28-августта «Аларды тирүү көрсөткүлө!» деген эл аралык өнөктүк Түркмөнстандын түрмөлөрүнөн дайыны чыкпай жаткан саясий туткундарды бошотууга үндөдү. Өнөктүктүн сайты камактагылардын укуктары одоно бузулуп жатканын жазып чыкты:
«Түркмөн бийлиги мажбурлап түрмөгө салган жана жаза мөөнөтү бүткөн туткундарды бошотушу керек. 30-августта Дайынсыз жоголгондордун эл аралык күнү белгиленип жатканда, түркмөн бийлиги орто кылымдагы тажрыйба менен адамдарды дайынсыз жок кылып жатат. Бул өлкөнүн мыйзамдарын, эл аралык конвенцияларды жана адам укуктарынын стандарттарын одоно бузуу болуп эсептелет».
Эл аралык уюм 18 жылдан бери Түркмөнстандагы түрмөлөрдө жаза өтөп жаткандар белгисиз жагдайда жоголо баштаганын белгилейт. Бул жылдар аралыгында «Аларды тирүү көрсөткүлө!» аттуу өнөктүк жабык жайларда дайынсыз болгон 120 учурду документтештирген. Чындыгында бул сан мындан да көп болушу мүмкүн.
«Түрмөлөрдө жаза мөөнөтү бүткөнүнө карабастан адамдар жоголуп жатат. Абактагы жетекчилиги анда отургандарды кыйнап, ырайымсыз шарттарда жашоого мажбурлашат», деп билдирген уюм.
Түркмөнстандын түрмөлөрүндө дайынсыз жоголгон адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көбү алардын өлүү же тирүү экенин билбейт. Эл аралык уюм болсо «түркмөн мыйзамдарына ылайык саясий туткундар отурган колония алардын ден соолугу тууралуу жакындарына билдириши керек» деп белгилейт.
Түркмөнстандын түрмөлөрүндө жаза мөөнөтү бүтүп, бирок дайынсыз жоголгон кеминде жети адам тууралуу маалымат жок. Жарандык активист Гулгелды Аннаниязовду эске албаганда, калган туткундар кандай шартта экенин алардын үй-бүлөлөрү билишпейт. Ал эми Аннаниязовго 2019-жылдын март айына чейин 11 жыл бою бирөө менен жолугууга уруксат берилген эмес. Анын түрмөдөгү мөөнөтү аяктаса да бийлик аны эркиндикке чыгарбай койгон.
Жаза мөөнөтү аяктаган жети туткундун бешөө 2002-жылдан бери камакта. Алар - экс-президент Сапармурад Ниязовду бийликтен кетирүү аракетине катышкан «ноябристтер» деп айыпталган Аннагелди Акмурадов, Эсен Буриев, Иса Гаратаев, Базар Гурбанов жана Константин Шихмурадов.
Кайрылуу ээлери түркмөн бийлиги түрмөлөрдө дайыны чыкпай жаткан саясий туткундардын жаза мөөнөтү аяктагандарын токтоосуз бошотууга, аларды үй-бүлөлөрү менен жолуктурууга, адвокат жалдоого, медициналык жардам алууга жана эл аралык байкоочулар менен жолугууга милдеттүү экенин эскертишет.
Ошондой эле эл аралык уюм Түркмөнстанда 20 жылдан бери дайынсыз жоголгондор көбөйүп жатканын эскертет.
«Эл аралык уюмдардын кайрылууларына карабастан, түркмөн бийлиги мындай маселе бар экендигин четке кагып келет. Бийлик БУУнун жана ЕККУнун алдында алган милдеттенмелерин аткарбай жатат», деп айтылат кайрылууда.
«Аларды тирүү көрсөткүлө!» деген эл аралык өнөктүктө аты-жөнү аталган адамдардын соту жабык өтүп, мамлекеттик телеканал алардын айрымдары «күнөөсүн мойнуна алганын» жана өзүн өзү каргап жатканын гана коомчулукка көрсөткөн.
2007-жылы президент Бердымухамедов Нью-Йорктогу Колумбия университетиндеги жолугушууда саясий туткундар тууралуу суроого «алар тирүү» деп жооп берген.
Түркмөнстан эгемендик алгандан бери саясий туткундарды өзүлөрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлоо кадимки көрүнүшкө айланган. Бирок Түркмөнстандын Конституциясынын 45-беренесине ылайык, жаран өзүнө жана жакын туугандарына каршы далилдерди жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө мажбурланбайт. Антсе да 30 жылга жакын убакыттан бери түркмөн телеканалдары камераларга өзүн күнөөлөгөн жана каргаган адамдарды үзгүлтүксүз көрсөтүп келет.
Ал эми эл аралык байкоочулар өлкөдө соттордун көз карандылыгы, кылмышка шектүүлөргө карата кысым көрсөтүү, анын ичинде кыйноо сыяктуу көрүнүштөр бар экендигин баса белгилешет. Түркмөнстандагы адвокаттар жана укук коргоочулар өз иштерин тийиштүү түрдө жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратылган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.