздигин, эскирген дары-дармектер берилерин аныктаган.
17 социалдык-стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.
ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап-баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген.