Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:53

Гонконгдогу акцияларга жүз күн


Полиция демонстранттар менен кагылышты. Гонконг, 15-сентябрь, 2019-жыл.
Полиция демонстранттар менен кагылышты. Гонконг, 15-сентябрь, 2019-жыл.

16-сентябрда Гонконгдогу демократиячыл кыймылдын башталганына 100 күн болду. Өткөн дем алышта демонстранттар менен полиция кайрадан кагылышты.

Жүз күндөн бери мындан 12 жыл мурун Британиядан Кытайдын карамагына өткөрүлгөн жарым-жартылай автономиялуу аймак кризиске туш болуп келатат.

15-сентябрда он миңдеген киши мыйзамдуу уруксат берилбесе да, кайрадан көчөлөргө чыгышты. Алар өкмөттүк мекемелер, парламент жайгашкан райондо полиция кызматкерлерине, имараттарга күйүүчү май куюлган бөтөлкө, кирпич ыргытып жатышты.

“Рейтер” агенттиги митингчилер бир жерде Кытай Эл Республикасынын түптөлгөнүнүн 70 жылдыгына арналган плакатты өрттөп жиберишкенин, метронун станциясын бүлдүрүшкөнүн кабарлады.

Гонконг, 15-сентябрь, 2019-жыл.
Гонконг, 15-сентябрь, 2019-жыл.

Полиция “санкцияланбаган акция катышуучуларын” таркатуу үчүн суу бүркүп, жаш агызчу газды, атайын техниканы колдонгонун бышыктады.

Кагылышуулар, башаламандыктан улам кээ бир дүкөн, ишканалар жабылууга аргасыз болду.

Анын алдында жүздөгөн киши Британия консулдугунун жанына чогулуп, Кытайдын 1997-жылы өзүнө алган милдеттенмелеринин, Гонконгдо эркиндиктер камсыздалат деген убадаларынын аткарылышына чара көрүүгө Лондонду үндөштү.

"Гонконгдун келечеги жаркын болсун деп каалайм. Кризис жакын арада жөнгө салынат деп үмүттөнөм. Бирок бул үчүн айкындуулук болушу керек. Беш талап тең аткарылбаса, биз көчөлөргө чыга беребиз", - деди Эрик Чан аттуу демонстрант.

Гонконг Кытайдын бир бөлүгү болгону менен “Бир өлкө – эки система” деген макулдашуу кеңири өз алдынчалыкты камсыздайт, сөз эркиндигин, жарандардын эркин чогулуу укугун коргойт.

Бээжин бийлиги Гонконг менен макулдашууларды сактап келатканын ырастап, ошол эле маалда Батышты, анын ичинде Британияны митингге чыгууга шыкактап жатышат деп айыптоодо.

Жекшемби күнкү кагылышууларда жабыркагандар же кармалгандар тууралуу маалыматтар чыга элек.

13-сентябрда “Күз фестивалына” чогулган шаардын айрым жашоочулары Кытайдын улуттук гимнин, патриоттук ырларды аткарып, ата журтуна таазим кылышты.

"Гонконг ушундай кырдаалга туш болгону өкүнүчтүү. Бардыгыбыз жөн отуруп калбай, оюбузду айтышыбыз керек. Гонконгдун өкмөтүн, жерибизди, полицияны колдоого тийишпиз. Зордук-зомбулук токтосун. Биз бардыгыбыз кытайлыкпыз, мен кытайлык болгонума сыймыктанам. Кайда жүрсөм да сыймыктанам. Сүйүктүү ата мекенибиз Кытай мындан да күчтүү, мындан да жакшы болот деп дүйнөгө айткыбыз келет", - деди атын атабаган жергиликтүү жашоочу.

Гонконг, 18-август, 2019-жыл.
Гонконг, 18-август, 2019-жыл.

Гонконгдогу толкундоолор июнда өкмөт кылмышка шектүү адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун сунуш кылгандан кийин башталган. Бул демилгеге каршы чыккандар Кытайда ал адамдардын укуктары кеңири бузулушу мүмкүн деп ырасташууда.

Ошондон бери бийлик адегенде ал долбоорду убактылуу токтотуп, жакында биротоло баш тартканы менен демонстранттар талаптарын кеңейтип, түз шайлоо өткөрүүгө, полициянын ишинде ачык-айкындуулукту камсыздоого, демократиялык реформаларга үндөп келатышат.

Нааразылык акциялары башталгандан бери баш-аягы миңден ашык киши кармалды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG