19-октябрда Бишкектеги "Тез жардам" борборунун алты кызматкери маяна аз болуп жатканын айтып, нааразылык акциясын өткөрдү.
Өкмөт айлык акы кошулуп жатканын айтканы менен, соңку эки жылдан бери баа тынымсыз өсүп жатат. Ушу тапта мугалимдер дагы эмгек акы кыскарып жатканын айтууда. Буга чейин дарыгерлер менен мугалимдердин маянасы Жогорку Кеңеште да сөзгө алынган.
Дарыгерлердин нааразылыгы
19-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин алдына Бишкектеги "Тез жардам" борборунун алты кызматкери жетекчиликке нааразылык билдирип, айлыгы кыскарып жатканын айтып чыгышты.
Алардын бири Зарлык Сейдибалиев буга чейин нааразылыкка чыккан кызматкерлер жумуштан алынганын, азыр дагы жетекчиден кысым болуп жатканын айтууда:
"Айлыгым орто эсеп менен 18-20 миң сом, бул эч нерсеге жетпейт. Айлыгыбызды көтөрүп берсин. Коэффициенттерибизди кесип жатат. Азыр айлыгыбыз жетишсиз, дарыгерлердин баары нааразы. Мурда нааразы болуп чыкканда, бир айлык айлыгыбызды жакшы кошуп берген. Ага чейинки айлыктар эмне болду? Бир жыл мурдагыларды да кошуп берсин".
Нааразы болгон кызматкерлердин айтымында, шаардык "Тез жардам" борборунда каржылык мыйзам бузуулар болуп, аны иликтөө үчүн министрликтен комиссия түзүлгөн.
Бирок анын жыйынтыгы ушул күнгө чейин белгисиз.
Чогулгандар менен саламаттык сактоо министринин жардамчысы жолугуп, азыркы учурда министр иш сапарда жүргөнүн айтып, нааразылыктарды арыз жүзүндө калтырууну өтүндү.
Бул эмгек акыга байланыштуу дарыгерлердин биринчи нааразылыгы эмес. Буга чейин августта медицина кызматкерлери айлык акысынын аздыгына, коронавирус пандемиясында убада кылынган кошумча төлөмдөр, кенемтелер төлөнбөгөнүнө нааразылык билдирип чыккан.
"Жаш дарыгерлер Орусияга кетти"
Соңку учурда өлкө аймактарында дарыгерлер жетишсиз, маянасы аз экени айтылып келет. Ысымын атагысы келбеген нарындык дарыгер маяна аздыгынан соңку айларда бир нече кызматкер чет өлкөгө чыгып кеткенин айтты:
"Бизден 11-августта алты дарыгер Москвага учуп кетти. Ат-Башыда көзгө басар хирург жок, Кочкордон үч хирург кетип калды. Ак-Талаада хирург жок. Айлыгыбызды көтөргөн, бирок ич жылыткан жок. Бир ставкадан ашкандан кийин кошумча төлөмдөрдү алып салган. Мисалы, бийик тоолуу аймакта иштегенибиз үчүн кошумча төлөнчү. Бул көбүнчө ушундай аймакта иштегендер үчүн. Мисалы, Нарын, Түп, Баткен, Чаткалдагы дарыгерлердин 90% айла жок эле жүрөт. Ал эми жаштардын баары эле Орусияга кетип жатат".
Аймактардагы дарыгерлердин айлык маселеси 19-октябрдагы парламенттин жыйынында көтөрүлдү.
Депутат Жылдыз Садырбаева Нарын облусу боюнча 126 дарыгер жетишпей жатканын, алардын айлыгын тез арада көтөрүү зарыл экенин белгиледи:
"Нарында кышында 10 тоннага чейин көмүр жагылат. Медайымдардын, санитарлардын эмгек акысы бир айлык көмүргө жетпейт экен. Анан кантип оокат кылышат? Кадр маселеси курч бойдон турат. Нарын облусу боюнча 126 дарыгердин орду бош. Алардын айлык маянасын көбөйтүп, турак жай салып берип, маселени чечпесек, карапайым калк жакын арада медициналык кызматтан пайдалана албай калат".
16-октябрда парламенттин Социалдык саясат комитетинде республикалык бюджет талкууланып жатканда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгердин орточо айлыгы азыр 18 миң сом экенин, ал эми билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдики 26 миң сом болуп жатканын билдирген.
"Мындай айлык менен биз сапаттуу билим да бере албайбыз, медициналык тейлөөнү да камсыздай албайбыз"
Депутат Дастан Бекешев мындай маяна менен саламаттык сактоо жана билим берүү системасынын ишин жакшыртуу кыйын экенин белгилеген:
“Чынында айлык азыраак, себеби киреше салыгын төлөш керек, соцфонд, профсоюз деген бар. Ачыгын айтсак, мындай айлык менен биз сапаттуу билим да бере албайбыз, медициналык тейлөөнү да камсыздай албайбыз. Кудай сактасын, бирок көбүнчө ооруканаларда, операция бөлүмдөрүндө абал өтө начар. Мектепте байкуш мугалимдер чака, пол жууганга чүпүрөктү каяктан алабыз деп жүрүшөт. Ата-энелер фонду жоюлган, өкмөт токтом чыгарды, бирок бир тыйын да бере элек”.
Былтыр апрель айында Кыргызстанда мугалимдин, дарыгердин жана маданият кызматкеринин айлыгы көбөйгөн. Ошол эле маалда маяна улам өсүп жаткан бааларга жетпей калууда.
"Мугалимдин айлыгы көбөйдү" деген аты эле бар"
35 жылдык тажрыйбасы бар башталгыч класстын мугалими Назгүл Маймылова Сокулуктагы Орок орто мектебинде иштейт.
Ал маяна көбөйгөнү менен сабактын сааттары кыскарып, жоопкерчилик күчөгөнүн айтууда:
"Сааттар азайды, мурда 30 саатка чейин өтчүбүз, азыр бир класс менен эле өтөбүз. Айлыктын көбөйгөнү билинген жок, себеби баары кымбат. Кагаздардын баарын өзүбүз сатып алабыз, алар дагы кымбат. Мисалы, окуучулар күндөлүктөрүнө сүрөттөрүн чыгарттырган жок. Мен аны өзүм чыгардым. Ошондой талаптарды коюп, мугалимдин түйшүгүн көбөйттү. Айлык көбөйдү деген эле ат болду. Мен былтыр 18 саат менен 22 миң сом алчумун, быйыл 16 саат менен 20 миң болуп калат окшойт".
Ал эми жаш мугалимдердин бири Бектурсун Азаматов Таластын Бакай-Ата районундагы Аман Арстанов атындагы орто мектебинде алгебра сабагынан берет. Ал класстарды бириктирип, сааттарды кыскартканы окуучулардын билимине терс таасир тийип жатат деди:
"14 миң сом айлык алып атам, жумасына 15 саат берем. Чөп кымбаттагандыктан, кичине эле сатып алганга көп акча кетип калды. Ун 2700-3 миң сомго чейин көтөрүлүп кетти. Айлыкты көбөйткөнү менен, класстарды бириктирип, сааттарды кыскартып салды. Көп балага сабак өтүшүң дагы азап экен. Мурда биз 18-20 окуучу мектепти аяктасак, азыр 30дан ашык окуучу. Анын баарына жетишпейсиң".
Өткөн жылы апрель айынан баштап мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөн. Мектепте сабак берген агартуучу мурдагыга караганда эки эсе көп акча алса, дарыгердин маянасына 50% кошулган.
Президент Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгы мындан ары дагы көбөйөрүн, бирок аларга талап да жогорулай турганын билдирген.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда орто мектептерде 841 мугалим, ал эми медицина тармагында 1700 дарыгер жетишсиз.
Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдагы эсептөөсүнө ылайык, Кыргызстанда орточо эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 32146 сом болгон. Ал эми Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 7 756 сом деп эсептелди. Бул ушул суммага бир адам бир ай жашай алат дегенди билдирет.
Эл аралык республикалык институттун (International Republican Institute) быйыл май айында Кыргызстанда жүргүзгөн сурамжылоосуна катышкандар үй-бүлөсү дуушар болгон эң олуттуу көйгөй катары насыяны төлөөдөгү кыйынчылыкты (20%), жумушсуздукту (15%), кымбатчылыкты (12%) жана эмгек акынын аздыгын (11%) көрсөтүшкөн.