Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

«Гонконгдогу окуяларга аралашкан жокпуз»


Гонкондогу кыргызстандык студенттер.
Гонкондогу кыргызстандык студенттер.

Гонконгдогу соңку кагылышууларга байланыштуу жогорку окуу жайлар жабылды. 13-ноябрга караган түнү демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышуулар университеттик шаарчада уланган.

Гонконгдо кыргызстандык ондогон студенттер билим алышат. Алардын арасында Искендер жана Акай аттуу мекендештербиз да бар. Алар Гонконг шаардык университетинин 1-2 курсунун студенттери.

«Азаттык»: - Искендер, Акай, учурда абал кандай? Силердин университетте да окуу токтотулдубу? Гонконгдо болжол менен канча кыргызстандык билим алат?

Искендер: - Биз окуган Гонконг шаардык университетинде сабактар жуманын аягына чейин токтотулду. Анткени демонстранттар полиция келет деп күтүп, жолдордун баарына тосмо коюп тороп салышты. Ал эми Гонконгдогу Кытай университетинде нааразылыкка чыккандар менен полициянын ортосунда катуу кагылышуу болду. Полиция демонстранттарды көздөй жаш чыгарчу газ чачып, желим ок атып жатты. Көп кишилер жарадар болду, көбү камалды. Кытай университетинде сабактар жыл соңуна чейин токтотулду. Гонконг шаардык университетинде 25тей кыргызстандык студент бар, ал эми Кытай университетинде мен билгенден ондон ашуун кыргызстандык билим алат.

«Азаттык»: - Коопсуздук тууралуу айта кетсеңер. Көчөгө чыгуу коркунучтуу эмеспи? Демонстранциялар өтүп жаткан маалда сыртка чыга аласыңарбы?

Искендер: - Биз чет элдик студенттер болгондуктан эч ким тийишпейт, өзүбүздү коопсуз эле сезебиз. Наарызылык акциясынын катышуучулары менен полициянын ортосундагы кагылышууларга башкалар аралашпайт. Кокус көчөдө баратсаң, алар «азыр окуя курчушу мүмкүн, бул аймактан кетип калганга аракет кылгыла» деп эскертишет. Кээде университет өз студенттерин кампустан чыгарып, убактылуу башка жактарга жиберип турат. Азыр эми сабактарды жуманын аягына чейин токтотушту. Жалпысынан айтканда биз үчүн кырдаал кооптуу деле эмес. Маселен, демонстранттар кара кийип, беткап тагынып жүрүшөт. Андыктан сен түстүү кийим кийип жүрсөң, эч кимге тийишпесең сага деле эч ким тийбейт. Демонстрацияларга кыргыз студенттери аралашкан жок.

Акай: - Гонконгдогу демонстрациялар ошол эле Борбор Азия мамлекеттериндеги митингдерден кыйла айырмаланат. Маселен, бизде ушундай чоң акциялар болгондо талап-тоноо, уруп-сабоо катталса бул жакта андай эмес. Алар жайкын тургундардын турак жайына тийбегенге аракет кылышат. Биздин университеттин жанында азык-түлүк сатуучу чоң дүкөн бар. Демонстранттар ал дүкөндүн терезелерин сындырып салышты. Бирок ичинде күзөтчү, эч ким жок болсо да бир да буюмду уурдашкан жок. Митингдер болуп жаткан маалда деле биз демонстранттарды аралап өтө беребиз, анткени алар эч тийишпейт.

«Азаттык»: - Ал жактагы кыргызстандыктар бири-бириңер менен байланышып, кабар алып турасыңарбы? Эми мындан ары эмне болот деп атышат?

Искендер: - Бул жакта кыргыздардын коому бар. Биз бири-бирибизден кабар алып, чогуу болуп, керектүү учурда жардамдашууга аракет кылабыз. Учурда биз университеттин мындан аркы чечимин күтүп жатабыз. Азыр айрым экзамендерибизди жылдырышты. Эми семестрдин аягына чыгыш керекпи же сабактарды толук токтотуш керекпи деген маселе каралып жатат. Анткени мурда айтып өткөндөй кээ бир университеттерде окуу толук токтоду. Азырынча сабактарыбызды окуп, университет жетекчилигинин чечимин күтүп турабыз.

Акай: - Ошондой эле кошумчалай кетчү нерсе, Гонконгдо Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү жок болгондуктан, биз мамлекеттин эч колдоосун сезген жокпуз. Кокустан бир нерсе болуп кетсе, биз жардам сурап кимге кайрылышты да билбейбиз. Маселен, бул жакта Казакстандын консулдугу бар. Алар өз студенттери үчүн тынчсызданып, казакстандыктар окуган окуу жайларын кыдырып, алардан кабар алып жатышат.

«Азаттык»: - Экөөңөрдүн Гонконгдо жашаганыңарга 1-2 жыл болуп калыптыр. Буга чейин жашоо кандай эле?

Искендер: - Гонконг негизи мурда дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардын бири болуп эсептелчү. Тынч, караңгыда көчөлөрдө коркпой эле жүрө берчүбүз. Эч кандай дискриминация болгон эмес. Демонстрацияларды эске албаганда азыр деле ошондой.

"Азаттык": Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук менен чогуу Гонконгодогу кыргызстандык жарандарга жардам берип жатканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы 16-ноябрда кабарлады. Бул күнү Кыргызстандын Гуанчжоудагы башкы консулу Искендер Орусбаев кыргызстандык алты студент менен жолуккан. Маалыматта алар коопсуз жайда, эч кандай арыз-дооматы жок экени айтылат.

Башкы консул кыргызстандык студенттер жайгашкан мейманканаларды кыдырып, алардын абалы менен таанышып чыккан. Учурда Гонконгдогу кырдаалдан улам кыргызстандык студенттерди жашап турган жеринен аэропортко жеткирүү маселеси каралып жатат.

Бир нече күн мурда Гонкондо билим алып жаткан студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Алар аймактагы саясий абалга, соңку кагылышууларга байланыштуу балдарын Кыргызстанга аман-эсен кайтарууга жардам берүүнү суранышкан.

15-ноябрда үч кыргызстандык студент коопсуз жакка чыгарылган.

Жалпысынан Гонконгдогу окуу жайларда билим алып жаткан 42 кыргызстандык студент бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG