Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен онлайн жыйын курганы жатат. Аны утурлай «Human Rights Watch» укук коргоо уюму Евробиримдикти Борбор Азия өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдө адам укуктарынын абалына басым жасоого чакырды.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм мындай билдирүүсүн 16-ноябрда жарыялады.
«Борбор Азия өлкөлөрүнүн быйылкы кризистерге каршы көргөн чаралары бул өлкөлөр адам укуктарын сыйлоо тууралуу убадаларын карманганда мында да натыйжалуу болмок. Евробиримдик чөлкөмгө көбүрөөк колдоо көрсөтүү адам укуктары багытындагы чыныгы реформаларга жараша болорун ачык билдириши керек», - деп айткан уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.
2019-жылы Евробиримдик Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялап, анда чөлкөмдөгү мыйзам үстөмдүгүнүн сакталышына басым жасаган.
Эл аралык укук коргоочу уюм пандемия Борбор Азия үчүн бир топ сыноолорду жаратканын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү карантин чектөөлөрүн маалымат каражаттарына, медицина кызматкерлерине жана жарандык активисттерге каршы колдонушканын айыптаган.
«Human Rights Watch» Кыргызстанда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетиши менен коштолгон саясий окуялар өлкөдөгү адам укуктарынын абалын коркунучка кептегенин билдирген. Ошондой эле Евробиримдик кыргыз тарапты укук коргоочу Азимжан Аскаровдун июль айында түрмөдө каза болушун «бейтарап иликтөөгө» чакырышы керек экенин белгилеген.
Ал эми Казакстан боюнча билдирүүсүндө президент Касым-Жомарт Токаевдин адам укуктары боюнча убадалары жакшы өзгөрүүлөргө алып келбегени айтылган. Өлкөдө тынч митингдердин катышуучулары камакка алынып, аларды куугунтуктоо уланып жатканы белгиленген. Жумушчулардын эмгек укуктарын коргош үчүн өз алдынча кесиптик кошуундарды түзүшүнө каршы бөгөттөр коюлганы баяндалган.
Ошондой эле казак өкмөтү жалган жалаа үчүн жазаны жумшартканы менен өлкөдө көптөгөн журналисттер куугунтукка кабылып, иш маалында кол салууга дуушар болуп жатканы кошумчаланган.
Мындан тышкары Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жазасы киргизилбегени жана зомбулуктан жабыр тарткандар коргоого алынбай жатканы кошумчаланган.
Ошол эле кезде Өзбекстанда Шавкат Мирзиеёв бийликке келген убактан бери - соңку жылдын ичинде адам укуктары жаатында жылыш байкалганы айтылат.
Адам укуктарын коргоо боюнча бир катар конкреттүү кадамдар жасалганы белгиленип, уюм өзбек бийлигин адилетсиз жазага тартылгандарга да укуктук көмөк көрсөтүүгө чакырган.
Буга кошумча расмий Ташкенттин өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзамды эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу жөнүндө убадасын эске салган.
Ал эми тажик бийлигинин апрелдин аягына чейин өлкөдө коронавирус жугузгандар бар экени тууралуу маалыматты жашырып, бейтаптар жөнүндө айтып чыккан медицина кызматкерлерине көргөн чаралары катуу сынга кабылган.
Уюм бул кезде Тажикстанда 150дөн ашуун адам жана алардын адвокаттары саясий мүнөздөгү токулган кылмыш иштери менен узак убакытка түрмөдө отурганын маалымдайт. HRW тажик түрмөлөрүндө кыйноо, зомбулук кеңири жайылганын кескин сындайт.
Чет жакта жүргөн оппозициячы саясатчылар кол салууга дуушар болуп, ал эми алардын жакындары куугунтукталып жатканы баса белгиленет. Мындан тышкары «Тажикстанда кыз-келиндерге карата зомбулук коркунучтуу мүшкүл боюнча калууда» деп айтылат «Human Rights Watch» уюмунун билдирүүсүндө.
Ал эми Түркмөнстан «аймактагы эң жабык жана репрессивдүү өлкө» аталып, түрмөдө отурган саясий туткундар менен дайынсыз жоголуп кеткен адамдардын так санын тактоо мүмкүн эмес экени белгиленет.
Бийлик пандемия маалында өлкөдөгү экономикалык каатчылык жана азык-түлүктүн жетишсиздиги тууралуу маалыматты катуу көзөмөлдөп, адамдардын өмүрү менен турмуш-тиричилигин коркунучка кептегени да баяндалган.