Грузиянын парламенти элдин катуу каршылыгынан кийин талаштуу “чет элдик агент жөнүндө” мыйзам долбоорун артка чакыртып алды. Документ биринчи окууда кабыл алынгандан кийин Руставели аянтында нааразылыкка чыккандар менен полиция кагылышкан. Күч кызматтары миңдеген кишини таратуу үчүн суу бүркүп, көздөн жаш чыгарчу газ чачты. Тбилисиде ондогон киши кармалганын полиция билдирди.
Грузияда башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы менен "Элдин күчү" коомдук кыймылы талаш-тартыштуу "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзам долбоорун кайтарып алды. Алардын биргелешкен кайрылуусунда документ карама-каршылык жаратканы белгиленген. Ошондой эле "долбоорду жаманатты кылып, элдин кайсы бир бөлүгүн адашууга алып келген, орусиялык мыйзам долбоору деген жалган ат коюлган" деп белгиленген.
"Долбоорду биринчи окууда кабыл алуу коомчулукка европалык багыттан артка кайтуу катары көрсөтүлдү. Биз, коомдун ар бир мүчөсү алдында жоопкерчилиги бар бийлик бул мыйзам долбоорун эч кандай шылтоосуз кайра кайтарып алууну чечтик", - деп жазылган кайрылууда.
Оппозиция менен жарандык коом башкаруучу партия сунуш кылган долбоор өлкөнү авторитаризмге сүйрөйт деп чочулайт. Туура бир жыл мурун Грузия Eвропа Биримдигине мүчөлүккө арыз берген.
Эл эмнеге толкуду?
Тбилисиде "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына каршы нааразылык акциялары 8-мартта да уланган. Демонстранттар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылган. Полиция аларга каршы жаш агызган газ колдонуп, суу менен бүркүп тараткан. Маалыматтарга караганда, кагылыштын айынан жараат алгандар бар.
Тбилисиде аянтка чыккан миңдеген кишинин арасында Европа Биримдигинин желегин булгалап турган кызды полиция бутага алып, суу бүрккөн. Демонстранттар полицияга май толтурулган бөтөлкө, таш ыргытып, шейшембинин кечинде Руставели аянты тоз-тополоңго айланган.
7-мартта грузин парламенти "Чет элдик тыңчылар жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документти 150 депутаттын 76сы колдоду. Мыйзам Грузияда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирет. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул салынат.
Оппозиция менен жарандык коом бийликти "Орусиянын жолоюна түшүп, өлкөнү авторитаризмге сүйрөйт" деп, бул мыйзамга караманча каршы болууда.
Демонстранттардын бири Деметре Шаншиашвили:
"Менин өлкөм Европага таандык, кайрадан Орусиянын бөлүгү болгубуз келбейт. Бул Орусиянын оюну. Путин Украинада абийири ачылгандан кийин бул жерде бир нерсе кылып ийгиси келет",-деп билдирди.
Башкаруучу “Грузин кыялы” партиясы Кавказдагы бул чакан өлкөнүн Европа Биримдигине киришин каалаганы менен өткөн айды талаштуу мыйзам долбоорун колдоп чыккан.
"Биздин өлкөнүн келечеги чет элдик агенттердин жана алардын вазирлеринин колунда болгон эмес жана болбойт", - деп билдирди Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили.
Грузиянын батышчыл президенти Саломе Зурабишвили Нью-Йоркто иш сапарда жүргөн жеринен Тбилисиде чыккан миңдеген демонстрантка тилектештигин билдирди.
“Мен биринчи күндөн тарта айткандай эле бул мыйзамга вето коём! Анын беренелери талкууланып жатканы мени кызыктырбайт",- деди Зурабишвили видео кайрылуусунда.
Президенттин укуктары катуу чектелгендиктен, долбоорго вето койгон күндө дагы грузин парламенти мыйзамды ишке киргизүүгө укуктуу.
АКШ Грузиядагы окуяларга жакындан көз салып турганын, өз мүдөөсүн бийликке жеткирүү үчүн чыккандарга колдоосун билдирди.
"Грузиянын калкына, Грузиянын бийлигине, дүйнөдөгү элдерге жана өкмөттөргө айтаарыбыз - Кошмо Штаттар өздөрүнүн укуктарын тынч жолдор менен коргогондор менен бирге" - деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс.
Бир жыл мурун Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан кийин Тбилиси Eвропа Биримдигине мүчөлүккө арыз берген. Брюссел эгер талаштуу мыйзам кабыл алынса, Грузия менен Еврошаркеттин алакасына олуттуу залакасын тийгизерин эскертти.